Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

"Жанкечти" чуусу коопсуздукту эске салды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда террордук чабуул уюштурууга камданып жаткан эл аралык уюмдун мүчөсү деген шек менен бир киши кармалды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, кармалган адам эл көп чогулган жерден өзүн жардыруу үчүн уюмдун башчыларынын буйругун күтүп жаткан.

Ал ортодо Борбор Азия, Ооганстан жана Евробиримдиктин өкүлдөрү Бишкекке чогулуп, терроризм, экстремизм жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.

"Жанкечти катары даярдыктан өткөн"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, эл аралык уюмдун мүчөсү делген адам 6-июнда колго түшкөн. Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген.

- УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контр-террористтик иш-чаралардын алкагында террордук акция өткөрүүнү көздөп жаткан адам кармалды. Ал эл аралык террористтик уюмдун башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн-өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу затты даярдап жаткан.

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны кыйла азайды.

Сулаймановдун белгилешинче, кармалган адамдын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу түзүмдүн тетиктери, нускамалары, аудио-видео материалдар жана экстремисттик мүнөздөгү китептер, гранаталар, ар кандай калибрдеги ок-дары табылган. Кылмыш иши козголуп, шектүү жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК кармалган адам Кыргызстандын жараны экенин ырастап, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат берген жок.

Ал арада интернеттеги социалдык түйүндөрдө аскерий кийим кийген, кара көз айнек тагынып, бетин чүмкөгөн адамдын өз энесинен кечирим сурап кайрылган видеосу тарады. Автомат кармап тартылган видеодон атышуунун үнүн, ызы-чуу добуштарды угууга болот.

"Апа, мен тирүү калбайм окшойт. Кечирип коюңуз. Мен бул жерге келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүп, аялдарды зордукташат экен".

Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Ал эми Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз жарандын видео кайрылуусун териштире баштаганын билдирди. Айрым интернет колдонуучулар ал адамды "мыкты ойногон артист экен" деп да мүнөздөп жатышат.

Жакырчылык террорчулукка түртөт

Ал ортодо Борбор Азия өлкөлөрү жана Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басарлары Бишкекке чогулуп, терроризм, экстремизм жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Саясат жана коопсуздук боюнча диалогдун 4-жыйынына Евробиримдиктин баш катчысынын орун басары Жан-Кристофер Белльяр баштаган делегация дагы катышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө маани берилгенин билдирди.

- Диалогдун жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө маани берилди. Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандын натыйжалуу кызматташтыгынын мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Ошондой эле чек араны башкаруу, аймактагы маңзатка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди карадык. Биздин коопсуздук багытында кызматташтыкты бекемдөө тууралуу ойлорубуз бир болуп чыкты.

"Ислам мамлекети" тобунун террорчулары
"Ислам мамлекети" тобунун террорчулары

Жан-Кристофер Белльяр буга чейин аймактагы айрым өлкөлөр ортосунда пикир келишпестиктер болгонуна карабай коопсуздук жаатында өз ара мамиле, кызматташуу жагынан жылыштар бар экенин билдирди. Ошондой эле ал Борбор Азиядагы негизги коркунучтарды атады:

- Негизги коркунучтар - бул жакырчылык. Бул жагынан алганда өнүгүүнүн темпин жогорулатуу керек. Дагы бир коркунуч - бул радикалдашуу. Бул деле аймакты өнүктүрүү маселесине байланыштуу. Ошондой эле ар кандай чакырыктарды көзөмөлдөө. Бул коркунуч Сирия жана Иракка кеткендер жана ал жактан кайтып келгиси келгендер тараптан келиши мүмкүн. Анан албетте аймакка жакын турган Ооганстан. Биз бул жагдайларды бүт талкууга алдык.

УКМКнын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө жетет. Күч түзүмдөрү соңку учурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөргө барган кыргызстандыктардын саны кыскарганын белгилеген болчу.

УКМКнын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов алдын алуу иштери үчүн коомчулук менен иштөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи:

- Террористтик, экстремисттик уюмдарга кирип жаткандар кимдер? Биздин эле коомчулуктун арасында, өзгөчө жаштар. Алардын көбү жаштар, билимсиздер, жумушсуздар. Алардын бардыгын экстремисттик уюмдар азгырып жатат. Мамлекеттик деңгээлде агартуу иштери жетишсиз. Ошондой эле атайын кызматтар менен укук коргоо органдарын материалдык-техникалык базасын чыңдап, кесипкөй адамдарды ишке тартуу зарыл.

Быйыл майда Бишкекте өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук жана атайын кызматтарынын башчыларынын жыйынында мыйзамсыз миграциянын транзиттик каналдарына тиешеси бар адамдар, Сирия жана Ирак мамлекеттериндеги согушка катышуу үчүн кетип жана кайра кайтып жаткан жарандардын маршруту тууралуу маалымат алмашуунун сапатын жакшыртуу маселелери да талкууланган.

Сириядан балдарын күткөн ата-эне
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG