Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Сирия: тынчтыктын карааны көрүнбөйт


Сириялык качкын кыз
Сириялык качкын кыз

АКШ биринчи ирет Сирия өкмөтү колдогон ирандык кошуунга сокку урду. Буга аталган кошуундун эскертүүлөрдү укпай америкалык база жайгашкан аймакка кирип барганы себеп болгон. Ал арада "Ислам мамлекети" террордук тобу да быйылкы жылдагы эң кандуу деп мүнөздөлгөн чабуулун жасады.

Пентагон билдиргендей, 18-майда америкалык учак Сириянын өкмөтү жана Иран колдогон кошуундарга абадан сокку урду. Окуя Сириянын түштүгүндөгү Иордания менен чектеш аймакта болгон. Ал жактагы Ал-Танф шаарындагы базада АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкөн өнөктөштөрүн бир нече айдан бери машыктырууда.

Базага жакындап калган кошуундарды токтотууга Орусия да аракет кылып, асманга ок аткан. Бирок майнап чыккан эмес. Америкалык тараптын эскертүүсүн да укпаганын белгилөөдө.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму бомбалоодон "сириялык эмес" сегиз согушкер өлгөнүн, төрт автоунаа талкаланганын кабарлады.

АКШ баштаган коалиция 2014-жылдан бери Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы сокку уруп келет. Ушул максатта Сирия оппозициясын колдоого алган. Бирок буга чейин ошол оппозицияга каршы согушкан, Сирия өкмөтү же Иран колдогон күчтөр менен каршылашуудан оолак болуп келген эле.

Ушундан улам Кошмо Штаттары мындан ары Сирия согушундагы ролун арттырабы деген суроо да коюлду.

Жеймс Мэттис
Жеймс Мэттис

АКШнын коргоо министри Жэймс Мэттис ага “биз Сириянын жарандык согушундагы ролубузду күчөткөн жокпуз, бирок өз аскерлерибизди коргойбуз” деп жооп узатты.

Ошол эле 18-майда Сириянын Хама провинциясындагы өкмөт көзөмөлдөгөн эки айылга "Ислам мамлекети" террордук тобу чабуул коюп, элүүдөн ашуун адамды өлтүргөнү, айрымдарынын башын алганы маалым болду. Өлгөндөрдүн жыйырмадан ашууну аялдар менен балдар делет. Сирия обсерваториясы бул террордук топтун быйылкы эң кандуу калабасы экенин айтууда.

Ушул эле күнү Женевада БУУнун камкордугу астындагы Сирия сүйлөшүүлөрү да өттү. Улуттар Уюму эки жыл мурда кабыл алган резолюцияга ылайык, Женева сүйлөшүүлөрү төрт маселени камтыйт. Ал Сирияда өткөөл өкмөттү түзүү, жаңы конституцияны жазуу, шайлоо өткөрүү жана терроризм менен бирге күрөшүү.

Жолугушуу алдында БУУнун Сирия боюнча атайын чабарман Стаффан де Мистура ушул маселелердин жок дегенде бирөө боюнча иш жүзүндө жылышка жетүүгө үмүттөнүп турганын айткан эле. Жолугушуудан кийин Сириянын тышкы иштер министри Башар ал-Жафри:

- Биздин делегация менен атайын чабарман түзгөн макулдашууга ылайык, конституциялык маселелер боюнча биздин делегация менен мырза Мистуранын командасынын эксперттеринин бейрасмий жолугушуусу болот. Анда 12 пункттан турган эрежелер, анын ичинде Конституцияга негиз болчу пункттарды камтыган документтерди талкуулашат.

Бирок Сирия оппозициясынын сүйлөшүүлөргө ичи чыккан жок. Оппозиция өкүлү Яхья ал-Ариди өкмөт өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүүсү болгон, тагыраагы Асаддын кетишин шарттаган саясий алмашуу деген максаттан алаксытууда деп сындады.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы башталган. Ошондон бери кандуу калабадан 300 миң ашуун өмүр кыйылып, миллиондогон эл үй- жайынан тентип, качкынга айланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG