Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

ИМге каршы коалиция Вашингтонго жыйналды


Вашингтондогу жыйындын катышуучулары. 22-март, 2017-жыл
Вашингтондогу жыйындын катышуучулары. 22-март, 2017-жыл

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалиция Сириянын аймагына жергиликтүү өнөктөш күчтөрдүн тобун абадан биринчи ирет таштады. Бул окуя Вашингтондо коалицияга кирген жетимиштей мамлекет Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулап жаткан учурга туш келди.

Пентагон билдиргендей, сириялык араб кошуундарынын согушкерлери абадан Ракка шаарынын сыртындагы Табка шаарчасынын жанына ташталды. АКШ баштаган коалиция Сириянын аймагында мындай операцияны биринчи ирет жүргүздү.

Ракка - “Ислам мамлекети” террордук тобу Сирияда өзүнүн борбору катары жарыялаган шаар. Ал эми анын жанындагы Табка шаарчасынын айланасы, америкалык аскерий өкүлдөрдүн эсебинде, “Ислам мамлекети” тобунун Батышка каршы террордук чабуулдары үчүн көзөмөл жана командалык таянычы, ошондой эле топтун чет элдик согушкерлер үчүн машыгуу лагерлери жайгашкан жер.

Ал аймакка азыр абадан аскер таштоодогу дагы бир максат - “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылы басып алган Табка дамбасын ээлөө. Ал дамбанын ыктымал бузулушу аймакты ири суу ташкынга кириптер кылат.

Пентагондун өкүлү, полковник Жозеф Скрокканын айтымында, мына ошол аймакка аскер таштоо операциясы АКШнын атайын күчтөрүнүн катышуусунда “Апачи” тик учактары менен жүргүзүлүп, аба соккулар менен да коштолду.

Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери. Ракка провинциясы, 8-февраль, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери. Ракка провинциясы, 8-февраль, 2017-жыл.

Ал эми аймакка абадан түшүрүлгөн күчтөрдүн 75-80% сириялык араб коалициянын мүчөлөрү, калгандары сириялык күрттөр.

АКШ Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө араб жана күрт кошуундарынын “Сирия демократиялык күчтөрү” деп аталган альянсын колдоп келүүдө.

Сириядагы жаңы жүрүш 68 мамлекет кирген коалициянын өкүлдөрү Вашингтондо “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулоо үчүн чогулган учурга туш келди:

- Биздин коалиция “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү, анын глобалдык дымагын токтотуп, идеологиясын дисскредитациялоо ишин колдойт. Биз бул күрөштө дагы чыңдалууга жана агрессивдүү болууга даярбыз. Ирак менен Сирияданы биздин өнөктөштөр “Ислам мамлекети” тобунан 50 миң чарчы чакырым аймакты бошотту, шаар-кыштактардан эки жарым миллиондой адамды эркиндикке чыгарды. Эң маанилүүсү ошол бошотулган аймактардын биринде да “Ислам мамлекети“ тобу кайра жандана алган жок. Биздин максат “Ислам мамлекети” тобун деградация эле кылуу эмес, аны биротоло жеңүү. Жакынкы Чыгышта бир топ чукул көйгөйлөр бар экенин моюнга алабыз, бирок Кошмо Штаттар үчүн “Ислам мамлекети“ тобун жеңүү - аймактагы башкы максат, - деди мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон.

Ал ошондой эле “Ислам мамлекети” тобунун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдадинин жок кылынышы убакыттан гана маселеси экенин белгилеп, АКШ аймакта качкындар үчүн “убактылуу коопсуздук зоналарын” түзүү үстүндө иштей турганын да кошумчалады.

“Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, Вашинтондогу азыркы администрациянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү стратегиясы толукталып, иштелип жатат жана мурдагыдан кескин айрымалана турганынын белгилери байкала элек, бирок алдыда аскерий кийлигишүү күчөшү мүмкүн.

Буга чейин Кошмо Штаттар ИМ тобуна каршы күрөшүүдө Иракта армияны, Сирияда жергиликтүү өнөктөш күчтөрдү абадан колдоого, машыктырууга, муну менен бирге жихадчыларды каржы булактарынан ажыратуу, катарына жаңы согушкелерди тартууга жол бербөө боюнча көп тараптуу аракеттерге басып жасап келди.

Учурда Иракта “Ислам мамлекети” тобунан Мосул шаарынын Батыш бөлүгүн бошотуу операциясы жүрүп жатат. Бул өлкөдөн Вашингтондогу жыйынга премьер-министр Хайдар ал-Абади өзү барды. АКШ бийликтери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөргөн премьер Абадинин айтымында:

- Биз Мосулда тынчтык орноткубуз келет. Муну сиз кантип жасайсыз? Эгер тынчтыкты туруктуу орноткуңуз келсе, элдин ишенимине кирүү абзел, калкты каршы коюп алуудан сак болуу зарыл. Демек биздин стратегиябыз адамдардын ишенимине ээ болуу, ошондо алар сиз менен кызматташып, өз аймактарын калыбына келтирүүгө киришет. Албетте биз азыр элдин гуманитардык муктаждыктары үчүн кам көрүүгө аракеттенип жатабыз. Мында жергиликтүү бийликтерге, борбордук өкмөткө, эл аралык коомчулукка таянып жатабыз. Гуманитардык иштерге Улуттар уюму да аралашууда, көп өлкөлөр кол кабыш кылды, бирок каражат али чектелүү болуп жатат. Биз жардам көбөйтүлсө кубанат элек.

Мосулду бошотууу операциясы өз кезегинде миңдеген качкындардын толкунун жараткан. Акыркы маалыматтар боюнча ал жерде азыр шаардын байкыркы бөлүгүн алуу аракеттери көрүлүп жатат.

Мосулдан качкандар, 7-март, 2017-жыл.
Мосулдан качкандар, 7-март, 2017-жыл.

БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгынын эсебинде, Мосулдун ИМ тобунун колунда турган байыркы бөлүгүндө 400 миңдей ирактык камалып калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG