Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:17

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттеринин бейформал жолугушуусу өттү.

Уюмга мүчө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия региондогу коопсуздукту камсыз кылуу, кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. ЖККУнун Борбор Азиядагы диний радикализм менен күрөшүү маселесиндеги ролу тууралуу казакстандык саясат таануучу Толганай Үмбеталиева ой бөлүштү.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

"Азаттык": Аймактык коопсуздук боюнча адистер Борбор Азия диний экстремизм менен терроризмдин "логистикалык борборуна" айланууда деп коңгуроо кагууда. Жакында эле Санкт-Петербургда жана Стокгольмдо болгон теракттарды ушул чөлкөмдөн чыккандар жасаганы белгилүү болду. Жогорудагыдай эксперттердин кооптонуусу канчалык негиздүү?

Үмбеталиева: Бул эксперттердин пикирине көп кошула албайм. Менин оюмча Борбор Азияны терроризмдин логистикалык борборуна айланып бара жатат деп так кесе айтууга болбойт. Биздин аймак экстремизмдин идеясын жайылтууда борбор болгон жок. Бирок, Борбор Азия ислам динин тутунган аймак, мындан улам диний экстремизм коркунучу бар. Андыктан бул регионго жакшы көңүл бурулушу керек. Биздеги диний окуу жайлар, институттар экстремизм идеясына каршы тура албай жатат.

"Азаттык": Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги саммитинде региондук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты арттыруу маселелеси талкууланды. Азыркы регионалдык, дегеле глобалдык коопсуздукту камсыздоодо бул уюмдун салмагы канчалык?

Үмбеталиева: Жалпы глобалдык деңгээлден алып карасак, бул уюмдун саясий салмагы, абалы өтө төмөн. Маселен, НАТО менен салыштырып болбойт. ЖККУга мүчө өлкөлөр ортосунда дагы карама-каршылыктар чыгып турат. Бул маселелер тез чечиле койбойт. Андыктан бул уюм өзүнүн деңгээлин көтөрө алган жок деп айтаар элем. Түзүлгөндөн берки өз максаттарына жеткен жок. Айрым мезгилде биз бул уюм жөнүндө унутуп койгон учурлар дагы болгон. Мен түзүлгөндөн берки тарыхын айтып жатам.

Биздин аймак экстремизмдин идеясын жайылтууда борбор болгон жок. Бирок, Борбор Азия ислам динин тутунган аймак, мындан улам диний экстремизм коркунучу бар. Андыктан бул регионго жакшы көңүл бурулушу керек.

"Азаттык": Быйыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлганына 25 жыл толду. Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюм болуп түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Уюмдагы мүчө өлкөлөр аны демилгелеп түзгөн Москванын жетегинде жүрөт деген сын канчалык туура?

Үмбеталиева: Азыр Орусия менен Батыштын алакасын эске алганда бул уюм Москвага көбүрөөк керек болуп турат. Андыктан жогорудагыдай сындарды туура десек болот. Башкача айтканда, бул уюмда Орусиянын кызыкчылыктары көп. Ал эми башка мүчөлөрү батыш менен дагы мамилесин бузгусу келбейт. Жалпы коргонууга керектир, бирок, кызыкчылыктары төмөн эле. Уюмдагы активдүүлүгүнөн Орусиянын кызыкчылыгы бар экенин байкоого болот. Ошол үчүн Орусия уюмда негизги оюнчу болуп атат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG