Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Казакстанда суу ташкындын айынан беш миң үй электр жарыксыз калууда


Cуу алдында калган Түндүк Казакстан облусундагы айылдардын бири. Апрель, 2024-жыл.
Cуу алдында калган Түндүк Казакстан облусундагы айылдардын бири. Апрель, 2024-жыл.

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев 10-майда өкмөттүн жыйынында суу ташкындан кийин электр жарыгын калыбына келтирүү иштери тууралуу отчет берди.

Анын сөзүнө караганда учурда 5 миңдей үй дагы эле электр жарыксыз калууда.

Түндүк Казакстан облусунда калыбына келтирүү иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, эвакуациялангандардын 54 миңден көбү үйүнө кайтты. Дагы беш миңдей киши убактылуу баш калкалоо жайларында калууда. Жаратылыш кырсыгынан улам жалпы жүз миңдей киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Март айынын соңунан баштап каптаган суу миңдеген турак-жайды алып кетти, мал-жандыктар өлдү.

Казак бийлиги суу ташкын кеминде жети кишинин өмүрүн алып, эки адамдын дайыны жок болуп жатканын кабарлаган.

Суу ташкынга дуушар болгон аймактардын тургундары бул үчүн бийликти күнөөлөп, убагында чара көрбөй койгонун айтышууда. Алардын айрымдары сын пикирлери үчүн камалып да чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG