Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акцияга студенттер кошулду


Арменияда нааразылык акциясына чыккандар. 10-май, 2024-жыл.
Арменияда нааразылык акциясына чыккандар. 10-май, 2024-жыл.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акцияга 10-майда студенттер да кошулду. Жүрүштү Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян жетектөөдө.

Демонстранттар Пашиняндын өкмөтү Азербайжан менен чек ара келишимине каршылыгын билдирип жатышат. Тактап айтканда, армян-азери чек ара тилкесиндеги советтик мезгилде Азербайжандын бөлүгү болгон, кийин 1990-жылдардан бери Армения көзөмөлдөп келген талаштуу төрт айылды азери тарапка өткөрүп берүү келишимине нааразы пикирлер айтылууда.

Нааразылык акциясы 9-майда Армениянын борбор калаасы Еревандын Республика аянтында башталып, ага миңдеген киши чогулганы кабарланды.

Талдоочулар бул акция Пашинян Орусия жетектеген ЖККУ уюмунан чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.

Пашинян бул акцияга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан, ал эми армян оппозициясы өкмөт башчыны аталган айылдар үчүн эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алган.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG