Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Орусиядан жүз бурган Арменияда митингдер башталды


Еревандын Республика аянтындагы нааразылык. 2024-жылдын 9-майы.
Еревандын Республика аянтындагы нааразылык. 2024-жылдын 9-майы.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акция өтүүдө. Уюштуруучулар анын Азербайжан менен чек ара боюнча келишимине каршы экенин айтууда. Бирок талдоочулар бул акция Пашинян Орусия жетектеген ЖККУ уюмунан чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.

9-майда Армениянын борбор калаасы Еревандын Республика аянтында нааразылык акциясы башталды. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, ага миңдеген кишилер чогулду.

Акцияны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян жетектөөдө. Ал Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, элди бийликке баш ийбөөгө чакырды:

"Бардык университеттерге, окуу жайларга, айрыкча ишкана-мекемелерге айтарым, баш ийбестик көрсөткүлө, максатыбызга жеткенче жок дегенде бир нече күн ошенткиле".

Митинг 10-майда да уланары айтылды. Анда армян-азери чек ара тилкесиндеги советтик мезгилде Азербайжандын бөлүгү болгон, кийин 1990-жылдардан бери Армения көзөмөлдөп келген талаштуу төрт айылды азери тарапка өткөрүп берүү келишимине каршылык айтылууда.

Акцияга чыккандардын бири 77 жаштагы Эдик Никогосян журналисттердин суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

"Менин бул жакка келгенимдин себеби, балдарыма өлкөбүздү азыркыдай турушунда калтырууну каалайм. Жерибизди ар кимге таратууну токтотушубуз керек".

Пашинян бул акцияга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан, ал эми армян оппозициясы өкмөт башчыны аталган айылдар үчүн эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар 52 жаштагы архиепископ Галстанянды "орусиялык тыңчы" деп атап, аны Азербайжан менен "мамиленин кайрадан козутууда" деп айыпташкан.

Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.

Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту, бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

Талдоочулар азыркы акция Пашинян Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) колдоо көрбөгөндүктөн андан чыгып жатканын айткандан кийин уюштурулуп жатканына көңүл бурууда.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.

Москвада 8-майда Пашинян менен өткөн жолугушууда орус президенти Владимир Путин Орусия жана Армения ортосундагы эки тараптуу мамилени жана экономикалык алаканы жогору баалады, ал эми Песков "Москва Ереван менен мындан аркы кызматташтык келечегин жалпысынан оң баалай турганын" билдирди.

Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

Армениянын Орусиядагы мурдагы элчиси Степан Григорян "Настоящее время" телеканалына курган маегинде союздашы деп Орусияны, таянычы деп ЖККУну көрүп келген Армения эми башка жолго түшүп жатканын айтты:

"Армения Орусиядан жүзүн буруп жатканы анык болуп калды. Армениянын Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун өнүгүүсүнө каражат кошпой турганы тууралуу билдирүү жасады. Бул да Армения Орусиядан башка жакты карай бурулуп жатканынын белгиси. Орусиянын реакциясы кандай болот? Украинадагы согуштан кийин ал өтө оор санкцияларга кабылды. Арменияга чамасы жок. Арменияга каршы согушмак беле? Анте албайт го. Армения азыр союздашы жок калды. Вакуум абалда турат. Бирок Франция, АКШ, Индия сыяктуу өлкөлөр өзүлөрү кол сунуп, кызматташып, аскердик-техникалык жактан да алака түзүүдө".

Орусиянын Армениянын бир катар аймактарында жайгашкан аскерлери жана чек арачылары чыгарылмай болгону тууралуу маалыматты 9-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады. Бул тууралуу келишим 8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда жетишилгенин армян тарап маалымдаган.

Песковдун айтымында, "армян тараптын өтүнүчү боюнча" орусиялык чек арачылар “армян-түрк жана армян-иран чек ара тилкесинде калат". Советтик, андан кийин орусиялык чек арачылар ал жакта СССР урагандан кийин да кала беришкен.

2020-жылы Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабак боюнча жаңжалы курчуганда азери аскерлери басып киргенин айткан армян өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча орусиялык чек арачылар жана аскерлер Армениянын бир катар түштүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылган. Эми расмий Ереван аларды чыгарып кетүүнү өтүндү.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

2022-жылы күзүндө Тоолуу Карабакта абал курчуп турганда Ереван Москвадан жана ЖККУ боюнча башка да өнөктөштөрдөн жардам сураган, бирок эч кимисинен колдоо тапкан эмес. Ошол окуялардан кийин Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG