Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Акылбек Жапаров бала бакчаларды кабат үйлөрдүн алдына ачууну сунуштады


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бала бакчаларды жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну тапшырды. Жапаров Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаевге менчигинен көз карандысыз түрдө мындай бала бакчаларды уюштуруу шартын карап чыгууну милдеттендирди.

Жапаров бул тууралуу 10-майда Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны учурунда айтып, тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында 20 маселе каралды, алардын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин мамлекет тарабынан каржылоо маселеси бар. Мындан тышкары отурумда быйылкы жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы каралды. Инвесторлор менен жергиликтүү жана мамлекеттик бийликтин пикир келишпестиктерин чечүүгө көмөктөшүү боюнча токтомдун долбоору каралып, бир добуштан жактырылды.

Кыргызстанда бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу максатында Министрлер кабинети мектепке чейинки билим берүү мекемелери - кыска мөөнөттүү бала бакчалар уюштурулуп жатканын кабарлаган. Министрлер кабинетинин бала бакчада тамак-ашты мамлекет эмес, ата-энелер төлөйт деген мыйзамы коомчулукта катуу сынга кабылып, Жогорку Кеңеш мыйзамды өзгөрткөн.

Министрлер кабинетинин былтыр жыл соңундагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Акылбек Жапаров былтыр 15-декабрда Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайга 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG