Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Орус армиясы Харьковду аткылады, жабыркагандар бар


Орус армиясынын соккунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Харьков, 10-май, 2024-жыл.
Орус армиясынын соккунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Харьков, 10-май, 2024-жыл.

Орусиянын армиясы 10-майга карагана түнү Украинанын Харьков облусуна ракеталык сокку урду. Аймак башчысы Олег Синегубов кабарлагандай, соккудан 11 жаштагы кыз жана 72 жаштагы аял жабыркады.

Ал эми Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, үч менчик үйдө өрт тутанып, эки турак жай толугу менен талкаланды. Жалпысынан 26 там жабыркап, сексенден көп конуш электр жарыксыз калганы кабарланды.

Мэрдин айтымында, сокку С-300 ракетасы менен жасалган. Облус прокуратурасы ал Белгород облусунан учурулганын билдирди.

Жалпысынан 10-майга караган түнү орус күчтөрү Украинанын аймагына он жанкечти дрон жана эки С-300/С-400 ракеталары менен чабуул койгонун украин армиясы билдирди. Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттын баары абадан атып түшүрүлгөн.

Игорь Терехов апрель айынын башында орус армиясынын тынымсыз соккуларынан мамлекеттик жана жеке энергетикалык инфратүзүмдөрдүн дээрлик баардыгы кыйраганын билдирген.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык жайларга сокку урганын төгүндөп, бир гана аскердик обьектилерди бутага аларын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG