Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Расмий маалыматтарга ылайык, Сириядагы жоочулардын катарында жүздөгөн кыргызстандыктар согушуп жүрөт.

Айрымдары кайтыш болгону расмий кабарланган. Уруш жүрүп жаткан чөлкөмгө жөнөп кеткендердин жакындары болсо, алардын аман-эсен кайтып келишин тилеп отурушат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кайра келгендерди камак жазасы күтөт.

Энелердин арманы

Сириядагы согушка диний түшүнүктөн улам кетип калгандардын Кыргызстанда калган туугандары кантип жашап жатышат?

Ош облусунун тургуну, өз атын жана жүзүн көргөзгүсү келбеген аял ансыз да айылдагылардын жектөөсүнө кабылганын айтып отурду. Себеби бул аялдын жалгыз уулу да чет жактагы радикал топтун катарына кошулгандардын арасында деп айтылып жүрөт:

- Мен уулумдун денесин көрмөйүнчө, аны тирүү деп ойлойм. Келсе аны мамлекет кечирээр бекен? Ал коркуп эле келбей жатат да. Акчасы көп бала эле. Ал акча үчүн кеткен жок. Адамдардын тилине кирип кетиши мүмкүн.

Азыр үйдүн болгон түйшүгү бул улгайган аялдын мойнуна түшкөн.​

Мунира (аты-жөнү өзгөртүлдү) да чет жактагы радикал топторго кошулду деп айтылган жалгыз уулу Журашты күтүп жүрөт:

- Эң жакшы көргөн уулум эле. Мындай кылаарын күткөн эмеспиз. Биздин жүзүбүздү жер каратып кетти. Элдин алдында тилибизди кыска кылды.

Жураштын колуктусу менен кызын таштап Сирияга жөнөгөнүнө быйыл үч жыл болот. Кийин келинчеги да төркүнүнө кетип калган.

Мунира уулу тирүү экенине ишенет. Ал баласы Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет жактагы согуш же башка чыр-чатактарга катышкан жарандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыктан, коркуп келбей жүрөт деген ойдо:

- Эгер мени көрүп жаткан болсо, келсе жакшы болот эле, сагындым. Ар күнү ойлойм. Кечкисин эч кимге көрсөтпөй ыйлап да алам.

Ош шаарынын тургуну Улугбек Убайдуллаев жакында эле түрмөдөн бошогон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча абакта отуруп чыккан. Күч органдары Улугбекти өз инисин, баласын жана биринчи аялын Сирияга жөнөткөнү аныкталганын маалымдаган. Бирок Улугбек Убайдуллаев Сирияга уулу өзү жөнөгөнүн, кийинчерээк апасын чакырып алганын, ал жакка бомбалоолордон жабыркагандарга жардам берүү үчүн кеткенин айтып отурду:

- Биринчи аялым жана улуу балам Сирияда биринчи бомбалоо башталганда кеткен. Алар согушуу максатында эмес, ошол жакта жабыркагандарга жардам берүү үчүн кетишкен. Мен эми ал жактагы болуп жаткан иштерди туура деп эсептесем, бул жерде минтип жер казып отурмак эмесмин. Мен ал жакка бара элекмин. Мен бул жакта иштейм. Устамын. Баары менин бул жакта ишим бар экенин жакшы билишет. Мен 2015-жылы күч органдары кармаганга чейин уулум менен сүйлөшүп турганмын. Кийин мага алар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган. Эл уулуң өлгөн, телевизордон көргөнбүз деп да айтат. Бирок мен аныгын билбейм. Телевизор да көрбөйм.

Сириянын Алеппо шаары.
Сириянын Алеппо шаары.

Улугбек Убайдуллаев өзү болсо азыр экинчи аялы менен жашап жатыптыр. Ага Сириядагы уулу жана аялы менен сүйлөшүүгө тыюу салынган:

- Биз бир нерсени өз көзүбүз менен көрмөйүнчө, туура же туура эмес деп айтууга акыбыз жок.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Дилшадбектин баласы да дайынсыз. Ал өз баласынын мүнөзү алаңгазар болгонун айтып, исламдын чыныгы маанисин түшүнбөй, туура эмес жолго түшкөнбү деп ойлойт. Көзү жакшы көрбөгөн баласы менен ал башында телефон аркылуу сүйлөшүп да турган экен.

- Бир жылдан бери кабары жок. Көп деле сүйлөшпөйт элем. Ден соолукту сурашып тим болчубуз. Анын саламаттыгы да жайында эмес эле. Экинчи топтогу майып. Көзү жакшы көрбөйт.

Күч органдары соңку жылдары диний радикализмге оогон жаштарга көзөмөл күчөтүлгөнүн белгилейт. ИИМдин Ош облустук башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду:

- Эгемендүүлүк алган жылдардан баштап, дин эркиндиги берилип, мамлекет динге аралашпайт деген принцип менен жашап, жаштарыбызды биз туура эмес агымдарга киргизип алдык. Ошол кездеги жаш балдар эр жетти. Отуз пайызы бүгүнкү күнү ошолордун катарында. Биз жаштарыбызды 10-15 жыл көзөмөлдөн чыгарып жибердик.

Расмий маалымат боюнча Сириянын аймагында согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны беш жүздөн ашуун деп айтылат.

Сириядагы кырдаал

Сириядагы адам укугун иликтөөчү борбордун быйыл марттагы баяндамасына караганда, 2011-жылдан берки согушта бул өлкөдө 321 миң киши набыт болгон. Алардын 96 миңи карапайым тургундар, 17 миңден ашууну балдар. ​

Сирия.
Сирия.

Сириялык укук коргоочулардын эсебинде алты жылдык согушта кеминде 60 миң киши кыйноолордон жана түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абалдан улам курман болгон. Дагы бир нече миң киши жихадчылардын жана козголоңчулардын түрмөлөрүндө каза тапкан.

Сирияда согушка чейин 23 млн киши болсо, жарымы башка өлкөлөргө баш калкалоого аргасыз болушкан. Сириянын өзүндө эле 6,5 млн киши согуштан качып жер которгон.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, учурда 4,7 млн сириялык кыйраган шаарларда, оор шарттарда жашап жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG