Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Согушка аттанган уулун жолдон кайтарган ата


Амридин Ватанов жана уулу Фуркат Ватанов
Амридин Ватанов жана уулу Фуркат Ватанов

Тажикстандын тургуну уулун Сирияга бараткан жолдон кайтарып келип, укук коргоо органдарына тапшырып берди. Эки айлык тергөөдөн кийин жихад жолунан кайткан жигит эркиндикке чыкты.

"Мааниси жок согушта өлгөндөн көрө түрмө жакшы" деген Амридин Ватанов "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулууга аттанган 23 жаштагы Фуркат Ватановдун атасы. Ал ушул жылдын жазында уулу Орусияга иштегени барып, андан ары Сирияга өтүүнү көздөп Түркияга жеткенде орто жолдон токтотуп калды.

Амридин Ватанов март айынын аягында уулу Сирияга жөнөп жатат деген кабарды уккан. Баласын артка кайтаруу үчүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Фуркат өзү тандап алган жолу эң туура деп ишенип алган эле. Амридин Ватанов май айынын башында уулу Орусиядан Түркияга чыгып кеткенин, жакынкы күндөрү Түркия-Сирия чек арасынан өтүүнү көздөп жатканын угуп, шашылыш Түркияга учат.

Ошол убактарда Түркиядан Сирияга өтүүчү негизги жол Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп, Фуркаттын кыялы орундалбай калат. Бул арада бир ай бою экстремисттердин идеологиялык тасмаларын көрөт. Ансайын Сирияга өтүп, согушкерлерге кошулуу кыялы күч алат. Ошондой учурда Амридин Ватанов уулу Сирияга өтүп кете электе аны Түркиядан кайтарып келди.

Сирияда жүргөн тажиктер
Сирияда жүргөн тажиктер

Фуркат Ватанов тергөө абагында эки ай жатты. Бир нече күн мурун Фуркат эркиндикке чыкты. Аны тажик мыйзамына былтыр киргизилген жаңы өзгөртүү сактап калды. Жаңы мыйзамда чет өлкөдөгү согуштук жаңжалдарга катышып келгендер жаңылганын мойнуна алса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулары кепилденген.

Эми Амридин Ватанов уулунун максаты өзгөргөнүн айтып, сүйүнүп отурган чагы.

- Балам мурда кылгандарына азыр өкүнөт. Азыр ал бизге да жакшы мамиле жасап калды. Мурдагы радикализмге ыктап кеткен Фуркаттан из да калган жок. Эми үй-бүлө күтүп, жашоонун жыргалын көрсүн деп, ага келинчек издеп жатабыз.

Фуркат Ватанов "Ислам мамлекети" радикал тобунун идеяларына интернеттеги социалдык тармактар аркылуу азгырылганын айтат.

- Бош күндөрү интернетке көп кирчүмүн. Интернеттеги аялдар менен балдардын ыйлаган тасмаларына бат эле берилип кеттим. Бир жолу көз жашын көлдөткөн аял тартылган видеону көрүп калдым. Видеодогу аял "Сирия жана Ирактагы бардык мусулмандарды жакында кырып түгөтүшөт. Башка өлкөлөрдөгү мусулмандар тынч карап отурасыңар" деп ыйлап жаткан. Андан ары жалаң ушуга окшогон чакырыктар 24 саат бою көрсөтүлгөн каналды таап алдым. Алардын дарегин таап байланыштым. Алар мени жардамга чакырышты. Ошентип Түркия аркылуу Сирияга жөнөдүм.

Сирияга барды деп соттолгон тажик студенттери
Сирияга барды деп соттолгон тажик студенттери

Фуркат Түркияга барып, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун өкүлдөрү менен жүзмө-жүз көрүшкөндөн кийин пикири өзгөргөнүн айтат. Алар Фуркаттын телефон сүйлөшүүлөрүн көзөмөлдөп, артка кайтсаң 20 жылга абакка кесилесиң деп коркутушканын, артка жол жок деп ишендиришкенин билдирди.

- Ошондуктан мен Сирияга барам, артка жол жок деп өзүмө өзүм сөз берип жаттым. Атам мени түрк полициясына карматып берди. Алар мени Тажикстанга кайтарышты. Жолдо келатып "эми түрмөдө чирийм" деп ойлоп жаткам. Азыр болсо өлкөмдү мурункудан да катуу сүйүп турам. Мамлекет мени кечирди. Тергөө абагындагы эки ай мен үчүн чыныгы мектеп болду. Мен кетирген каталар башкаларга сабак болуш керек. Бейиш бар, бирок ал ата-эненин таманы астында. Азыр Сирияда болуп жаткан окуялар ислам ишенимине эч тиешеси жок экенине көзүм жетти.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматка караганда учурда Сирияда миңден ашык тажикстандык жүрөт. Жүзгө жакын тажик Сириядан жана жарым жолдон кайтып келишкен. Алардын элүүдөйү адашканын мойнуна алышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, азыр Сирияда 600 чамалуу кыргызстандык бар. Кыргызстанда болсо Сирияга барып келгендерге карата жазаны күчөтүү демилгесин укук коргоо жана коопсуздук кызматтары көтөрүп келет.

XS
SM
MD
LG