Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Орусия "Искандер-М" ракетасын Тажикстанда сынады


"Искандер-М" ракеталык системасы.
"Искандер-М" ракеталык системасы.

Муну менен Орусия "Искандер-М" тактикалык, баллистикалык ракета системасын өлкөдөн тыш жакта биринчи ирет колдонду.

Борбордук аскерий округдун командачысынын кеңешчиси, полковник Ярослав Рошчупкиндин 1-июнда Екатеринбург шаарынан билдиргенине караганда, сыноо учурунда аталган ракета менен террорчулардын тажик -ооган чегинен 15 чакырым аралыктагы лагери делген жайга сокку урулду.

Рошчупкин кошумчалагандай, Дүйшөмбүдөгү "Антитеррор -2017" машыгуусунда Орусиянын "Ураган" ракеталык системасы да колдонулду.

Тажик коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фарудин Махмадалиевдин айтымында, машыгууга Орусия менен Тажикстандын 4500дөй аскер кызматчысы тартылды. Орусия машыгууга 2000 жоокер, 30тай учак жана тик учак жөнөткөн.

Тажикстандын аймагында бир база катары саналган үч аскерий жайда Орусиянын 7000дей жоокери турат. (UE)

XS
SM
MD
LG