Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

"Жоочулардын жакындары элге кошулбасын"


Борбор Азиядан Сирияга кеткен террорчулар
Борбор Азиядан Сирияга кеткен террорчулар

Тажикстанда террорчулардын жакындарын кысымга алуу чакырыктары чыкты. Астана билим берүүгө басып жасап, социалдык камсыздоо тармагын унутта калтырууда. Москва Тажикстандагы базасын күчтөндүрүүдө.

ИМге кошулгандардын жакындары кодуланат

EurAsia Daily басылмасы Тажикстанда Сирияга "жихадга" кеткендердин үй-бүлөлөрүн коомдон бөлүп салуу чакырыктары жаңыра баштаганын жазды.

Өлкөнүн Шахритуск районундагы диний башкармалык жергиликтүү элди "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган жердештердин үй-бүлөлөрү менен сүйлөшпөөгө, алар менен кудалашпоого, үй-бүлөлүк майрамдарга, жада калса өлүм-житимге чакырбоого үндөгөн.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Борбордук мечиттин башкы имамы Хисомиддин Муродов муну менен Сирияга кетип жаткандардын санын азайтса болот деген оюн билдирген.

Тажикстандын атайын кызматынын маалыматы боюнча Шахритуск районунан кыркка жакын адам Сирияга кеткен. Андан тышкары эки жыл мурун бул райондон экстремизмге азгыргандардын тобу кармалып, баары жети жылдан 27 жылга чейин соттолгон.

Басылма мындай чакырык менен 2014-жылы Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров чыкканын белгилейт. Кадыров террорчулардын жакындарынын үйлөрүн талкалап, өздөрүн өлкөдөн чыгарып саларын айткан.

Тажикстанга "Искандер" келди

"Российская газета" Тажикстандагы Орусиянын 201-базасы заманбап аскерий курал-жарактар менен камсыз болгонун жазат. Аскерий базага "Ураган" деп аталган реактивдүү от чыгарчу система орнотулган. Бул система 35 чакырым аралыкка чейин таамай сокку уруп, тоолуу аймактарга ылайыкташтырылган.

Буга кошумча базага «Искандер-М» деген ракета комплекстери, Ми-8 жана Ми-24 тик учактары жеткирилген. "Искандер" ракета комплекстери 300 чакырымга чейин учуп, кубаттуулугу өзөктүк бомбадай болот.

Баласын саткан мигрант келин кармалды

"Газета.ру" Санкт-Петербургда ымыркайын чоочун бирөөгө сатып жиберген мигрант келин камакка алынганын жазды. 28 жаштагы өзбек келин былтыр октябрда тажик үй-бүлөгө ымыркайын 11 миң рублга сатып жиберген.

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Келинге Орусиянын Кылмыш кодексинин 127-беренеси боюнча иш козголгон. Макалада соңку кездери Орусияда балдарын сатууга аракет кылган борбор азиялык мигрант аялдар көп кездешип жатканы белгиленди.

Ошондой эле былтыр күзүндө баласын 475 миң рублга баалап, сатууга аракет жасаган Дагестандын жараны кармалып, үч жылга эркинен ажыратылганы кошумчаланат.

Казакстанда жетим балдар көңүл сыртында калууда

"Регнум агенттиги" Казакстанда билим берүү тармагын каржылоо кыйла көбөйүп, ал эми жетим балдарга бөлүнгөн акча кескин кыскара баштаганын баяндайт.

Макалада өлкөдө бүтүрүүчүлөрдү жалпы тестирлөөгө 280 миллион рублдан ашык акча которулганы, жыл башында Казакстанда өткөн Дүйнөлүк Универсиаданын бюджети 23 миллион рублга көбөйтүлгөнү айтылат. Ал эми балдар үйүнө, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын педагогдоруна каражат так эле жогоруда аталган өлчөмгө кыскартылган.

Билим берүү тармагында жүргүзүлгөн реформалар бюджеттен чоң сумманы талап кылып жатканы, буга кошумча былтыр Казакстандын Билим жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттын 1 миллиард теңгеси кайда колдонулганы ачыкка чыга электиги маалымдалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG