Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-21-май)

Африкада ушу күндө илгеркидей пилдин сөөгү же носорогдун мүйүзү эмес, эшектин териси абдан баалуу товарга айланганын Foreign Policy журналы жазды.

2015-жылдан тарта Түштүк Африкада эшек союп, терисин кытай ишкерлерине сатуу кирешелүү тармак катары санала баштады.

Беш жыл мурда Африкада бир эшектин баасы 8 долларга жетпесе, акыркы учурда ал 150 доллардан сатыла баштаган. Ошентип эшек соодасында бүгүн болжол менен миллиондор жүгүртүлүүдө.

Кыргызстан Кытайга эшек сата баштады

Кыргызстандан Кытайга 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыкты. Расмий эмес булактар бул сан алты-жети эсе көп экенин билдирүүдө.

Нигерия чөлкөмүнөн Түштүк Африкага чейинки аймакта миңдеген эшектер союлуп, эти менен териси Кытайга экспорттолгон. Түштүк Африканын өкмөтү мындан улам эшек сойгонду кылмыш катары мыйзамга киргизген. Анткен менен бул бизнес көмүскөгө өткөндүктөн эшекке аңчылыкты көзөмөлдөй албай жатат.

"Эки жарым миң жылдай мурда Кытайдын элдик медицинасында эшектин терисинен "Эжия" деген дары жасалган. Аны бир катар дарттарга даба деп эсептешкен. Азыркы тапта эшек терисинен алынган суюктуктан сулуулук каражаттары, бырышка каршы бетмайлар жасалып, анын элүү граммы кытай базарында 350 доллардан сатылууда" деп жазат басылма.

Акыркы 20 жыл ичинде Кытайдагы 11 миллион эшектин саны 6 миллионго азайганы да макалада сөз болот. Буга жеке эле аларды союп, сатуу эмес, элдин шаарга отурукташуу тенденциясы күчөгөнү да себепкер экени белгиленген.

"Кытай ишкерлери эшек терисин 2014-жылдан тарта сурай баштады. Түштүк Африкага жети компания келип, ар бири 10 миңден тери сатып алабыз дешкен. Оңой акча табууну Африканын жакыр калкы кантип колдон чыгаргысы келсин?" деген Foreign Policy басылмасына жергиликтүү соодагер.

Достум Түркияга жер которду

Ооганстанда чыккан The National гезити мурдагы белгилүү талаа командири, вице-президент Абдул Рашид Достумдун Түркияга кеткенин кабарлады. Достум буга чейин согуштук кылмыштарга, зомбулукка шектелип келсе да ушуга чейин ага бир да расмий айып тагылган эмес.

Анын Түркияга жер которуусуна Ооганстандагы байкоочулар сот жоопкерчилигинен качып, саясий карьерасын токтотту деп баа беришти.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани (ортодо) биринчи вице-президент Aбдул Рашид Достум (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш менен ант берүү маалында, Kабул, 29-сентябрь, 2014-жыл
Ооганстандын президенти Ашраф Гани (ортодо) биринчи вице-президент Aбдул Рашид Достум (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш менен ант берүү маалында, Kабул, 29-сентябрь, 2014-жыл

"Достум 2016-жылы көкбөрү оюну учурунда атаандашы Ахмед Ишчини барымтага алып, бир нече күн сабап, кордогонго шектүү деп айыпталган. Бирок бул иштин үстүндө бир да жолу тергөө болгон эмес. Мунун себеби, бийлик эгер талаа командири соттолсо, анын тарапташтары өлкөгө калаба уюштуруп жибереби деп чочулаган", - деп жазат The National.

Достум 2008-жылы да Түркияга жогорудагыга окшош айыптоолордон улам баш калкалап кеткен эле. Бирок мурдагы ооган президенти Хамид Карзайдын чакыруусу менен өлкөгө кайтып, саясатка аралашкан.

Журналисттердин ачуусу чукул

Business Insider журналына журналисттердин ичкиликти көп ичери жана ачуусу чукул, акылы кыска болору тууралуу изилдөө жарыяланды.

Изилдөөнү нейролог, окумуштуу Тара Суат жетектеп, ага медиа жаатында иштеген 40 журналист катышкан. Жети айлык байкоодо алардын саламаттыгы, кулк-мүнөзү катталган. Илимий тажрыйбаны Лондондогу Пресс клуб уюштуруп, башкы максаты журналисттерди оор кырдаалда өзүн башкара билүүгө үйрөтүү эле. Иликтөөгө катышкандардын канынан анализ алышып, жүрөк, мээ органдары бир нече күн бою тынымсыз текшерилген. Натыйжада журналисттердин мээси башка кесиптеги адамдарга салыштырмалуу азыраак иштерин, буга ичимдик, кофе, шекерди көп ичип-жегени себеп болуп жатканы билинди.

Бирок элестүү ой жүгүртүү, кандайдыр бир проблеманы чечүүдөгү ырааттуулук сыяктуу маселеде журналисттердин мээси жакшы иштери белгилүү болду. Бул кесиптин ээлери аз уктап, начар азыктанып, аз кыймылдары да аныкталып, банк кызматкерлери, соодагерлерге салыштырмалуу психологиялык кысымды көтөрө албайт деген тыянак чыкты.

Жапония чет элдик жумушчуларга муктаж

Asian Nikkei журналы Жапонияда акыркы мезгилде өнүгүп жаткан робот технологиясы үчүн өлкөдө адистер жетишпей, чет элдик мыкты техниктерге муктаждык жаралганын кабарлады.

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илимде реформа жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу керек деген максат коюлду.

Азыркы тапта Жапониядагы иштегендердин 35 пайызы чет өлкөдөн баргандар. Европа, АКШ, Индия сыяктуу чөлкөмдүн мыкты адистери Токиого чогулушууда. Өлкөнүн эмгек министринин эсебинде Жапониянын инженерия, эл аралык тейлөө сыяктуу тармагында 200 миң чет элдик иштейт. Ал эми Жапониядагы калктын 18 пайызын да башка жактан баргандар түзөт. Таланттуу, өз ишин мыкты билген адистерге талап азыр курчуп турган кези. Маселен, Токиодогу роботторду көзөмөлдөө тетиктерин чыгаруучу фабрикада иштегендердин 60 пайызы чет элдиктерден чогулган. Буга кошумча жапондордун жумушчу визасын алуу Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу оңой болгондуктан, компьютердик инженерлер бул жакка агылууда деп жазат басылма.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG