Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Жизакта өзбек-орус мунай заводу курулат


Өзбекстан Орусия менен бирдикте мунай өндүрүүчү завод курат, Казакстан менен Тажикстан коррупционер аткаминерлер менен күрөшүүдө.

"Интерфакс" агенттиги Өзбекстан менен Орусия мунай өндүрүүчү завод курушарын маалымдады. Орусиялык "Газпромго" тиешелүү "Газ Прожект Девелопмент центр Эйза" компаниясы мамлекеттик «Узбекнефтегаз» ишканасы менен бирдикте Өзбекстандын Жизак облусунда мунай өндүрүүчү завод курмакчы.

Бул заводдун 60 пайызына өзбек тарап ээлик кылса, калган 40 пайызы орусиялык ишканага тийиштүү болот. Жизактагы завод апрелдин аягында курула баштаган.

Ал жылына 3,7 миллион тонна күйүүчү май, 700 миң тонна авиациялык керосин жана дагы 300 миң тонна кошумча заттарды өндүрөрү белгиленген. Мунун аркасы менен эки миңдей квалификациялуу адистерге жана 14 миң жумушчуга иш орду түзүлөт.

Мечиттен баш айланат

Регнум агенттиги Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдарда мечиттердин саны 66 эсеге көбөйгөн деп маалымдайт.

1991-жылы өлкөдө 39 мечит катталган болсо, азыр алардын саны 2600дөн ашканы айтылат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Закир Чотаев акыркы жылдары Сауд Арабия, Египет, Түркия, Пакистан, Ооганстан, Индия жана Иранга диний билим алуу үчүн кетип жаткан кыргызстандык жаштардын саны көбөйгөнүн билдирген.

Макалада кыргыз өкмөтү бул маселеге эч кандай көңүл бурбай жатканы белгиленет. Басылма акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанда жүздөн ашуун экстремисттик топтор жоюлганын, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда террористтер менен катарлаш согушкан 130 жаран жоопко тартылганын кошумчалайт.

Расмий маалыматтар боюнча Ооганстан, Ирак жана Сирияда 500дөн ашуун кыргызстандыктар террордук топтордо жүргөнү айтылып, алардын кыркка жакыны Кыргызстанга кайтканы белгиленет.

Жемкорлукка каршы күрөш

Евразия Дейли басылмасы жыл башынан бери Казакстанда 55 аткаминер административдик жоопко тартылганы тууралуу жазды. Коррупцияга каршы агенттик мамлекеттик кызмат тармагында 300дөн ашуун текшерүү жүргүзүп, эки жарым миңдей мыйзам бузууну аныктаган. Ага ылайык, 191 мамлекеттик кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Мамлекеттик кызматта эң көп мыйзам бузуулар мамлекеттик кызматка жумушка алуу, кызматтан кетирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөтү боюнча катталган.

Казакстандан тышкары Тажикстанда дагы коррупцияга каршы иш-чаралар жүрө баштаган. Тажик парламенти мамлекеттик кызматкер жана алардын жакын туугандары жылына өздөрүнүн киреше-чыгашаларынын отчетун жарыялашы керек деген мыйзам кабыл алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG