Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:13

Атамбаев Кремл менен "коштошту", Порошенко АКШга барды


Петро Порошенко жана АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев беш күндүк мамлекеттик сапар менен Орусияга барып келди. Атамбаев жетектеген делегациянын курамында 61 киши: парламенттин депуттары, өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын кызматкерлери, журналисттер болду.

20-майда Кремлде кыргыз-орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду. Алардын арасында Орусия Кыргызстандын $240 млн доллар карызын толук кечкен протокол дагы бар.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Москва.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Москва.

Сүйлөшүүгө катышкан Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиев "эми парламенттерде каралган соң биздин Орусия Федерациясынын алдында тышкы карызыбыз калбайт" – деп түшүндүрдү.

Соңку 11 жылда Орусия Кыргызстандын 703,2 млн доллар карызын кечти. 2005-жылы Париж клубунун алкагында 185,3 млн доллар, андан кийинки 10 жыл аралыгында 488,9 млн доллар карыз жоюлган.

22-июнда кыргыз президенти Орусиядагы мекендештери менен жолугуп, эки саат суроо-жооп форматында баарлашты.

Мигранттар бир топ көйгөйлөрдү көтөрүп, президенттин жообун угушту. Маселен, Орусияда каза тапкан мигранттардын сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүүгө Атамбаев 5-10 миллион сом берүүнү убада кылды.

Орусияда иштеген мигрант айдоочулардын маселеси боюнча орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукканда сөз болгонун айткан Атамбаев «Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү Орусияда жарактуу болушу керек. Бул боюнча долбоор жазып, жөнөтүү керек” – деп, маселени чечүүгө орус өкмөт башчысы убада бергенин кошумчалады.

Орусияда 1-июндан тарта чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынган. Мындан улам жүздөгөн кыргызстандык мигранттар жумушсуз калганын билдиришкен.

Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуу.
Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуу.

Орусиянын жарандыгын алган мигранттар Кыргызстанга кайтканда чет элдик жаран катары миграциялык каттоого турууга мажбур болуп жатканы айтылды. Атамбаев этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспортун берүү боюнча жаңы мыйзам иштелип чыгышы керек деген оюн билдирди.

Расмий маалыматтарда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашуун экени айтылат.

Бийликтен кеткенден кийин Сибирге барып, “Сибирден баштап Шинжаңга чейин бир топ жерде кыргыздар бар. Аларга «кыргызбыз» деп эскертебиз» деген Атамбаевге Ооганстанда жашаган кыргыздар тууралуу дагы суроо берилди. "​Көчүп барабыз дегени менен келгендери абдан аз болот, кыйнабагыла. Бирок жаш балдарын алып келип окуталы, акчалай жардам берели, азыр мүмкүнчүлүктөр болуп жатат» - деген жооп узатты президент.

Деңиз деңгээлинен беш миң метр бийиктикте, табигый катаал шартта жашаган ооган кыргыздары мындан 15 жыл мурун беш миңдей болсо, азыр бир жарым миңдин тегерегинде гана калды.

Атамбаев Казан шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодогу "мыкты талапкер" деп атады. "Мен ишенем, КСДП курултайында ал кишини толук колдойт. Бул мамлекет үчүн жакшы тандоо. Ал тартиптүү, чынчыл адам" - деп мүнөздөгөн Атамбаев Жээнбековду 20 жылдан бери таанырын белгиледи.​

22-23-июнда кыргыз делегациясы Уфада Башкырстандын жана Казанда Татарстандын жетекчилер менен жолугушту.

Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтүндө Путин менен жыйырмадан ашуун ирет жолугуп, ушул жылы эле үч жолу кезиккенине карабай мамлекеттик сапар менен Москвага барышын орусиялык маалымат каражаттары какшык аралаш жазып чыгышты. “Атамбаевдин коштошуу визити", “Аксак өрдөк Москвага келди”, «Бийлик мураскерин колдоо үчүн акыркы өтүнүч менен келди» деген таризде макала-баяндар жарык көрдү.

Америкалык профессор, саясат таануучу Эрик МакГлинчи Кыргызстанда иликтөө жасап жүрүп, ушул тапта Орусиянын таасири мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү экенин байкаганын “Азаттык” радиосуна берген маегинде айтты.

“Советтер Союзу урагандан бери Орусиянын мынчалык катуу таасири болгон эместир” деген саясат таануучу мунун себебин Кыргызстандын медиа мейкиндигинин өзгөрүшүнөн көрөт. “Санариптик телевидениеге өткөндөн кийин адамдар мыкты сапаттагы телеканалдарды көрө башташты. Орусиянын каналдары, айрыкча мамлекеттик телеканалдары басымдуулук кылууда. Менин байкаганым боюнча калктын калың катмары “биз үчүн Орусия өтө маанилүү” деген бекем көз карашта жана Атамбаевдин Кремлде туруп жасаган билдирүүсү Кыргызстандагы көп адамдардын ошол оюн бышыктайт”.

“Ошол эле маалда миллиондой кыргыздар Орусияда иштеп жатышканын, кыргыз экономикасынын бараандуу бөлүгү ошол мигранттар тапкан акчадан көз каранды – бул фактыны кантип четке кагабыз” – деп кошумчалайт МакГлинчи.

Кыргызстан Сирияга аскер жибереби?

22-июнда интернет айдыңында Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы тууралуу маалымат тарады.

3-5-июлда Астанада башталчу Сирияда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү утурлай Түркиянын президентинин аппаратынын маалымат катчысы Ибрагим Калын Орусия Кыргызстан менен Казакстандын аскер күчтөрүн Сириядагы дэскалация зоналарына жиберүү сунушун бергенин билдирген. Калын маселе Астанада өтчү сүйлөшүүдө талкууланарын кошумчалаган.

Ага удаа эле Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов "Москва бул маселени Кыргызстан жана Казакстандын расмийлери менен талкуулап жатканын, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин" жергиликтүү медиа каражаттарынын бирине айткан.

Май айынын башында Астанада өткөн сүйлөшүүдө Сирияда деэскалация зонасын түзүү боюнча Орусия, Иран, Түркия меморандумга кол коюшкан. Айтылган маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Казакстандын аскерлери Сириядагы төрт деэскалация зонасын кайтарууга тартылмакчы.

5-майда Владимир Путин Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы кабарлаган. Анда негизинен Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча Астана сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы талкууланганы маалымдалган эле.

6-майда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Бишкекке келип, президент Атамбаев менен жолукканы бир нече күндөн кийин гана белгилүү болгон. Кремлдин жогорку даражадагы өкүлүнүн Бишкек сапары боюнча коомчулукка эч кандай маалымат берилбегендиги ар кандай жоромолдорду пайда кылган. Ак үй “эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы сапар” деп мүнөздөсө, айрым эксперттер Шойгунун “сырдуу сапарын” Орусиянын Сириядагы планына байланыштырышкан.

Президент Атамбаев Орусияга жасаган беш күндүк сапарын Казан шаарында жыйынтыктап жатып, 24-июнда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде Москвада бул тууралуу сөз болбогонун айтты.

​Жума күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу кеңешинин отурумунда бул маселе коюлганын бышыктап, “кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингентин Сириянын деэскалация зонасына жиберүү боюнча суроо көтөрүлгөнүн”, бирок расмий түрдө кайрылуу түшпөгөнүн билдирген.

Атамбаевдин Орусиядагы сапары маалында бул маселе каралбаганын, ошол эле учурда “Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын, оболу ЖККУнун алкагында бул маселе талкууланганын” тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да бышыктады.

Казакстандык саясий эксперт Досым Сатпаев мындай демилгенин көтөрүлүшүн Орусиянын кызыкчылыгы менен байланыштырат.

"Бул жерде Кыргызстан менен Казакстан эле аталып, ага басым жасалып жатканы кызыктуу болууда. Эмнегедир ЖККУнун мүчөсү болгон Тажикстан же башка өлкөлөр айтылган жок" деп суроо койгон Сатпаев "Бул орус тараптын көз карашы боюнча Казакстан менен Кыргызстан ЖККУ алкагында Москванын эң жакын саясий-аскердик өнөгү болгондуктан бул суроону талкууласа болорун" белгилейт.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

Жума күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына чыккан билдирүүдө Астана “Сирияга өз аскерлерин жиберүү тууралуу эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөгөнү” айтылат.

Бул маалымат тарагандан кийин казак коомчулугунда дагы кызуу талкуу жаратты. Маселен, саясат таануучу Айдос Сарым Фейсбук баракчасына «Орусия бул ишке өзү аралашты, эми өзү андан арылсын. Путин бул маселени ЖККУдагы кесиптештери менен талкуулабаса деле керек...” деп жазат.

Сириядагы алты жылга аяк баскан жарандык согушта жүз миңдеген адам өлүп, 11 миллиондон ашуун адам үй-жайынан безип, качкынга айланды. Жаңжалды жөнгө салуу үчүн бир нече өлкө аскердик операцияларды жүргүзүп жатат.

Сириянын майдан талаасындагы таасир талаш

Апта башынан тарта Сирия боюнча Вашингтон менен Москванын мамилеси кайрадан чыңалды. Батыш басылмалары соңку чыңалуу Сирияда өзгөрүп жаткан кырдаалдан кабар бербейби деп суроо коюшат. Маселен, CNN, “Ассошиейтед Пресс” өңдүү медиа каражаттар Сирияда “Ислам мамлекети” тобу алсырап баратканына, согушкерлер ээлеп келген аймактар үчүн атаандаштык күчөгөнүнө көңүл бурушту.

18-июнда эл аралык коалициянын курамындагы АКШ учактары Ракка провинциясында Сирия өкмөтүнүн СУ-22 учагын атып түшүргөн. Коалиция бул учак согушкерлерге каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнө - Сириянын демократиялык күчтөрүнө коркунуч жаратты деген жүйөнү келтирген.

Москва Сириянын аба мейкиндигиндеги инциденттерди алдын алуу боюнча АКШ менен кызматташууну токтотоорун билдирген. Мындан ары эл аралык коалициянын Сириядагы учактары бутага алынышы керек болгон объект катары караларын кабарлаган.

Американын башкы кол башчысы - штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд АКШнын Сириядагы учактарына коркунуч жок деп ишендирген.

"Асмандагы кагылышууларды алдын алуу боюнча кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык жана аскердик сүйлөшүүлөр керек деп ойлойм" - деген америкалык генерал.

Сирия.
Сирия.

Орусия ушуну менен экинчи жолу Сириядагы аба жаңжалдарды алдын алуу багытында АКШ менен кызматташпай турганын билдирди.

Биринчи эскертүү 7-апрелде АКШ ракеталары Сириядагы аба базага сокку урганда жасалса дагы эки өлкөнүн армияларынын байланышы токтоп калган эмес.

Сирияда чоң державалар ортосунда таасир үчүн атаандаштыктын жаңы толкуну башталдыбы деген жоромолдорго Ирандын соңку кадамы да себеп болду. Революция сакчыларынын корпусу Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы террорчул топторго өткөн жекшембиде бир нече жолу ракетадан сокку урду.

Иран армиясы бул аймакты 7-июнда Тегеранда болгон кол салууга тиешеси бар делген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринин базасы деп карайт.

Бирок Батыш аналитиктери ондогон жылдардан бери аба чабуулдарынан карманып келген Иран эмне үчүн бул кадамга барды деген суроону беришет. Айрым аналитиктер болсо Тегерандагы теракттан кийин Иранга “Сирия согушуна жигердүү катышууга жүйө табылганын” айтышкан.

АКШ башында турган эл аралык коалиция "Ислам мамлекети" террордук тобунун таянычы саналган Ракка шаарын бошотуу операциясын улантууда. Он миңдеген тургундар туткун болуп турган шаарды бошотууну Сириянын демократиялык күчтөрү июнь айында баштаган.

Орусиянын аскер күчтөрү Жер Ортолук деңизиндеги кемеден "Ислам мамлекети" радикал тобунун Сириядагы турумдарына "Калибр" үлгүсүндөгү алты канаттуу ракета атканы 23-июнда кабарланды.

АКШ менен Түркия Сирия өкмөтүнө жана "Ислам мамлекети" баштаган террор топторго каршы күрөшүп жаткан сириялык куралдуу оппозицияны колдойт. Ал эми Орусия менен Иран Башар Асаддын өкмөтүнө колдоо көрсөтөт.

Трамп Киевге артыкчылык береби?

20-июнда Вашингтондо президент Трамп менен украин президенти Петро Порошенко жолукту. Ак үйдө өткөн 30 мүнөттүк сүйлөшүүгө вице-президент Майк Пенс жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер катышты. Бул Дональд Трамптын кызматка киришкенден кийин украин президенти менен алгачкы кездешүүсү.

Жолугушуудан соң Порошенко Трампты «күчтүү, харизмасы бар лидер» деп мүнөздөп, АКШны Украинада тынчтыкты орнотууда жакын өнөктөш деп атады.

Трамп менен Порошенко.
Трамп менен Порошенко.

Украин лидери Вашингтондо Трамптан башка Майк Пенс, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен жолугушту. Ошондой эле Пентагондун башчысы, энергетика жана соода министри, Конгресстин өкүлдөр палатасынын спикери менен кездешип сүйлөштү.

Украин президентинин АКШ сапарына абай салган аналитиктер болсо Трамптын Порошенко менен Путинден мурда жолукканына көңүл бурушту.

Эмне үчүн украин президенти америкалык лидер менен жолугушууга шашылды?

АКШдагы Ишкердик институтунун Орусия боюнча программасынын директору Леон Арон «Настоящее время» телеканалына берген маегинде Трамптын Порошенко менен Путинден мурун жолукканы дипломатияда маанилүү кадам экенине токтолот.

"Символикалуу экени ачык эле көрүнүп турат. Трамп Путин менен кездешкенге чейин жолугушту. Украинага адам өмүрүн жана башка курал-жарак боюнча сүйлөшүү жана жылдап созулган Минск сүйлөшүүсү боюнча дагы эч кандай иштин жыйынтыгы айтылган жок. Жыйынтык болору дагы күтүлгөн эмес. Украинадагы ички саясий кырдаалды эске алганда Порошенко бул сапарга толук канааттанды эле болуш керек» - дейт Арон.

Эксперт бул жолугушуудан соң президент Трамп кандай маанайда калганына көңүл бурат. «Конгресс президенттик администрацияга басымын күчөтүүдө. Администрация болсо орусиячыл инерциясынан тая элек. Андыктан Ак үй үчүн бул визит болгон-болбогону деле билинбей калганын» айтат.

Саясий технолог Дмитрий Бачевский болсо эки президенттин жолугушуусун АКШнын Украинага көрсөткөн колдоосунун ишарасы катары баалайт. «Ак үйдүн жаңы администрациясы Украиндагы демократияны, батыш баалуулуктарын коргой турганын көрсөткөн гана белги» - деген Бачевский бир жолугушуу менен эле Украинадагы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алынбастыгын эскертет. Муну менен айрым эксперттердин президент Порошенконун Трамп менен Путинден мурун жолугушканы маанилүү деген көз карашын четке кагат.

Инновациялык консалтинг борборунун президенти Дмитрий Корнейчук президент Трамп Путин менен жолугаардан мурун украин лидерин кабыл алып, Донбасстагы жаңжалды чечүү боюнча Киевдин позициясын укканына маани берет.

Ак үй менен Киевдин ортосундагы сүйлошүүдө эки аспект маанилүү экенин Корнейчук мындайча түшүндүрөт:

«Биринчиден, АКШ президенти Трамптын Порошенко менен жолукканы - анын саясатын колдоорун Орусияга жана Украинага көрсөтүү болду. Экинчиден, украин лидери үчүн Донбассты реинтеграциялоо боюнча Киевдин Минск-2 планын мыйзам түрүндө президент Трампка көрсөтүү болду».

Ал эми Порошенконун Вашингтонго сапарынын эң башкы милдети - украин бийлиги Вашингтондун бардык талаптарын аткарууга даяр экендигин көрсөтүү болду деп жыйынтыктайт эксперт.

Кабарларга караганда, Трамп менен Путин 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" жыйынында жолугат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG