Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:36

Орусиянын таасирдүү жетекчилеринин Кыргызстанга сапарын коомчулук кызуу талкуулап жатат. Өткөн апта соңунда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен президенттик администрациянын жетекчи орун басары Сергей Кириенко Бишкекке келгенде өз маалында маалымат таратылбаганы себеп болду. Бийлик органдары муну эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы каттам экендигин түшүндүрүү менен чектелишти.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен президенттик администрациянын жетекчи орун басары Сергей Кириенконун Бишкекке сапары тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бири 7-майда жазган.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактарга таянган ал маалыматка караганда орусиялык бийлик өкүлдөрү Бишкекке жеке сапар менен келишкен.

Орусиялык жетекчилер келип кеткенин дүйшөмбү күнү "Азаттыкка" Кыргызстандын президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов ырастап, сапар учурунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланганын айтты:

- Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор абдан көп. Мындан сырткары кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча көп иштер бар. Эки өлкө стратегиялык өнөктөштөр. Ошондуктан бул сапарларды дал ушул маселелердин алкагында караса болот.

Бирок Алмаз Үсөнов да, башка расмий органдар да эки тараптуу кызматташтык маселелери Кыргызстан тараптан кайсы расмий адамдар менен конкреттүү кайсы маселелер талкууланганы тууралуу маалымат беришкен жок.

Орусиялык таасирдүү расмий адамдардын Кыргызстанга ачык маалыматтар менен коштолбогон сапары соцтармактарда ар кыл жоромолдорго жол ачты. Айрымдар бул сапарларды өлкө ичиндеги саясий жараяндарга байланыштырышты.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун айтымында, Шойгу менен Кириенконун Бишкек сапары Орусиянын Сириядагы ок атууну токтотуу планына байланыштуу болушу мүмкүн:

- Эки үч күн мурун Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге телефон чалганы кабарланган. Мындан соң Шойгу Астанага барып, андан соң Бишкекке келип сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Сириядагы коопсуздук зоналарын түзүүгө жана анда куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми биздин ички саясатка тиешеси жок деп ойлойм.

5-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы кабарлаган. Анда негизинен Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча Астана сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы талкууланганы маалымдалган эле.

Андан мурун Астанада Сирияда маселеси сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өткөн. Орусия, Түркия, Ирандын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыгында кабыл алынган меморандумда быйыл 4-июнга чейин Сириянын борбордук, түндүк, түштүк аймактарында коопсуздук зоналарын түзүү каралган болчу.

Саясий эксперт Марс Сариев болсо өлкөдөгү аталган сапарлар аймактагы коопсуздук маселелери менен катар өлкөдөгү ички жараяндарга байланышы болушу мүмкүн деген пикирде:

- Кириенконун сапары Кыргызстандагы ички абалга байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби чоң окуялар болгону турат. Ар кандай күчтөр баш көтөрөт. Ошол эле учурда регионалдык коопсуздук да маанилүү болууда.

Cергей Кириенко
Cергей Кириенко

Ал эми Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Анвар Артыковдун пикиринде, сапарларды кайсы бир маселеге байлап, көбүртүүнүн кереги жок:

- Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эң жакын мамиле бар. Алар талкуулоочу көп тема бар. Анан расмий жетекчилердин келишинен эч кандай саясат издөөнүн кереги жок.

Ошентсе да, айрымдар мындай сапарлардан улам жаңылыш пикир жаралбашы үчүн расмий органдар мындай маселелер боюнча ачык маалымат таратышы керектигин айтууда.

Эксперт Алмазбек Акматалиев мындай пикирди колдогондордун бири:

- Жөнөкөй адамдар келип кетсе, эч ким дүрбөбөйт эле. Орусиянын расмий адамдарды, өкмөт мүчөсү, президенттик администрациянын жетекчи орун басары сыяктуу таасирдүү ишмерлердин сапары көңүл бурат. Эгер толук маалымат берилбесе, билбеген жерде, жаап-жашырылса ар кандай божомолдорду жарата берет. Ошондуктан биздин бийлик мындай чоң кызматтагы адамдардын сапары тууралуу ачык маалымат берсе жакшы болмок.

Кыргызстан менен Орусия саясий, экономикалык жана коопсуздук жаатында эң жакын өнөктөштөр. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барышкан жүздөгөн адамдар Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөнү белгилүү. Буга байланыштуу Сириядагы террордук топтор менен жалпылай күрөшүү Орусия жана Кыргызстан, Казакстан мүчө болгон ЖККУнун көйгөйүнө айланганы, ошондуктан ЖККУ алкагында террорчуларга каршы күрөш жүргүзүү боюнча чакырыктары буга чейин эле айтылып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG