Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 17:10

Атамбаев менен Путин телефондон сүйлөштү


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин.

Тараптар бүгүнкү сүйлөшүүсүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы алаканы, кызматташтыктагы орчундуу маселелерди, байланышты мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл июнга белгиленген Орусияга мамлекеттик сапарына камылга көрүлүп жатат.

Путин 14-апрелде Бишкекте өткөн ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышкан.

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 20-мартта 25 жыл толду. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG