Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Сириянын асманындагы жаңы чыңалуу


Сириялык учакты атып түшүргөн F/A-18E Super Hornet аттуу америкалык кыргыч учак. AFP.
Сириялык учакты атып түшүргөн F/A-18E Super Hornet аттуу америкалык кыргыч учак. AFP.

Жекшембиден тарта Вашингтон менен Москванын мамилеси кайрадан кескин чыңалды. АКШ Сириянын учагын атып түшүргөнүнө жооп иретинде Орусия кескин чараларга барарын билдирүүдө. Кошмо Штаттар тек гана коргонгонун айтууда.

"Эл аралык коалициянын Евфрат дайрасынан батышты карай кандай гана учуучу объектилери, анын ичинде учактары же аралыктан башкарылчу учактары болбосун, ал орусиялык абадан коргонуу системасынын жердеги жана жер үстүндөгү бутасы эсептелет".

Мындай билдирүүнү дүйшөмбүдө Орусиянын Коргоо министрлиги таратты. Министрлик асмандагы жаңжалдык кырдаалды болтурбоо меморандумунун алкагында Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну токтотконун кайрадан жарыялады.

Чечим 18-июнда Сириянын Ракка вилайетинде АКШ учагы Сирия өкмөтүнүн СУ-22 аскер учагын атып түшүргөндөн кийин билдирилди.

Су-22
Су-22

Ал эми Сирия армиясы өз учагынын жок кылынышын терроризм менен күрөштү үзгүлтүккө учуратуу далалаты катары баалады.

АКШ жетектеген эл аралык коалиция президент Башар Асаддын өкмөтүнүн аскердик учагы "Сирия демократиялык күчтөрүн" бомбалаганы үчүн атылганын кабарлаган. "Сирия демократиялык күчтөрү" эл аралык коалиция колдогон куралдуу оппозициянын альянсы.

Ал ушу тапта Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун бейрасмий борбору саналган Ракка шаарын алардан бошотуу максатында салгылашууда. Аталган чөлкөмдүн айрым аймактарын Сирия армиясы да көзөмөлдөйт.

Коалициядагылар чатакты ырбатпоо жана атышууну токтотуу үчүн оболу атайын телефондук байланышты колдонуп, орусиялык кесиптештерине байланышка чыкканын билдирүүдө. Орусия тарап, муну четке кагууда.

Ошентсе да АКШнын штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд болуп өткөн ишке Асаддын режими себепкер болгонун, ага каршы аракет - коргонуу максатында жүзөгө ашырылганын ырастоодо:

- Бул дем алыштагы жаңжалдуу окуя режимдеги күчтөрдүн биргелешкен аракеттерине удаа болду. Анан Su (Сухой) учагы ал аймакка учуп чыкты. Биз учактын жакындап келбесин алдын алуу үчүн оболу аны эскертүүгө бардык аракеттерибизди жасадык. Андан кийин командир "биз колдогон күчтөргө карата коркунуч туулду" деп чечим кабыл алды. Сириядагы режимге каршы биздин аракеттер - конкреттүү айтканда эки жаңжалдуу учурда – коргонуу максаттарында жүзөгө ашырылды. Биз аны так аткардык.

Генерал айткан эки окуянын бири - 7-апрелдеги Кошмо Штаттардын Асаддын режиминин аба базасына ракеталык чабуулу. Анда Батыш Башар Асадды "өз элине карата химиялык курал колдонду" деп айыптаган.

АКШнын апрелдеги чабуулун Орусия кескин сындап, өлкөнүн эгемендигин бузуу далалаты катары сыпаттаган. Бул жолу да ошондой турумду карманды:

- Биз Америка Кошмо Штаттарын жана ал жерде өзүнүн күчтөрү жана кеңешчилери бар тараптарды биздин ишибиздеги өз ара багыттоочулукту камсыздоого чакырабыз. Дескалация тилкелери - биргеликте алдыга жылуунун мүмкүн болгон варианттарынын бири. Бардыгын бир тараптуу аракеттерден оолак карманып, Сириянын эгемендигин урматтоого чакырам. Ошондой эле биздин Сирия Араб Республикасынын өкмөтү менен макулдашылган аракеттерибизге кошулууга чакырам, - деди Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Анын орун басары Сергей Рябков болсо бул окуяны АКШнын "коркунучтуу эскалацияны" карай жасаган дагы бир кадамы деп баалады.

Сирия, Украина окуяларына жана Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого байланыштуу Москва-Вашингтон алакасы оңолбостон, тескерисинче, "болуп көрбөгөндөй эң төмөнкү деңгээлге" түшүп кетти деп сыпатталууда.

Кошмо Штаттар менен Түркия Сирия өкмөтүнө жана "Ислам мамлекети" баштаган террор топторго каршы күрөшүп жаткан сириялык куралдуу оппозицияны колдойт. Ал эми Орусия менен Иран Башар Асаддын өкмөтүнө колдоо көрсөтөт.

Сириядагы алты жылга созулган жарандык согуш маалында жүз миңдеген адам өлүп, 11 миллиондон ашуун адам үй жайынан безип, качкынга айланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG