Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Сирияда Ракка шаарынын дагы бир бөлүгү согушкерлерден бошотулду


Сирияда Кошмо Штаттар колдоо көрсөткөн Күрт-араб коалициясынын куралчан отряддары Ракка шаарынын чыгышындагы райондордун бирин "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринен бошотуп, өз карамагына алды.

Бир нече күн мурда башталган Раккадагы операция үч тараптан басып кирүү аркылуу ишке ашууда. Алгач шаардын батыш жагындагы бир район бошотулган болчу.

Ушу тапта түндүк жактагы аскерий базалардын бири үчүн салгылашуу жүрүп жатат.

300 миңге жакын тургуну бар Ракка өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ ээлеген ири аймактардын бири. Аны бошотуу операциясы жүрүп жатканда, укук коргоочулардын айтымында, жай тургундар да жабыркады. Бүгүнкү күнгө карата калк арасында каза болгондордун саны 50дөн ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG