Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

HRW Сириядагы химиялык чабуул боюнча баяндамасын жарыялады


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Сириядагы химиялык чабуул тууралуу баяндамасын 1-майда жарыялады. Анда Сирия өкмөтү химиялык курал колдонгону боюнча жаңы далилдер келтирилген.

Эксперттер жарылуу болгон жердеги чуңкурлардын сүрөттөрүн изилдеп чыгышкан. Алардын пикиринде, шаарга зарин газы менен колдонула турган советтик өндүрүштөгү бомбалар ташталган. Ошондой эле баяндамада химиялык чабуулга күбө болгон адамдардын көрсөтмөлөрү да келтирилген.

Укук коргоочулар Сирия президенти Башар Асаддын режими системалуу түрдө химиялык курал колдонгон деген тыянакка келишкен. 2016-жылдын декабрынан бери өкмөт төрт жолу ушундай кадамга барганы белгиленген. Уюм Сирия бийлигинин аракетин адамзатка каршы жасалган кылмыш деп атады.

"Франс-Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, БУУнун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскердик кылмыштар боюнча жумушчу топ түзүүдө. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн эл аралык сот органдарына далилдерди топтоого жардам бериши керек. Дамаск бул чечимди айыптап, аны өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

4-апрелде Сирия оппозициясы Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун калаасында ондогон адамдардын курман болгонун жарыялаган. Чабуулда нервди шал кылуучу газ колдонулган. Козголоңчулар менен батыш өлкөлөрү бул үчүн жоопкерчиликти Сирия армиясына жүктөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG