Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Иран Сириядагы террорчул топторго сокку урду


Ирандын Революция сакчыларынын корпусу Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы террорчул топторго жекшембиде бир нече жолу ракетадан сокку урду. Иран армиясы бул аймакты 7-июнда Тегеранда болгон кол салууга тиешеси бар делген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринин базасы деп мүнөздөдү.

Корпустун расмий өкүлү Рамазан Шариф өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жарата турган "террорчуларга" келечекте да ушундай жооп кайтарыларын айтканын Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлады.

7-июнда эки террорчул топ Ирандын парламентине жана ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейнинин мавзолейине кол салышкан. Андан 10 киши мүрт кетип, 40ка чукулу жаракат алган.

XS
SM
MD
LG