Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусия: ишсиз калган кыргызстандык айдоочулар


Орусияда 1-июндан баштап чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынганына байланыштуу Москвада ондогон кыргызстандык айдоочулар жумуштан бошотулганын айтышууда.

Москванын четиндеги Химки шаарчасында автобус айдап иштеген Максат Ашимов мамлекеттик ишканадан бир заматта жүзгө жакын чет өлкөлүк жаран жумуштан бошотулганын айтат. Алардын көбү кыргызстандыктар болгон:

- 70-80дей кыргызстандык бар болчубуз. Автобус айдачубуз. 1-июндан тарта орусиялык айдоочулук күбөлүк алгандар ишке чыккыла, албагандар жумуштан бошотулду деп буйрук чыгарып койду, ошону менен болду. Мен Кыргызстанга билет алдым, учуп кетейин деп жатам. Кыргызстандык айдоочулардын көбү эле иштебей отурат. Кеткени кетип жатат, 70 миң рублга чейин жасатып алам дегендер чуркап жүрөт, кээ бирлери үйдө күтүп отурушат эмне болот деп. Кыскасы, 90 пайыз кыргызстандык айдоочулар жумушсуз калды.

​​Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен иштегендерди жумуштан бошотуулар өкмөттүк мекемелерде гана эмес, жеке тармактарда дагы каттала баштаган. Калыбек Эрматов жеке ишканада маршруттук такси айдап иштеген. Аны менен кошо отуздай адам жумуштан бошотулган:

- Мыйзамдуу иштечүбүз. Айдын аягына чейин иштедик. Анан чогулуш кылып туруп, «эртеңден баштап ишке чыкпай эле койгула» деди. Евразия экономикалык биримдигиндебиз го десек, «бизге ГАИден буйрук келди, айдоочулук күбөлүгүңөр жарабайт» дешти. Ошентип, иши жок отуруп калдык.

Такси кызматында иштеген Алтынбек Мадимаров болсо, бул тармакта иштеген кыргызстандыктар азырынча ишке чыгуудан кооптонуп турганын айтат:

- Өзүм дагы чочулап ишке чыкпай отурам. "Убер" менен "Везет" такси кызматында иштечүмүн. Унаа өзүмдүкү, бир нерсе болсо айыппулду өзүм төлөшүм керек. Бизди толук иштен алган жок, чектөө болгон жок. Бирок, айыппулду өзүңөр төлөйсүңөр, жоопкерчилик өзүңөрдө деген. Эки жолу айыппул алсаң, мыйзам бузган болуп депортацияга чейин жетиши мүмкүн. Аны ойлонуп, ишке чыкпай, күтүп турайын деп чечтим. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болобу деп күтүп жатабыз. Болбосо, 20-30 миң коротуп, Кыргызстанга барып айдоочулук күбөлүктү алмаштырып келиш керек болот. Анан бул жактан аны менен экзамен тапшырып, Орусияныкын алабыз да. Эми ошол биздин айдоочулук күбөлүктө дагы каталар чыгып жатат. Айрымдарында кандын тобу, жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн.

Москва.
Москва.

Орусияда коомдук транспортто, такси кызматтарында жана жеке ишканаларда мындан ары чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө болбойт. Аталган өзгөртүү быйыл 1-июнда күчүнө кирген. Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен адамдарды ишке алган жумуш берүүчүлөргө 50 миң рублга чейин айыппул каралган.

Орусияда чет элдик жаран айдоочулук күбөлүктү Мамлекеттик автоинспекциянын бөлүмүндө медициналык текшерүүдөн өтүп, бир теориялык жана эки практикалык экзамен тапшыргандан кийин ала алат.

Өкмөттүн маалыматы

Орусияда жүргүнчү ташып иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын көбү өз убагында документтерин мыйзамга тууралап, орусиялык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алып алышкан. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү 9-июнда кабарлады.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда Орусиянын 1995-жылы кабыл алынган “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, өлкө ичинде жүргүнчү ташып ишкердик кылууга Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алгандар гана укуктуу деген норма быйыл күчүнө кирери 2013-жылы жарыяланганы айтылат.

“Бул мыйзам Орусияда иштеген биздин жарандардын бир аз гана бөлүгүнө тийиштүү болот. Бирок ошого карабастан Кыргыз Республикасынын өкмөтү быйыл 31-мартта Евразия экономикалык коллегиясына бул маселеге байланыштуу кайрылуу жолдоду. Ал аталган коллегиянын кезектеги жыйынында каралышы пландалууда. Мындан тышкары орус өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп кабарлайт кыргыз өкмөтү.

8-июнда бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, 1-июнда күчүнө кирген жаңы эреженин айынан Кыргызстандын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүк менен Орусия аймагында жүргүнчү ташып эмгектенген кыргыз жарандары жабыркап жатканын айткан депутаттар өкмөт эмгек мигранттарынын укугун коргобой жатат деген сын айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG