Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:52

Кыргызстандын аракеттери ооган кыргыздарын өлкөгө көчүрүп келүүгө эмес, алардын балдарын окутуп, жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталышы керек. Мындай пикирин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Соңку беш жылдан бери Кыргызстандан Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирген мамлекеттик экспедициялар системалуу түрдө иштей баштаганын адистер айтууда. Акыркы 15 жылга жакын убакытта ооган кыргыздарынын саны эки жарым эсе азайган.

Үмүт Хаким уулу ооганстандык этникалык кыргыздардын бири. Учурда ал Түркияда иштейт, Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын жашоосун сыртынан болсо да жакшы билет:

- Кыргызстанга барсак үйлөнөбүз, бала-чакалуу болобуз деп үмүт кылып турушат. Ал жакта үйлөнбөй өлүп кетишет. Кыз жок, болсо да калыңы кымбат. Кыргызстанга алып келишсе алар өнүгөт, ошол жакта калса 15 жылдан кийин кыргыз деген калк калбайт, баары жоголот.

Памирлик кыргыздар
Памирлик кыргыздар

Ооган кыргыздарынын башчылары тарыхый мекенге кайтуу тууралуу өтүнүчтөрүн 1990-жылдардын башында, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, чет жакта жашаган журтташтарынан кабар ала баштаган учурда расмий кайрылып айтышкан. Кыргыз бийлиги буга макул болуп, аларды көчүрүп келүү жөнүндө президенттик жарлык да чыккан. Бирок түрдүү себептерден улам бул иш дээрлик 15 жылдай токтоп турду.

2007-жылы гана кезектеги кайрылуудан кийин Кыргызстан 5 млн сом акча бөлүп, алгачкы мамлекеттик экспедиция түзүлүп, ал гуманитардык жардам жеткирип келген жана соңку жылдары мындай сапарлар көбүрөөк уюштурула баштады.

Ооган кыргыздарынын көйгөйү 21-июнда Москвада мамлекеттик сапарда жүргөн президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияда иштеген жана окуган кыргызстандыктар менен жолугушуусунда да көтөрүлдү. Диаспора өкүлдөрүнүн Ооганстандагы кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү тууралуу суроосуна жооп берип жатып мамлекет башчы буга каршы экенин айтты:

- Мына, мен айылдыкмын. Бул жерде отурган бир топ айылдыктар. Чал-кемпир айылда жашаса шаарга алып барсаң да жүдөп калат. Ооган кыргыздарынын балдарын алып келип окутсак, кайра жөнөтсөк, жардам берсек туура болот. Күчкө салып баарын алып келсек алар чыдабайт. Ошол эле карын, боз үйүн сагынып бир тобу жок болот. Сөзсүз эле көчүрүп келиш керек деген туура эмес. Муну мен эч качан колдобойм, өкмөткө да айттым. Көчүп барабыз дегени менен келгендери абдан аз болот, кыйнабагыла. Бирок жаш балдарын алып келип окуталы, акчалай жардам берели, азыр мүмкүнчүлүктөр болуп жатат.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутаты Мирлан Бакиров Ооганстанда бир нече жолу болгон. Памир кыргыздарынын жашоосун өз көзү менен көрүп келген саясатчы өкмөт аларды көчүрүп келиши керек, себеби жер маселеси чечилген, андан башкасын да эптеп кетсе болот деген көз карашта:

- Жер Чоң-Алай районунан жана Нарын облусунун тоолуу жерлеринен маселе чечилген деген так маалымат бар. Кыргыздын тамыры азыр Кудайга шүгүр, азыр дүйнө жүзү боюнча десек жаңылышпайм. Маселе алардын жашоо-шартынын оордугунда, тукум курут болуп бараткандыгында.

Ооган кыргыздары: оору апийимге байлайт

Ооганстандын бийик тоолуу, абасы суюк Памир чөлкөмүндө жашаган кыргыздар катуу ооруп калганда Түркияга келип, дарыланууга аракеттенишет.

Миграция мекемесинин мурдагы башчысы Салтанат Бараканова азыркы ооган кыргыздарынын көйгөйлөрү тууралуу эң көп билгендердин бири. Анын пикиринде, жардамга муктаж мекендештерге аларды бул жакка алып келбестен деле колдоо көрсөтсө болот. Болгону, алар көптөгөн жылдар бою өзүнчө жабык коом болуп жашап келатканын түшүнүп, эске алуу керек дейт:

- Билим берип, балдарын окутуп жиберсек алар өздөрү өнүгүп кетчү жакшы жер. Жада калса ыктыярчылар барып, кирди кантип туура жууш керек, кыздар санитардык-гигиеналык жактан өзүн кандай алып жүрүшү керек, мындай тамактарды жасаса болот деп үйрөтүп келчүдөйбүз. Жери абдан жакшы. Пянж дарыясынан балык көптүгүнөн колуңа сузуп алып жесең болот. Тилекке каршы, биздин кыргыздар балык сасык деп жебейт экен. Ал эми барган оогандыктар, фельдшерлер аябай бышырып жешет. Эми көнө башташыптыр. Биз барганда балыктын эти балдардын сөөгүн бекемдөөгө пайдалуу экенин айттык. Мына ушундай багытта жардам берсек.

Салтанат Бараканованын айтымында, соңку кезде аз болсо да көңүл бурула баштап, мектеп салынды, чакан медициналык пункт ачылып, ал жерде Тажикстандан тартылган фельдшерлер иштеп кетүүдө. Буга ооган парламентинин мүчөсү болгон, былтыр көзү өтүп кеткен Турдакун ажы Атабек уулунун салымы чоң болду дешет.

Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктиктеги өрөөндө жашаган кыргыздар тууралуу маалымат кеңири коомчулукка негизинен ал жакка барып келгендердин фотокөргөзмөлөрү, документалдуу тасмалары аркылуу тараган.

Өтө оор шартта күн кечирген, саны кескин азайып бараткан Памир кыргыздарын көчүрүп келип сактап калуу керек деп коомчулукта оозеки айтылганы менен расмий түрдө Кыргызстан мындай милдетти өзүнө алган эмес дейт Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова:

- Аларды бул жакка алып келет экен, үй-жай берет экен деген маселе эч жерде көтөрүлгөн эмес. Алар тараптан өтүнүч болуп жатат. Бирок кээ бирлери алып кеткиле десе, кээ бирлери канчалык татаал болсо да бул биздин мекенибиз деп айтышат.

Мамбетованын айтымында, учурда мектеп жашындагы балдарды Кыргызстанга алып келип окутууга даярдыктар көрүлүп жатат. Соңку беш жылдан бери гуманитардык жардам жеткирген мамлекеттик экспедициялар системалуу түрдө иштей баштады. Жыл сайын бул максатта 10 миллион сомдон акча каражаты бөлүнүүдө.

Кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздар менен ишин 2017-2022-жылдарга эсептелген кезектеги “Кайрылман” программасынын алкагында жүргүзөт.

2003-жылы ооган кыргыздарынын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG