Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:07

Ооганстандын бийик тоолуу, абасы суюк Памир чөлкөмүндө жашаган кыргыздар катуу ооруп калганда Түркияга келип, дарыланууга аракеттенишет.

Забухилла Карими 13 жаштагы карындашы Марветти жүрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга алып келген. Алгач өспүрүм кызга Түркиянын Ван аймагында мамлекеттик ооруканада жүрөгүнө операция жасалып, кан тамырларын ачышкан. Эми бул үй-бүлө дарылануусун улантуу үчүн Стамбул шаарына келген. Алар менен Стамбулдагы кабарчыбыз жолугуп маектешти.

"Азаттык": Забихулла мырза, азыр Памирде турмуш-тиричилик кандай?

Забихулла Карими: Өткөн жылы эле Памирде 22 адам дүйнө салды. Кеминде дегенде жылына бизде 12ден адам каза болот. Мунун себеби баягы эле жол жок, догдур жок. Бир адам сокур ичеги болсо, мисалы, Кытайдан жана Тажикстандан жооп ала албайбыз. Пакистан менен Ооганстандын чоң шаарлары алыс. Ооган шаарына ат менен төрт күндө жетебиз. Сокур ичегиси жарылып, ара жолдо өлгөндөр болду. Мындай ооруну 24 саатта ооруканага жеткирбесе болбойт, анан айла жок ноокастаган адам көз алдыбызда жатып өлөт.

Келин
Келин

"Азаттык": Карындашыңыз Марветтин ден соолугу туурасында түрк догдурлар эмне дешти?

Забихулла Карими: Түрк догдурлар Ооганстандан берилген кагазды алып келбепсиңер дешти. Азыр 1500 лирага ($416) бир куту дары алып ичип жатат. Бул жакта иштеп тапкан акчабыз болбогондуктан кыйналып жатабыз. Биз көп болсо 2000-3000 доллар менен келгенбиз. Ал карымдашымдын дарысына жетеби же кетерге билет алабызбы эки ортодо калдык. Анан карындашымды бул жактагы догдурларга көрсөтүү үчүн Стамбулга алып келдик. Жүрөк менен өпкөнүн ортосунда ачылбаган бир тамыр калган. Стамбулда бир догдурду сунушташкан эле, эми ага кезек күтүп жазылдык.

"Азаттык": Памирде ооругандар дагы деле "кара дары" менен дарыланасыңарбы?

Забихулла Карими: Эми "кара дарыны" колдонгондор деле бар, беркиндей дары болсо аны деле ичебиз. Негизгиси ооруканага барып көрүнүп, ошого жараша дары ичсек жакшы болмок да. Анан билбей эле дары ичип же койдун майын шыбап жатып дарты өтүшүп кетет. Мына ушул карындашым алты айлык кезинде тумоологон. Ага чабаты жаап, койдун майын сүйкөп тердетебиз деп жатып бети кыпкызыл болуп чыккан. Ошол бойдон такыр кетпей калды.

"Азаттык": Түркияга үчүнчү ирет келип жаткан экенсиз, бул жактын жарандыгын алайын деген оюңуз барбы?

Кыргызстан ар жылы бештен алтыдан үй-бүлө көчүрүп кетели дешти, бирок биз чогуу көчөлү деп болбодук. Памирден келген кыргыздар бир айылды байырласак дейбиз. Колдон келсе ушул мал-жандыктын баарын көчүрүп кетсек деген тилегибиз бар.

Забихулла Карими: Мен өзүмдү, анан карындашымды ойлоном. Эгерде Памирге чыгып кетсек, кайра ооруп калсак кайда барабыз? Түркияга келүү үчүн Кабулда үч-төрт айлап жатып анан келебиз. Бул ирет баарыбыз үч ай Кабулда жашап, анан Түркияга учуп келдик. Мен Түркияда жыргап кеткен жокмун, анткени туугандарымдын баары Памирде. Бир аз малым, үйүм-жайым баары калды. Ал жакты ойлосом кетейин дейм, анан кайра оорумду эстеп кабатыр болом. Карындашымдын дарысы ал жакта табылбайт. Өмүр бою дары ичиши керек, кетсек дарысы табылбай калса эмне болобуз дейм. Эки ортодо калдым.

Өткөн жылы кыш катуу болду. Кар калың түштү. Бир айылдан экинчиге өтө албай, эки айлап эт жеп жан бактык. Анан Түркиядан, Кыргызстандан жардам келди. "Жүргүлө, Кыргызстанга алып кетели" дешти, бирок ал убакта кеткенге кыйын болду. Байлар "Мен бул жакта элди иштетип, бекер жатып көнүп калгам, Кыргызстанга барып иштей албайм" деп айтышат. Колунда жоктор "Алып кетсе барабыз" дешет. Биримдик жок болуп жатат да. Үйлөнө элек жаштар бар. Алар түтүн булатып, бала-бакыралуу, үйлүү-жайлуу болсокпу дешет. Кыргызстандан келгендер ар жылы беш-алтыдан үй-бүлө көчүрүп кетели дешти, бирок биз чогуу көчөлү деп болбодук. Памирден келген кыргыздар бир айылды байырласак дейбиз. Колдон келсе ушул мал-жандыктын баарын алып кетсек деген тилегибиз бар. Кабулга барып паспорт, виза алдырбай эле Тажикстандан түз өткөзүп алып кеткиле дедик, эми жообу келе элек.

Бизди дагы кыргыз өкмөтү таанып, Кыргызстанда эл катары жашасакпы деген кыялга жетеленебиз. Азыр биз шымдын жамаачысындай болуп Ооганстандын бир чекесинде, бир ууч эле калдык.

"Азаттык": Ооганстанда апийим көп өстүрүлөт. Силер памирдиктер "кара дары" деп апийимди колдоносуңарбы дагы деле?

Забихулла Карими: Сатып алышат. Ооганстандан алып келип сатышат. Бирөө тиши ооруса, бирөө ичи ооруса тарта коёт. Кышында сасык тумоо тийсе тартат анан апийимге көнө түшөт. Анан биротоло байланып калгандар бар.

"Азаттык": Ал жаман адаттан арылгандар барбы?

Забихулла Карими: Ишкашим деген шаарда оорукана бар. Ал жакта апийимден куткарып, дарылаган жери бар. Памирдиктер ал жакка түшүп дарыланып келишет. Анан кайра ооруса эле баягы апийимди тарта коюп дагы байланып калат.

"Азаттык": Апийимден арылуу үчүн Түркияга келип дарылангандар барбы?

Забихулла Карими: Жок, Түркияга келгендер жок. Эми апийим чеккендердин көбү колунда жоктор да. Анан каражаттары жок Түркияга кантип келишсин.

"Окугум келет..."

Марвет Карими 13 жашта. Алты айлык кезинде сыркоолоп, кийин оорусу өтүшүп кеткен. Түркияга агасы, жеңеси менен келген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Түркияда жүрөгүнөн операция болгон. Азыркы күндө дары ичкенге мажбур.

"Азаттык": Марвет, сага Түркия жактыбы?

Мервет
Мервет

Марвет Карими: Ооба, жакты. Дарыланып жатам. Догдурлар өмүр бою дары ичесиң дешти. Ушул Түркияда калып окусамбы дейм. Бирок апам, бир туугандарым Памирде, аларды ойлоп сагынам. Кээде мүмкүнчүлүк болгондо телефон менен сүйлөшүп турабыз.

"Азаттык": Түркчө бир аз үйрөнүп калдыңбы? Түркчө окуй аласыңбы?

Марвет Карими: Ооба, бир аз сүйлөшүп калдым, бирок окуй албайм. Арабча билем, Куран окуй алам.

"Азаттык": Бул шурулардын баарын Памирден көтөрүп келдиңби?

Марвет Карими: Ооба, биз Памирде ушундай кийинебиз. Башыбызга шапак кийип, үстүнө жоолук салынабыз. Бул шуруларды Кытайдан, Пакистандан келген соодагерлерден сатып алабыз. Памирде алыстан суу ташып келип колго кир жууйбуз, топоз саайбыз, нан бышырабыз.

"Азаттык": ​Памирде кимдер калды?

Марвет Карими: Менин өз энемден бир эжем, бир сиңдим, бир иним бар. Өгөй энемден болсо алты уул, беш кыз бир туугандарым бар. Өгөй энем каза болгон. Атам Осмонажы да каза болгон. Памирде эми бир туугандарым менен апам эле калды.

"Азаттык": ​ Түркияда кала турган болсоң, кайсы кесипти окугуң келет?

Марвет Карими: ​ Эмне болсо дагы окуп билим алгым келет.

"Азаттык": Рахмат.

Памирден агасы Забихулла, жеңеси Пери коштоп келген бул өспүрүм кыз сегиз айдан бери Түркияда дарылануусун улантууда. Үчөөнүн визасынын мөөнөтү 2018-жылы аяктайт.

Ооганстанга караштуу Памирде 1400дөй кыргыз отурукташкан. Алардын 80% Ооганстандын жарандыгын алган. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азайып жатат, себеби аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли өтө төмөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG