Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Зилзаладан ооган кыргыздары да жабыркады


Ооганстандын Бадахшан провинциясында кыйраган үйлөр. 27-октябрь, 2015-жыл
Ооганстандын Бадахшан провинциясында кыйраган үйлөр. 27-октябрь, 2015-жыл

Түштүк Азиядагы зилзаладан өлгөндөр саны 300дөн ашканы кабарланууда.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, кечээги жер силкинүүдөн өлгөндөр саны Пакистанда бүгүн кеминде 237ге жетип калды, мындан сырткары дагы 1500дөй адам жаракат алды. Коңшу Ооганстанда болсо кеминде 76 кишинин өмүрү кыйылып, 230тан ашууну жаракат алды.

Бул зилзаладан Ооганстандагы этникалык кыргыздар жана ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын Ооганстандагы элчисинин кеңешчиси Учкун Эралиев жооп берди.

"Азаттык": Учкун мырза, кечээги жер титирөөдөн Ооганстан менен Пакистанда 300дөн ашык адам өлгөнү кабарланууда. Бүгүнкү күндө Ооганстандагы кырдаал кандай?

Эралиев: Зилзаланын очогу Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Журм деген жерде болду. Силкинүүнүн күчү 7,8 баллга жетти. Акыркы маалыматтарга караганда, 70тен ашык киши каза тапкан. Бул Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы.

Бизде консулдук каттоодо турган 50гө жакын кыргызстандык бар. Алар аскердик базаларда жана башка жумуштарда иштешет. Кечээ жер титирөө болгондо эле алар менен байланышканбыз. Бүгүн да байланышып, кабар алып жатабыз. Кыргызстандыктардын арасында жабыр тарткандар жок.

Дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе: Ооганстанда Улуу жана Кичи Памир тоолуу аймактарында жашаган этникалык кыргыздар да бар. Андагы кыргыздар менен да байланыштык. Алардын арасында жаракат алгандар, үйлөрү кыйрагандар бар экен. Бирок каза болгондор жок деп айтышты.

"Азаттык": Буга чейин зилзаланын күчү Кабулдун өзүндө да бир кыйла сезилди, анын айынан электр кубаты да жок деп айтылып жатты эле. Сиздер башка мекендештер менен кантип байланышка чыгып жатасыздар, дегеле маалымат алуу жагы кандай болуп жатат?

Эралиев: Чыны менен жер титирөө болгондон кийин бир саатка чейин свет жана уюлдук байланыш болгон жок. Андан кийин баары калыбына келди.

"Азаттык": Учурда жалпы абал кандай, силкинүү кайра кайталанбайт бекен? Мамлекеттик мекемелер кандай маалыматтарды, кеңештерди берип жатат?

Эралиев: Кечээ жер титирөөдөн эки-үч саат өткөн соң интернеттеги социалдык тармактарда жердин силкинүүсү кайра кайталанышы мүмкүн деген маалыматтар таркатылган. Ошол маалыматта жер титирөө болсо эмне кылуу керек деген сунуштамаларды айтып жатышты. Бирок, кудайга шүгүр, кайра кайталанган жок.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG