Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Зилзаладан өлгөндөр 300дөн ашты

Түштүк Азиядагы зилзаладан өлгөндөр саны 300дөн ашты. Расмий өкүлдөр билдиргендей, кечээги жер силкинүүдөн өлгөндөр саны Пакистанда бүгүн кеминде 237ге жетип калды, мындан сырткары дагы 1500дөй адам жаракат алды. Коңшу Ооганстанда болсо кеминде 76 кишинин өмүрү кыйылып, 230тан ашууну жаракат алды.

26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алган. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.

XS
SM
MD
LG