Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:52

Кыргыз бийликтери Сириядагы согушту жөнгө салуу боюнча кыргызстандык аскерлерди жөнөтүү сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы мындай демилге ЖККУ алкагында көтөрүлгөн, бирок түздөн түз сүйлөшүүлөр болгон эмес деп билдирди. Буга чейин Орусиянын Мамдумасынын Коргоо иштери боюнча комитет төрагасы кыргыз жана казак аскерлерин Сирияга киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы тууралуу айтканы маалымдалган.

Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы тууралуу маалымат 22-июнда тарады.

Орусиянын Мамдумасынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов жергиликтүү маалымат каражаттарына "Москва бул маселени Кыргызстан жана Казакстандын расмийлери менен талкуулап жатат, бирок акыркы чечим кабыл алына элек" деп билдирген.

Ал Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран, Түркия мамлекеттери өз ара кол койгон меморандумду эске салып, кыргыз жана казак аскерлери тынчтык аймактарындагы ок атуу режиминин сакталышын көзөмөлдөөгө тартылышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Бул маалыматты Сириядагы абалды жайгаруу боюнча Орусиянын өнөктөшү болгон Түркиянын расмийлери да ырастады.

Путин Кыргызстан, АКШ, Сирия тууралуу

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москвада жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан, АКШ, Сирия, өлкөнүн өзүндөгү актуалдуу маселелер туурасында суроолорго жооп берди.

Түрк президентин расмий өкүлү Ибрагим Калын 22-июнда Haberturk каналына сүйлөп жатып:

- Коопсуздук аймактарын түзүү боюнча Түркия, Орусия жана Иран ортосунда бир механизм иштелип жатат. Атайын жумушчу топ да түзүлгөн. Өткөн аптада Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев келип, бул маселени деталдуу түрдө сүйлөштүк. Орусиянын сунушу бар, балким кыргыздар менен казактар белгилүү сандагы аскер жөнөтүшү мүмкүн, - деп билдирген.

Калын маселе июль айында Астанада өтчү Сирия боюнча сүйлөшүүдө талкууланарын кошумчалаган. Сирияга аскер жөнөтүү кабары Кыргызстанда дароо талкуу жаратып, башкы жаңылыкка айланды.

Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

Бул маалыматка Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров комментарий берип, сөз Кыргызстандын куралдуу күчтөрү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингенти жөнүндө болуп жатат деген тактоо киргизди.

Анын айтымында, буга чейин Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде сөз болгон. Бирок Орусия менен түздөн түз сүйлөшүү жүргүзүлгөн жок:

- Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок.

Дал ушундай эле маалыматты Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" кабарлады. Иманалиевдин маалыматында, парламенттин тиешелүү комитети мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы боюнча кабары жок:

- 2012-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтык жана коопсуздук операцияларына катышуу жөнүндө" мыйзамга жана 2009-жылы кабыл алынган "Коопсуздук келишими жөнүндө" мыйзамга ылайык, Кыргызстандын кайсы бир операцияга катышуусу тууралуу өз алдынча чечим кабыл алынат. Ал үчүн өкмөт президент менен макулдашып, парламентке кайсы бир өлкөгө аскер жөнөтүү боюнча парламентке кайрылышы керек. Парламенттин тийиштүү комитетинде каралып, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен гана мындай чечим кабыл алынат. Мен билгенден, мындай сүйлөшүү жана өкмөттөн сунуш болгон эмес.

Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы да мындай аракеттерден кабары жоктугун билдирген. Ошентсе да, бул маселе коомчулукта, социалдык тармактарда эң көп талкууланган маселе бойдон калууда.

Путиндин Сирия жүрүшүнүн сыры

Буга чейин орусиялык РБК агенттиги Москванын Сириядагы бир күнкү аскерий чыгымын 2,5 миллион доллар деп болжолдосо, IHS Jane’s деген иликтөө борбор 4 миллион доллар деп эсептеген.

Бир катар саясатчылар, эксперттер бийликтер мындай демилгеге каршы чыгып, Кыргызстандын согушка аралашуусуна жол бербөө керек деп жатышат. Маселен, коопсуздук жаатындагы адис, генерал Артур Медетбеков бул саясий маселеге айланышы мүмкүн экенин айтууда:

- Бул согушка абдан чоң мамлекеттер катышып жаткан соң бизге окшогон чакан мамлекеттердин катышуусунан эч кандай деле майнап чыкпайт. Кыргызстан менен Казакстанды бул жараянга аралыштыруу саясий упай топтоо жаатында гана каралышы мүмкүн. Биздин өлкөлөрдүн Сирия менен түздөн түз карым-катнашы болсо иш башка эле. Кыргызстандын Сирия менен карым-катнашы, коргоо, аскердик жаатта байланышы жок. Ошондуктан, бул согушка аралашуунун пайдасы жок.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев бул маселе боюнча чечим кабыл алууга шашылбоо керек деген пикирин билдирди:

- Бул жөнөкөй маселе эмес. Көп тараптуу чечиле турган маселе. Буга БУУнун Коопсуздук кеңешинин, биз мүчө болгон ЖККУнун алкагында сүйлөшүп чечилчү маселе. Ал эми биздин өлкөлөрдүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деп билдирген соң бул сунуш коомдук талкуу үчүн эле чыгарылган маселе катары да кабыл алсак болот.

Эмне үчүн кыргыз-казак аскерлери?

Казакстандык саясий эксперт Досым Сатпаев мындай демилгенин көтөрүлүшүн себебин Орусиянын кызыкчылыгы менен түшүндүрүүдө. Анын айтымында, маселе ЖККУ алкагында каралбай эки өлкөгө гана багытталышы кызык жагдайды жаратууда:

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

- Бул жерде Кыргызстан менен Казакстан эле аталып, ага басым жасалып жатканы кызыктуу болууда. Эмнегедир ЖККУнун мүчөсү болгон Тажикстан же башка өлкөлөр айтылган жок. Бул орус тараптын көз карашы боюнча Казакстан менен Кыргызстан ЖККУ алкагында Москванын эң жакын саясий-аскердик өнөгү, ошондуктан бул теманы талкууласа болот. Бирок баарыбыз эле жакшы түшүнүп тургандай бул сунушту кабыл алуу туура эмес.

Сирияга аскер жөнөтүү боюнча Москва кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн экенин айрым талдоочулар буга чейин эле айтып келген эле. Маселен, коомдук ишмер Эдил Байсалов май айындагы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Бишкекке бейрасмий сапарын дал ушул маселеге байланыштырган:

- Эки-үч күн мурун Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге телефон чалганы кабарланган. Мындан соң Шойгу Астанага барып, андан соң Бишкекке келип сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Сириядагы коопсуздук зоналарын түзүүгө жана анда куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга байланыштуу болушу мүмкүн.

Анда кыргыз бийликтери Шойгу кыргыз-орус өкмөттөр ортосундагы биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулоо үчүн келгенин белгилеп, ачык маалымат тараткан эмес.

Чындыгында эле 5-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы кабарлаган. Анда негизинен Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча Астана сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы талкууланганы маалымдалган эле.

Андан мурун Астанада Сирияда маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өткөн. Орусия, Түркия, Ирандын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыгында кабыл алынган меморандумда быйыл 4-июнга чейин Сириянын борбордук, түндүк-түштүк аймактарында коопсуздук зоналарын түзүү каралган болчу.

Сириядагы алты жылга созулган жарандык согуш маалында жүз миңдеген адам өлүп, 11 миллиондон ашуун адам үй-жайынан безип, качкынга айланды.

Учурда бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир нече өлкө аскердик операцияларды жүргүзүп келет.

Кошмо Штаттар менен Түркия Сирия өкмөтүнө жана "Ислам мамлекети" баштаган террор топторго каршы күрөшүп жаткан сириялык куралдуу оппозицияны колдойт. Ал эми Орусия менен Иран Башар Асаддын өкмөтүнө колдоо көрсөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG