Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Ооганстандагы абал коңшуларды чочулатууда


Ооганстанда кырдаал туруксуз бойдон калууда. 28-февралда Гилменд провинциясында полиция бири бирине ок чыгарып, кагылыштан 11 киши набыт болду. Кошуна өлкөдөгү ушундай туруксуз абалда Тажикстан менен Орусия тажик-ооган чек арасын кайтарууну күчөтүүнү макулдашканы кабарланды.

Ооганстандын Гилменд провинциясы эң туруксуз аймактардын бири. Ал жерде талиптер 80% ашуун аймакты көзөмөлдөп турганы кабарланган.

Бул провинцияда дагы кандуу окуя болду. Провинция губернаторунун маалымат катчысы Омер Зуактын билдирүүсү боюнча, 27-февралда кечке жуук провинция борбору Лашкар Гахта полиция кызматкери кесиптештерине ок чыгарып, андан 11 полиция кызматкери жан таслим болгон.

Кол салган полиция кесиптештеринин курал-жарагын алып, полиция автоунаасы менен кеткен. Анын талиптерге барып кошулганы айтылып жатат. "Талибан" өз кезегинде 27-февралдагы кечки кол салууга жоопкерчиликтүү экенин жарыялады.

Ооганстанда 15 жылдан бери токтобой келаткан согушта кесиптештерине каршы курал көтөргөн, коалиция күчтөрүнө ичтен кол салуу чоң проблема болуп келатканы белгилүү. Ооган күчтөрү талиптерге сырттан да, катарына кирип алгандар менен ичтен да күрөшүүдө, бирок коопсуздук күчтөрдүн катарынан качкан дезертирлер да абдан көп чыгууда. Лашкар Гах болсо Гилменд провинциясындагы өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аз аймактардын бири.

Ооганстандагы туруксуз кырдаал Борбор Азия мамлекеттерин жана Орусияны тынчсыздандырып келатканы белгилүү. 27-февралда орус президенти Владимир Путиндин Тажикстанга сапары учурунда тажик-ооган чек арасындагы кырдаал көңүл борборунда болду. Путиндин айтуусунда, ал иш сапарында тажик-ооган чек арасында коопсуздукту күчөтүүнү тажик президенти менен макулдашты.

Владимир Путин Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту сактоодо Тажикстан өзгөчө маанилүү экенин белгилеген. Ал ошондой эле эки тарап Тажикстандагы Орусиянын күчтөрүн пайдалануу менен тажик-ооган чек арасын биргелешип кайтарууну күчөтүүнү макулдашканын Путин айтты:

- Орусия жана Тажикстан Ооганстанда “Ислам мамлекети” деп аталган сыяктуу террордук уюмдардын күчөшүнө тынчсызданууну тең бөлүшөт. Баңгизаттарын ташуу, чек ара аралык кылмыштарды кескин өсүүсүнө тынчсызданабыз. Мына ошого байланыштуу тажик-ооган чек арасын коргоону активдештирүүнү, анын ичинде бул ишке Тажикстандагы Орусиянын аскерий базаларынын мүмкүнчүлүктөрүн тартууну макулдаштык.

Тажик президенти Эмомали Рахмон да Оогандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бөлүнгөнүн белгиледи:

- Биз Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурдук. Бул кошуна өлкөдө коопсуздук жана тынчтыктын орношунун өтө маанилүү экенин биргелешип белгиледик. Эки тарап тең аскердик-техникалык кызматташууларды өнүктүрүүнү жактады. Биринчи кезекте, Тажикстандын коопсуздугунун кызыкчылыгында жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо максатында биздин куралдуу күчтөрдү модернизациялоону колдодук.

Орусиянын Тажикстанда 7 миңдей аскери бар. Алар Душанбеде, Куляб жана Курган-Тепа шаарларында жайгашкан.

Владимир Путин 28-февралда Кыргызстанга сапары учурунда Канттагы аскер база боюнча да сөз кылып, "кыргыз тарап талап кылса, биз бир күндө чыгып кетүүгө даярбыз" деп билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG