Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Сирия: коопсуз аймакты ким көзөмөлдөйт?


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров (ортодо), Сириянын башкы дипломаты Валид ал-Муаллем (солдо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо), Москва, 14-апрель 2017-жыл.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров (ортодо), Сириянын башкы дипломаты Валид ал-Муаллем (солдо) жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф (оңдо), Москва, 14-апрель 2017-жыл.

Сирия өкмөтү жаңы түзүлө турган коопсуз зоналарга Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндөгү эл аралык күчтөрдүн келишине каршы экенин билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министр Валид ал-Муаллем мындай аймактардагы ок атышпоо келишимин орус күчтөрү гана көзөмөлдөөрүн айтты.

Сирия өкмөтү Орусия, Иран жана Түркиянын сунушу менен түзүлө турган коопсуз аймактар боюнча негизги талабын жарыялады. Өлкөнүн башкы дипломаты Валид ал-Муаллем бийлик коопсуз аймактарга орустардан башка чет элдик күчтөрдү киргизгиси келбегенин 8-майда Дамасктагы маалымат жыйынында айтты.

Өткөн аптадагы Астана сүйлөшүүлөрүндө макулдашылгандай, 4-июнга карата Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрү баштаган төрт аймагында коопсуз зоналар түзүлөт. Бул аймактарда ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынат жана гуманитардык жардам жеткирүүгө жана качкындарга жол ачылышы зарыл.

Астана сүйлөшүүсүнө катышкан орус дипломаты Александр Лаврентьев мындай аймактар АКШнын учактары үчүн да жабык болоорун ишара кылган. Анын сөзүн улай Сириянын тышкы иштер министри ал-Муаллем да чет элдик күчтөргө каршылыгын билдирип олтурат:

- Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлү астындагы эч бир эл аралык күчтөр болбойт. Орусия келишимди кепилдеген тарап катары ал жерлерге аскердик полиция күчтөрү жөнөтүлөөрүн, чалгындоо борборлору ачылаарын билдирген. Андыктан бул аймактарда БУУнун же эл аралык күчтөрдүн ролу жок.

Астана сүйлөшүүсү
Астана сүйлөшүүсү

Президент Башар Асаддын тышкы иштер министри өкмөт коопсуз зоналарды түзүүгө макул экенин, бирок көтөрүлүшчүлөр келишимдин эрежесин бузса катуу жооп кайтараарын кошумчалады.

Сириядагы оппозиция лидерлери Астана сүйлөшүүлөрүндө бул макулдашууга камтамачылык билдиришкен. Алар ок атышпоо келишимине кепилдик берген өлкөлөрдүн арасына Ирандын кошулганына өзгөчө каршы болушкан.

Жети жылга аяк баскан согушта Сириянын президенти Асадды колдоп келген Орусия менен Иран жана көтөрүлүшчүлөрдү жактаган Түркия коопсуздук аймактарга өз күчтөрүн жөнөтөөрүн кыйытышкан. Бул аракет ишке ашса, үч регионалдык державанын ортосунда буга чейин болуп көрбөгөн аскердик кызматташтык түзүлмөкчү.

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Азаз шаарындагы жарылуу, 3-май 2017-жыл.
Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Азаз шаарындагы жарылуу, 3-май 2017-жыл.

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешин коопсуз зоналарды түзүү боюнча резолюцияны колдоого чакырды. Кеңештин мүчөлөрү учурда резолюциянын текстин карап жатканы белгилүү болду.

АКШ өкмөтү деэскалация келишимине кошулган эмес. Американын коргоо министри Жеймс Мэттис бул планды тыкыр текшерип жатышканын, бир катар суроолорго жооп жок экенин 8-майда айтты:

- Маселе дайыма деталдарда жатат, туурабы? Андыктан биз деталдарын карап чыгышыбыз керек. Алар эффективдүү иштеп кетеби, планды аткара алабызбы деген суроого жооп издейбиз. Башкача айтканда пландоо жана аны ишке ашыруу маселесинде бир канча өлкөлөр көп чечимдерди кабыл алышы керек.

Коопсуз зоналар түзүлө турган аймактарда ок атышууну токтотуу келишими дем алыштан тарта иштей баштады. Кармаш жалпысынан азайганы менен өзгөчө борбордук Сирияда майда атышуулар катталып жатат.

Орус президенти Владимир Путин менен Сирия президенти Асаддын Алепподогу сүрөтү, 9-март 2017-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Сирия президенти Асаддын Алепподогу сүрөтү, 9-март 2017-жыл.

Соңку план АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 10-майда Вашингтондогу жолугушуусунда талкууланганы жатат.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем макулдашуу көтөрүлүшчүлөр менен экстремисттердин ортосундагы чекти аныктайт деп үмүттөнөөрүн айтты.

Сирияда 2011-жылдан бери уланып жаткан согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Беш миллиондой адам качкынга айланды. Соңку макулдашуу бул согушка чейит коёт деп азырынча эч бир тарап так айта албай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG