Линктер

шаршемби, 24-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:18

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 10-майда Вашингтондо жолугат. Мамлекеттик департамент 8-майда билдиргендей, эки дипломат Украина менен Сириядагы кырдаалды жана эки тараптуу маселелерди талкуулайт. Бул маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да расмий сайтында тастыктады.

Тиллерсон мамлекеттик катчы катары өткөн айда Москвага жасаган алгачкы сапарында орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан. Анда мамкатчы эки тарап мамиленин солгундашын токтотууга аракет кылышы керектигин белгилеген.

Тиллерсон 3-майда эки өлкөнүн президенттери башкы дипломаттарына Сирияда тынчтык келишимин ишке ашыруу маселесинде чогуу иштешип көрүү тапшырмасын бергенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG