Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Түркиянын талаштуу аба соккусу


АКШнын аскердик командири (оңдон экинчи) күрт күчтөрү менен бирге Түркиянын аба соккуларына кабылган аймакты кыдырып жүрөт, Карачок тоосу, Сирия, 25-апрель.
АКШнын аскердик командири (оңдон экинчи) күрт күчтөрү менен бирге Түркиянын аба соккуларына кабылган аймакты кыдырып жүрөт, Карачок тоосу, Сирия, 25-апрель.

Түрк учактарынын Ирактын Синжар тоолорундагы жана Сириянын түндүк-чыгышындагы аба соккуларына АКШ тынчсыздануу билдирди. Түркиянын соңку аракетин Ирактын өкмөтү, Сириядагы күрт күчтөрү кескин айыптап чыгышты.

"Евфрат калканы" аскерий операциясынын алгачкы фазасы аяктагандан бир ай өтпөй Түркия Жакынкы Чыгышта кайрадан аракетке өттү. 25-апрелдин таңында түрк учактары Ирактын Синжар аймагындагы жана Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт жоочуларына таандык делген позицияларды бомбалады. Түрк армиясы бул аба соккулары Күрт жумушчулар партиясынын (PKK) согушкерлеринин курал-жарак жана жардыруучу заттар менен Түркияга кирип келишине бөгөт коюуну көздөйт деп ишендирүүдө.

Британиядан иш алып барган Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы шейшембидеги чабуулдан кеминде 18 адам мерт болгонун кабарлады. Күрт күчтөрү курмандыктардын санын так билдире элек.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын кадамына "терең тынчсыздануусун" билдирди. Сириялык күрт күчтөрү соңку аба чабуулдарын "чыккынчылык" деп атап, Түркияны террорчулукка каршы күрөшкө доо кетирди дешти. Ирактын Тышкы иштер министрлиги түрк аба соккулары өлкөнүн эгемендигине шек келтирди деп кабарлады.

Ирактагы язиди азчылыгы
Ирактагы язиди азчылыгы

Бул айтылгандарды Түркиядагы күрттөргө ыктаган Элдик демократиялык партиянын расмий өкүлү Ахмед Йылдырым да Диярбакыр шаарындагы маалымат жыйынында кубаттады:

"Бул кол салуу жалгыз эле күрттөргө эмес, адамзатка каршы багытталган. Мындай чабуулдарга каршы туруу үчүн күрт болуунун кажети жок. Инсан болуу жетиштүү. Бул сокку "Ислам мамлекети" тобунун ырайымсыздыгына каршы турган бардык күчтөрдү бутага алды. Ал күчтөрдүн ичинде күрттөр гана эмес, Сириянын арабдары, черкездери, армяндары жана түркмөндөрү бар".

Түркия Күрт жумушчулары партиясын (PKK) жана ага ыктаган Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG), Демократиялык биримдик партиясын (PYD) террорчул уюм деп эсептейт. Түрк өкмөтү Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө бул уюмдар менен кызматташкысы келбейт.

Күрт жумушчулар партиясынын күчтөрү 2014-жылы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан запкы жеген язиди азчылыгына жардам берүү үчүн Синжарга келип, андан бери аймакта таасирин күчөткөн.

Ирактагы күрт күчтөрү
Ирактагы күрт күчтөрү

Түркия буга чейин Ирак жана Сириядагы күрт жоочуларын бир нече жолу бутага алып келсе да, биринчи жолу Синжарга сокку уруп отурат.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жергиликтүү телеканалдар менен апрелдин башындагы маегинде Синжарды кооптуу уюмдардын чордонуна айлантуу аракети жүрүп жатат деп билдирген:

"Синжардын абалы өтө начар. Ал жакта Күрт жумушчулар партиясынын Ирактын Кандил тоолорундагы штабы сыяктуу экинчи чордон түзүү аракети бар. Ага Күрт жумушчулар партиясынын 2500 чамалуу мүчөсү катышууда. Түркиянын террор уюмдары менен эч кандай тилектештиги болбойт. Америкада да, Орусияда да мындай ниети болбошун каалайбыз. Себеби террористтин жакшысы же жаманы болбойт".

Түркия 2016-жылдын август айында "Евфрат калканы" аттуу аскердик операциясын баштап, ал март айынын соңунда аяктаганы жарыяланган. Максат Сириянын Түркия чектеш бөлүктөрүнөн "Ислам мамлекети" террор тобун сүрүп чыгаруу деп түшүндүрүлгөн.

"Евфрат калканы" операция учурунда "Ислам мамлекети" террор тобунан Сириянын Жераблус жана Эль-Баб шаарлары бошотулуп, 100 чакырымдай чек ара тилкесин тазалаган. Ошол эле учурда Анкара танктары, учактары жана жөө аскерлери менен "Эркин Сирия армиясы" аттуу куралдуу оппозициялык ири топко көмөк көрсөтүп баштаган. Бул топ күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуундары (YPG) менен да кармашып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG