Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Түркияда көпчүлүк Эрдогандын реформасын колдоду


Түркияда конституциялык реформа боюнча референдум өттү. Шайлоочулардын 51.3% конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогону белгилүү болду. Президенттин ыйгарым-укуктарын кыйла кеңейткен алымча-кошумчалар 2019-жылдан тарта иштей баштамакчы.

Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 99% саналып бүткөнүн, 24.9 млн шайлоочу колдоп добуш берсе, 23.6 млн каршы болгонун билдирет. Референдумдун расмий жыйынтыгы 11-12 күндө жарыяланат.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык президент Режеп Таип Эрдогандын ыйгарым-укуктары кеңейтилмекчи жана дагы 10 жыл бийликте калууга жол бермекчи. Элдик добушка коюлган 18 алымча-кошумчалар жактырылган учурда премьер-министрдин кызматы жоюлат, парламенттин ролу алсырайт жана президент сот системасын көбүрөөк көзөмөлдөп калмакчы.

Президент Эрдоган Стамбулдагы участокто добуш берип жатып, жекшемби күнү шайлоочулар «ооба» деп жооп беришсе, түрктөр өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууну колдошот дегенди билдирет деп, элдин демократиялык аң-сезимине ишенерин айтты.

- Бул референдум Түркияда жаңы башкаруу системасын түзүүнү, өзгөрүүлөрдү көздөйт. Кудайдын буйругу менен элибиз тез өнүгүүгө карай жолду тандайт деп үмүттөнөм.

Референдумда сунуштардын жактырылышына активдүү үгүттөп келген премьер-министр Бинали Йылдырым Измир шаарында добуш берип, өнөктүктүн жыйынтыгы кандай болбосун аны “урматтоо менен кабыл алабыз” деди.

55 миллиондой шайлоочу үчүн өлкө аймагы боюнча 167 миң 140 добушкана уюштурулган.

Участоктор ачылгандан көп узабай мамлекеттик маалымат агенттиги Диарбакыр чөлкөмүндө добушкананын сыртында эки үй бүлө жаңжалдашып, эки киши каза тапканын кабарлады. "Доган" агенттиги алар “саясий көз караштардан улам” талаша кетишкенин жазды.

Чет жерлердеги түрк жарандары болсо бир жума мурун добуш бере башташкан.

Референдумга бир нече күн калган кезде жарыяланган сурамжылоолор түрктөрдүн көбү алымча-кошумчаларды колдошот деп болжолдошкон.

Эрдоган жана башкаруучу Адилет жана өнүгүү (АК) партиясы күрт жикчилери, өткөн июлдагы төңкөрүш аракети, улам-улам кайталанып келаткан теракттар, кошуна Сириядан агылган эки миллионго жакын качкындарга байланышкан маселелер өлкө кубаттуу президенттик системага муктаж деген чечимге алып келди дешет.

Оппозициядагы Улуттук кыймыл партиясынын жетекчилиги да башкаруудагы партия менен тымызын макулдашуудан кийин добуш берүүчүлөрдү сунуштарды колдоого үндөп келди.

Бирок партиянын беш депутаты каршы добуш берүүгө үгүттөштү. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, оппозициялык партиянын жактоочуларынын кеминде үчтөн эки бөлүгү өзгөртүүлөрдү жактырбайт.

Түркиянын экинчи ири партиясы болсо – Республикачыл элдик партия түзөтүүлөргө каршы позицияны ээлейт.

Партиянын лидери депутат Силина Доган авторитардык мүнөздөгү өзгөртүүлөр Түркиянын Евробиримдикке кошулуу үмүтүнө чекит коет деп эсептейт.

Күртчүл оппозициялык топ – Элдик демократиялык партия да алымча-кошумчаларды антидемократиялык, сот системасынын көз карандысыздык принцибин бузат деп, каршылыгын билдирип келди.

Ички оппонеттердин айтымында, жаңы система ишке кирсе, ал “шайланган диктатура” болуп калат, бийлик бутактары бөлүнбөй, парламент мыйзам чыгаруу милдетинен ажырап, президент каталары үчүн жооп бербей каларын эскертишет.

Анкара - Брюссел алакасына жаңы сыноо

Батыш Түркиядагы конституциялык түзөтүүлөр президенттин колуна ашыкча бийликтин топтолушуна алып келет дешет.

Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюмунун пикиринде сунуштар адам укуктарына, мыйзам үстөмдүгүнө, Түркиянын демократиялык келечегине коркунуч жаратмакчы.

Европа кеңеши өзгөртүүлөр демократиялык коомго мүнөздүү бийликтин бөлүнүшүн, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту, сот системасынын көз карандысыздыгын кепилдебейт деген терең тынчсыздануусун билидирди.

Адам укуктары боюнча Ервопа комиссары Нилс Музниекс 12-апрелде жасаган билдирүүдө конституцияны кайра карап чыгуу Түркиянын ансыз да чабал сот системасынын автономдуулугун чектейт деп билдирген эле.

Ай башында болсо Германиянын канцлери Ангела Меркел Анкарадагы визити маалында сунуш кылынган реформа “терең саясий трансформацияга алып келээрин” айткан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоолорго байкоо салган тобу 7-апрелде үгүт иштери жана добуш берүү былтыр ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген чукул кырдаал алына электе өтүп жатканын белгилеген.

Уюм ошондой эле ошол чукул кырдаал фундаменталдуу эркиндиктерди чектеп жатканын, миңдеген киши – мугалимдер, соттор, журналисттер, мамлекеттик түзүмдөрдө иштегендер камалып, жумуштан алынганына басым жасады.

Өзгөртүүлөргө каршы чыккандар болсо аларга басым жасалганын, ал эми колдогондорго тескерисинче бардык шарттар түзүлүп, гезиттерде орун, үгүт иштери үчүн каражат бөлүнүп бергенин айтышат.

Аналитиктер сунуштар калың элдин колдоосун тапса, Түркия менен Евробиримдиктин өз ара мамилелери кыйла начарлайт деп боолголоп келишти.

Эрдоган жана тарапкерлери Европа өлкөлөрүндө үгүт кампаниясын жүргүзүүгө аракеттенип, бирок бир катар өлкөлөр тыюу салганда ортодо дипломатиялык араздашуулар пайда болгон эле.

Түрк президенти буга чейинки сөздөрүн кайталап, Европа “демократия, адам укуктары жана эркиндиктин континенти эмес, репрессиялар, зордук-зомбулук, нацизимдин чордонуна айланды” деп 13-апрелде айтты.

Еврошаркеттин Анкарадагы мурдагы элчиси, аналитик Марк Пьерини конституциялык реформа колдоо тапса, Биримдик менен Түркиянын мамилелери таптакыр үзүлгөнгө чейин барышы мүмкүн деп эсептегендерди бири:

- Референдум Түркия президентинин пайдасына аяктаса, Батыш дүйнөсүнө дал келбеген система орнойт. Бийлик бир адамдын колуна топтолот. Иш жүзүндө бир киши башкарган система пайда болот. Бул болсо Евробиримдиктин нормаларына каршы келет.

Ошол эле маалда айрым эксперттер Анкара-Брюссел алакаларына оптимисттик көз карашта.

Түрктөр референдумда эмнеге добуш берет?

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG