Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Түркия Нидерланддарга нааразы


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк тышкы иштер министрин кондурбай, ал эми үй-бүлө жана социалдык саясат боюнча министрин өлкөдөн чыгарып салганы үчүн Нидерланддар кымбат төлөшөт, “Батышта нацизм өлбөптүр” деп айтты.

12-мартта Стамбулдагы сыйлык тапшыруу аземинин биринде сүйлөгөн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бир күн мурда айткан сөзүн кайталап, Нидерланддардын өкмөтүн “нацизм жана фашизм” үчүн айыптады.

- Соңку бир нече күн Батыш анык жүзүн көрсөттү. Окуялар башталганда бул фашисттик басмырлоо деп айттым. Мен нацизм өлгөн деп ойлогом. Андай эмес экен, нацизм Батышта жоголбоптур, мен жаңылыптырмын - деген Эрдоган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышогулга Франциянын Мец шаарында 12-мартта өткөн митингде түрк жарандарына кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк бергени үчүн француз бийликтерине ыраазычылык билдирди.

Эрдоган өткөн жумада ушуну менен экинчи жолу НАТО боюнча өнөктөштөрүнө карата нацизм деген сөздү колдонуп айыптады.

Түрк диаспораларынын митингдерин өткөрүүгө уруксат бербей койгону үчүн 5-мартта Германияны “нацисттик тажрыйбаны колдонуп жатат” деп айткан. Бул ирет Нидерланддар үчүн алардын кадамы кымбатка түшөрүн эскертти:

- Нидерланддар, Түркия менен алаканы садага чапканыңар кымбатка түшөт. Дагы бир жолу кайталайм, кымбатка түшөт. Биз азырынча эч кандай кадамдарга бара элекпиз.

Нидерланддардын премьер-министри Марк Рутте Эрдогандын билдирүүсүн “чектен чыккан, акылга сыйбас” деп сындады. 12-мартта тараткан билдирүүсүндө Рутте эки өлкө ортосундагы чыңалууну жоюу үчүн болгон аракеттерди көрөрүн кошумчалады.

Андан бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри Нидерланддар бул окуя үчүн Анкарадан кечирим сурашы керектигин айткан.

- Кечирим сураш керек деп айтып жаткан адам бизди фашисттер деп атап, нацисттердин өлкөсү деп айтты. Мен чыңалууну жоюуга аракет кылам, бирок кечирим сурабайм - деди Рутте 12-мартта телеканалдардын бириндеги таңкы берүүдө сүйлөгөндө.

Нидерланддардын премьер-министри Марк Рутте
Нидерланддардын премьер-министри Марк Рутте

11-мартта Голландиянын өкмөтү Чавышоглу келаткан учактын конуусуна уруксат берген эмес. Бул кадамын Голландиянын бийликтери Роттердам шаарына келаткан министр “коомдук тартипке жана коопсуздукка бүлүк салат" деген тобокелдиктен улам кабыл алганын түшүндүргөн.

Ушул эле күнү кечирээк Германиядан Нидерланддарга машине менен өткөн Түркиянын үй-бүлөлүк иштер жана социалдык саясат боюнча министри Фатма Бетул Саян Каяга Роттердамгы түрк консулдугуна кирүүгө тыюу салынып, өлкөдөн чыгарылган.

Эки министр тең кийинки айда өтө Түркияда өтө турган референдумду колдоого багытталган митингдерде сөз сүйлөшмөк.

Нидерланддардын бийликтери Европанын дагы башка мамлекеттериндеги бир нече шаардын мэриялары менен бирге түрк министрлеринин катышуусунда өтө турган Европадагы түрк диаспораларынын митингдерине тыюу салышкан. Андай акцияларга Австрия менен Швейцария да уруксат беришкен эмес.

Бул митингдер аркылуу түрк саясатчылары Европадагы түрк диаспоралынын добуштарын топтоого аракет кылышууда.

Түркияда апрель айында конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда өлкөдөгү башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү каралат. Оппозиция мындай өзгөртүү өлкөдөгү бийликти бир колго топтойт деп чочулайт.

Британ тышкы иштер министри Борис Жонсон эки өлкө ортосундагы эскалация жоюлат деген ишеничте:

- Бул аябай кайгылуу көрүнүш. Анткени эки мамлекет тең НАТОго мүчө жана биздин жакшы досторубуз. Менин түрк кесиптешим Мевлют Чавышоглу жаңы эле чалды. Албетте, ага эгер мени менен түштөнгүсү келсе, азыр эле келе берсе болоорун айттым. Аны эч нерсе токтото албайт. Эки өлкө тең ортосундагы түшүнбөстүктөрдү тезирээк чечип алышат деген ишеничтемин.

Голландиянын чечими эки өлкөдө тең нааразылык акцияларын жаратты. 12-мартта Роттердамдагы түрк консулдугунун алдына чогулгандарды таркатуу үчүн полиция иттерди колдонуп, суу бүрктү. Демонстранттар полицияны көздөй таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытышты.

Ал эми Түркияда наарызылык демонстрациясына чыккандардын бири Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугуна кирип барып, падышачылыктын туусун түрктөрдүкүнө алмаштырып салган.

Демонстрант тууну алмаштырган соң “Аллоху Акбар” деп кыйкырып, качып кеткен. Бир нече мүнөттөн соң Нидерланддардын туусу өз ордуна коюлду.

Роттердамдагы Түркиянын консулдугунун алдына чогулгандар.
Роттердамдагы Түркиянын консулдугунун алдына чогулгандар.

Нидерланддар менен Түркиянын ортосундагы чыңалуудан улам коопсуздук маселесине байланыштуу консулдук убактылуу жабылган. Консулдуктун алдына чыккан жүздөй адам имараттын алдына кара гүлчамбар коюп “Нидерланддар, биздин чыдамыбызды сынабагыла” деп кыйкырып турушту.

Нидерланддарда 400 миңдей түрк тектүү жаран жашайт. Ал эми Германияда 1,4 миллион түрк жаран бар. Алар 16-апрелге белгиленген Түркиянын конституциясын өзгөртүү боюнча референдумга катышууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG