Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Нидерланд эки түрк министрин киргизген жок


Түрк демонтсранттары.
Түрк демонтсранттары.

Нидерланд бийлиги түрк демонстранттарын таратуу үчүн атчандар полициясы тартылып, суу бүркүгүчтөр колдонулду.

Жүздөгөн демонстранттар түрк министрлеринин катышуусунда өтчү үгүт митингине тыюу салган Роттердам шаарынын бийлигинин чечимине каршы акцияга чыгышкан.

Ага чейин Нидерланд бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жана үй-бүлө иштери боюнча министри Фатма Саян Каянын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес.

Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

Министрлер Роттердамда Түркиянын Баш мыйзамын өзгөртүүнү жактаган үгүт митингине катышмак.

Роттердамдын мэри митингди коопсуздук чараларынан улам өткөрүүгө тыюу салган. Мындан соң министр Чавушоглунун учагынын Роттердамга конуусуна уруксат берилген эмес.

Министр Саян Кая Твиттердеги баракчасына аны Германия менен чектеш Неймеген шаарына алып баратканын жазды. Кийин белгилүү болгондой, автоунаа менен Роттердамга кирген Саян Кая полициянын коштоосунда Германияга чыгарылган.

«Бүт дүйнө мындай фашисттик аракетке каршы чара көрүшү керек. Аял министрге карата мындай мамилени кабыл алууга болбойт”-деп жазды түрк министри.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да Голландия бийлигинин чечимине нааразылыгын билдирип, Нидерланддын бийлигин “фашизмдин калдыгы менен ооруйт” деп сындады.

Би-Би-Си түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын “силер биздин тышкы иштер министрибизди канча кааласаңар да киргизбешиңер мүмкүн. Көрөбүз, эми силердин учактарыңар эми Түркияга кантип учаарын” деген сөзүн шилтеме кылды.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рутте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын айыптоосун “чектен чыккандык” катары баалады. Рутте журналисттерге сүйлөп жатып, түрк тараптын ачууланганын түшүнөрүн, бирок “Нидерланд Түркия менен мамилени бузбоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын” билдирди. “Албетте, бүгүнкү күн түрк-нидерланд мамилери үчүн жакшы күн болгон жок” деди Рутте.

Ошол эле учурда Анкарадагы Нидерланд элчилигинин имаратында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, дипломатиялык мекемеге кетчү жолдор жабылды.

Түркия.
Түркия.

Нидерланд элчиси учурда өлкө тышында болгондуктан, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги дипломаттын Анкарага кайтып келишин каалабай турганын билдирип чыкты.

Түркияда апрель айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда өлкөдөгү башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү каралууда.

Оппозиция мындай өзгөртүү өлкөдөгү бийликти бир колго топтойт деп чочулап жатышат.

Марттын башында Германиянын бийликтери да түрк министрлери катышууну көздөгөн үгүт митингине уруксат берген эмес.

Германияда жашаган түрктөрдүн ичинен 1,4 миллион адам 16-апрелге белгиленген Түркиянын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумга катышууга укуктуу.

Ал эми Нидерландда болсо болжол менен 400 миңге жакын түрк жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG