Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Эрдоган Батышка каарын төктү


Түрк президент Эрдоганды колдогон акцияда анын сүрөтүн кармап турган демонстрант. 31-июль,
Түрк президент Эрдоганды колдогон акцияда анын сүрөтүн кармап турган демонстрант. 31-июль,

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш өлкөлөрүн терроризмди жана аскер төңкөрүшүн колдойт деп айыптап чыкты.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Батышты терроризмди жана аскер төңкөрүшүн колдойт деп айыптап чыкты. Мындай катуу сыны 2-августта Анкарада айтылды. Ал ириде АКШны эске алды:

- Улуттук коопсуздугубузга, стратегиялык объектилерибизге кол салган бирөөнү берүүңөрдү каалап жатам. Силер болсо аны өлкөңөрдө сактап, жашоосуна шарт түзүп атсаңар, демек биз кандайча стратегиялык өнөктөшпүз? Кызыгы, анын эң маанилүү каржы ресурстары Америкада. Америкадагы мектептеринен эле жылына 200-300 млн доллар киреше алат. Батыш демократиянын жанындабы же төңкөрүшчүлөр тараптабы? Террорчунун жанындабы? Тилекке каршы, Батыш террорчуга колдоо көрсөтүп, алар тарапта болууда, - деген Эрдоган Гүленди эске салууда. Июлдагы төңкөрүш аракетине түрк бийлиги АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, аны өткөрүп берүүнү талап кылган. АКШ анын төңкөрүшкө тийешесин далилдеген документтерди сураган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган

Эрдоган мурдатан Батыш менен салкыныраак мамиледе. Акыркы жылдары качкындар маселесинде Евробиримдик - Түркия жакындаша баштаган. Андагы сүйлөшүүгө ылайык, Түркия качкындарды Европага өткөрбөй, өзүндө кармаса, ал үчүн акча бөлүнмөк. Түркиялыктар Евробиримдикке визасыз каттап калмак. Башка да шарттар бар эле.

Ал шарттардын бири болгон терроризм боюнча мыйзамдарды жумшартуудан Эрдоган баш тарткан соң сүйлөшүү токтоп калган. Ушул темага кайрылган президент европалыктарга да ачуу сөздөрүн агытты:

- Үч миллион сириялык жана ирактык качкынды өлкөбүздө жайгаштыруу менен Европаны биз корудук. Ал эми Европа сөзүнө турган жок. Дагы деле ишке ашырган жок. Карагыла, бизге жыл аягына чейин үч миллиард евро беришмек, беришпеди. Бюджетке да кирген жок. Сириялык жана ирактыктар үчүн жумшала турган акча бизге келиши керек болчу.

Эрдоган жалпысынан Батыш төңкөрүш аракетинен кийин да, ага чейин да Түркияны колдободу деп таарынууда.

Андан бир күн мурда, 1-августта Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жогорудагы келишимдин тагдыры ара жолдо калганын айткан:

Германиянын тышкы иштер министри
Германиянын тышкы иштер министри

- Мындан ары да виза режимин либералдаштыруу боюнча Түркияда амбиция бар. Бирок буга байланыштуу так шарттарды Түркия ушуга чейин аткарбай келет. Ошондон улам Евробиримдик визаны либералдаштыруу маселесин чече албайт. Түркия бул үчүн да бир кыйла иштерди жасашы керек. Азыркы шартында аларды жасайбы, жасабайбы, аны такташыбыз керек.

Ошол эле учурда Батыш да төңкөрүш аракетинен кийин Эрдогандын бийлиги тең салмактуу жаза принцибинен тайып, ашкере камакка алуулар күчөгөнүнө тынчсызданган. Өзгөчө журналисттер камакка алына баштаганда чочулоолорун билдирген.

16-июлга оогон түнү Түркияда аскерлердин бир бөлүгү төңкөрүш жасоого аракеттенип, таңга жуук ал басылган. Ошондон кийин өлкөдө камоолор күчөгөн. Төңкөрүштү Гүлен жана анын тарапташтары уюштурду деген бийлик күч түзүмдөрүнөн, билим берүү, медиа жана башка тармактардан миңдеген адамдарды камап, жумуштарынан айдаган.

Акыркы жылдары өлкө жетекчилеринин деңгээлинде терроризмге айыптоолор күчөгөндөй. Анткени өткөн жылы Түркия орус учагын атып түшүргөндө Орусия президенти Владимир Путин Эрдогандын өзүн терроризмге жан тартат деп айыптаганы бар.

XS
SM
MD
LG