Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Атамбаевдин мигранттарга берген убадалары


Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген диаспора өкүлдөрү.
Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген диаспора өкүлдөрү.

21-июнда Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен Москвада жолугушту.

Кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрүн уккан мамлекет башчысы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да Орусиядагы кыргыздар менен тыгыз иштешүүнү убада кылды.

"Жүк-200" көйгөйү

Орусияда каза тапкан мигранттардын сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүүдөгү оорчулуктар тууралуу кабар алган президент бул ишке 5-10 миллион сом берүүнү убада кылды.

- "Жүк-200" боюнча элчиликке тапшырма берейин. Эгерде биздикилер (Кыргызстандык авиакомпаниялар – автор) албай жатса, мен жыл аягына чейин керектүү 5-10 миллион сом бөлүп берейин. Кат бергиле мага. "Жүк-200" бекер келиши керек.

Буга кошумча Орусияга келе жаткан жарандар үчүн миграция эрежелери камтылган китепчени бир айда бүтүрүүнү тапшырып, буга дагы өзү каражат бөлөөрүн белгиледи.

Айдоочулук күбөлүк боюнча Медведев сөз берди

Ал эми Орусиядагы кыргызстандык айдоочуларды түйшөлткөн айдоочулук күбөлүк маселеси боюнча кыргызстандыктарга жеңилдик берчү атайын долбоор иштелип чыгарын кабарларды.

- Кечээ Владимир Путин менен жолугушканда да, бүгүн Дмитрий Медведев менен жолугушканда да берген суроом ушул айдоочулук күбөлүк боюнча болду. Мен «силер беларустарга бекитип берейин деп жатыпсыңар, бизди эмнеге бөлүп койдуңар» деп айттым. Дмитрий Анатольевич сөз берди. Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү Орусияда жарактуу болушу керек. Бул боюнча долбоор жазып, жөнөтүү керек.

Орусияда 1-июндан тарта чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынган. Мындан улам жүздөгөн кыргызстандык мигранттар жумушсуз калганын билдиришкен.

Атамбаев дин тууралуу

Миграциялык көйгөйлөрдөн тышкары Атамбаев дин маселесине токтолуп, жарандарды ислам менен араб маданиятын чаташтырбоого чакырды.

- Ислам менен арабдын маданиятын чаташтырбагыла. Арабдын маданияты өзүнө буйрусун. Акты киеби, караны киеби, бул - маданият. Дин башка. Туура, кечээ Путин менен "тентектик" кылып койдум, бирок мен Курани Керимди беш-алты жолу ар бир сүрөсүн калем менен окуганмын. Курани Каримди окусаңар анда айтылган да. "Мен силерге Куранды түшүнсүн деп арабча берип атам" деген. Бул арабдар үчүн биринчи берилген, экинчиден аялдар хижаб кийсин, тиги-бу деген жок. Мен орусча котормосун окугам. Анткени, Валерия Порохованын котормосу Сауд Арабиянын уламалар кеңеши тараптан бекитилиптир. Ал жерде хижаб кийгиле, айрыкча жанагы кара мүшөк кийгиле дегендин эч нерсеси жок да. Биз эң байыркы элбиз. Радикал ислам кийим сыяктуу майда-барат нерселерден башталат.

"Чек ара чечилет"

Чет жакта иштеген кыргызстандыктарды Өзбекстан, Тажикстан менен чечилбей келген чек ара маселелери кооптондурарын уккан президент расмий иш мөөнөтү бүткүчө бул суроону чечүү үмүтү бар экенин билдирди.

- Жакында эле Астанада өзбек президенти менен сүйлөштүм, мен аны он жылдан бери билем. Тажик президенти менен дагы сүйлөштүм. Буюрса, кандайдыр бир жыйынтыкка чыкканы турабыз да. Менин ушундай үмүтүм бар. Кеткенче, жок дегенде биринчи келишимдерге кол коеюн деп. Ушул жерден ачык айтайын. Көп жерлер убагында кетип калган. «Кеткени менен ратификация болбойт» деп айтып жатышат, андай эмес. Ар бир үлүш өзүнчө ратификация болбойт, 50-100 үлүш чогуу өтөт. Ошондуктан бир эле жолубуз калды биздин. Айла жок, азыр «макул, болгону болду, бизге жок дегенде ордуна башка жер бергиле» деп жатабыз. Ушундай соода жүрүп жатат. Мен Шавкат Миромоновичке дагы, Эмомали Шариповичке дагы айттым, «кеткиче кол коюп кетейин» деп. Менде эрк бар, бирок биздин кызыкчылыкты эске алуу менен.

Түштүккө жаңы аскерий база

Ошондой эле Атамбаев терроризм коркунучунан улам Орусияга Кыргызстандын түштүк облустарында дагы бир аскерий база ачуу сунушу айтылганын кабарлады.

- Бул маселе мурун эле айтылган болчу орустарга. «Мындан ары Канттагы базаны чоңойтконго, күчөткөнгө уруксат бербейбиз» деп ачык айткам. «Эгерде база салам десеңер, ошол Тажикстан менен чек арага чогуу салалы» дегем. Анткени чындыгында бир балээ болгону турат. Тажикстан эмне болуп кетет?! Андан бери келбегендей кылып, бекитиш керек.

Мигранттар менен жолугушуу учурунда.
Мигранттар менен жолугушуу учурунда.

Таза коом, таза шайлоо

Ал эми келерки президенттик шайлоо боюнча суроо салган мигранттарга Атамбаев таза шайлоо өткөрүүнү убада кылды.

- Шайлоо тынч өтөт. Оюндарды жасайм дегендер чыкса, камайбыз. Жеңем десе жеңсин. Бардыгына бирдей шарт түзүп жатабыз. Менин эсимде бар. Ошол эле 2007-жылы Медет Садыркулов келип, «силердин партияга беш мандат, анан жети мандат» деп, ушундай заман болгон. Президенттик шайлоолорду дагы көргөнбүз. Азыр башкача. Биздин системаны Европа союзу өрнөк катары кабыл алып жатат. Силер бул жактан камырабагыла. Биз Кыргызстанда таптаза өткөрүп беребиз. Биякта эмнегедир жарандарыбыз шайлоого таптакыр катышпайт, муну моюнга алыш керек.

Атамбаевди ойлонткон Сибир кыргыздары

Президент иш мөөнөтү буткөндөн кийин Орусиядагы кыргыздар менен тыгыз иш алып барарын айтып, келечекке пландары менен дагы бөлүштү.

- Мен отставкага кеткенден кийин Орусиядагы кыргыздарга, Сибирдин кыргыздарына бир топ убакыт арнайын деп жатам. Быйыл күздүн башында Путин менен сүйлөштүм, урматтуу Владимир Путин менен, Сибир тарапка үч-төрт облуска барам. Ал жакта кыргыздар жашап жатат. Аттары башкача, бирок биздин кыргыздар. Сибир деген шибер деген кыргыздын сөзү. Кыргыздар канча чачыранды болуп бөлүнүп жүргөнбүз, эми бириктире турган мезгил келди. 20-июлда бул боюнча илимий конференция өткөрөбүз. Сибирден баштап Шинжаңга чейин бир топ жерде кыргыздар бар. Аларга «кыргызбыз» деп эскертебиз. Албетте мигранттарга дагы көңүл бурулат.

Жолугушууда Орусиянын жарандыгын алган мигранттар Кыргызстанга кайтканда чет элдик жаран катары мигарциялык каттоого турууга мажбур болуп жатканы айтылды. Алмазбек Атамбаев бул маселе парламентте каралып, этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспортун берүү боюнча жаны мыйзам иштелип чыгышы керек деген ою менен бөлүштү. Бейрасмий маалыматтар боюнча эгемендүүлүк жылдарында Орусияда жарандык алган кыргызстандыктардын саны 500 минден ашуун.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG