Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Атамбаев Медведев менен жолугушту


Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Орус өкмөт башчысы эки өлкөнүн кызматташтыгы экономикалык кыйынчылыктарга карабай өсүп жана бекемделип жатканын белгиледи. Буга мисал катары эки тараптуу жана ЕАЭБнын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлорду мисал келтирди.

Атамбаев келечектеги кызматташа турган пландарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кубаттап, Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси таптакыр башка деңгээлге жеткенин белгиледи.

20-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Кремлде орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. Сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлган.

Атамбаев Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен 19-июнда барган. Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкыртстанга да барат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG