Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

"Орусия Сирия операциясына катышууну Кыргызстан менен Казакстанга сунуш кылып жатат" деген алгачкы божомол Сирия боюнча Астанада май айында өткөн акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки өлкөнүн президенттери менен чукул жолугуп кеткен соң айтылган.

Бирок Сириядагы согушту жөнгө салууга кыргызстандык аскерлерди жөнөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалыматты президент Алмазбек Атамбаев четке какты.

Орусиянын айрым сайттары муну Мамлекеттик думанын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып билдирген.

Москванын бул маселедеги кызыкчылыгын "Азаттыкка" аскерий талдоочу Александр Гольц чечмелеп берди.

Гольц: Албетте, бул Орусиянын кызыкчылыгындагы иш экени айныксыз. ЖККУ көп жагынан символикалык уюм же болбосо анын алкагындагы негизги милдеттер Орусияга жүктөлгөн деп ачык айтсак жарашат.

ЖККУнун ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрү деле символикалык мүнөзгө ээ. Ага тийиштүү укуктук ченемдер Борбор Азияда жагымсыз иштер болсо, Орусиянын ага ыкчам кийлигишүүсүнө мүмкүндүк бериши керек.

Эми капысынан эле ЖККУ маанилүү эл аралык альянс экенин көргөзүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк жаралып отурат. Орусия үчүн ЖККУ өлкөлөрү Сирия операциясына тынчтыкты кармоочу жамааттык күч иретинде катышып жатат дегендин өзү символикалык мааниге ээ. Менимче, азыркы кырдаалда Орусия Сирияда өзүнүн жердеги операцияга катышуусун минималдаштырууга аракеттенип жатканы да маанилүү.

Жер Ортолук деңизинен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобун талкалоо үчүн атылган Орусиянын ракетасы. 22-июнь
Жер Ортолук деңизинен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобун талкалоо үчүн атылган Орусиянын ракетасы. 22-июнь

Алдыда де-эскалация зоналарын кайтаруу, көзөмөлдөө өтө көп болбосо да белгилүү бир сандагы аскер күчүн талап кылат. Кыргызстан менен Казакстандын жардамы мына ушул жерден тийиши мүмкүн.

“Азаттык”: Демек Орусия өз аскерлерин Сирияга жетиштүү санда жөнөткүсү келбейби?

Гольц: Орусияга тирүү күч керек, дагы бир жолу кайталайм, ал Сирияда өзүнүн жердеги операцияга катышуусуна абдан этияттык менен кароодо. Де-эскалация режимин көзөмөлдөө үчүн белгилүү бир контингент керек. Андыктан Кыргызстан менен Казакстандын жардамы ашыкча болбошу айныксыз.

Анткени, жаңжал зонасында жердеги күчтөрдө тобокелдик көп. Орус бийликтери үчүн Сириядагы аскерлери арасында жоготууга жол бербөө жагы да маанилүү. Жалпысынан Орусия үчүн Казакстан менен Кыргызстандын Сирия операциясына катышуусу символикалык эле эмес, практикалык да мааниге ээ болот.

“Азаттык”: Сирияда азыр Орусиянын өзүнүн канча аскери бар жана бюджет жагынан канчага турууда?

Сирия
Сирия

Гольц: Аскерлердин так саны белгисиз, болжол менен 3-4 миңдин тегерегинде болсо керек. Чыгым жагын да эч ким билбейт. Ал эми ачык булактарда айтылып жүргөн эсептерге мен чоң скептицизм менен карайм. Бизде Сирия операциясынын наркын эсептегидей так маалыматтар жок.

“Азаттык”: Орусиянын Сирия операциясынын максаты, маңызы боюнча Батышта тескери көз караш бардыгы белгилүү. Ал жарандык согушта президент Башар Асаддын режимин ачык колдогону үчүн айыпталып жүрөт. Буга Орусиянын өзүндө коомдук пикир кандай?

Гольц: Орусиялык коомдук пикир бул операцияга кыйла эле оң маанайда. Ага профессионал аскер кызматчылар гана катышып жатат, жоготуу дээрлик жокко эсе, операция негизинен абадан гана жүргүзүлүп, душмандын турумдары ийгиликтүү бомбаланып жатат деген ишеним бар.

“Азаттык”: Сирия боюнча Астанада май айында өткөн соңку сүйлөшүүлөрдө Орусия, Түркия, Иран макулдашкан, расмий Дамаск колдогон, бирок сириялык оппозиция каршы чыккан, АКШ түшүнүксүз жагдайлары көп деп атаган план боюнча төрт де-эскалациянын зонасынын картасы июнь айынын башында аныкталуусу керек эле. Бул маселе азыр кайсыл деңгээлде?

Гольц: Тараптар азырынча ошол де-эскалация зоналарын кайсыл жерде, кантип түзүү керек жана алардагы режим кандай болору боюнча сунуштарды гана алмашып жаткандай. Менин түшүнгөнүм боюнча акыркы макулдашуулар азырынча жетишиле элек.

“Азаттык”: Эгер Орусия ЖККУ боюнча өнөктөштөрү Казакстан менен Кыргызстандын аскерлерин кайсыл бир санда алып бара алса анда Бишкек менен Астана Сириянын ички саясий жаңжалында Москванын турумун колдоп калган болобу?

Орусиялык аскерлер. Сирия
Орусиялык аскерлер. Сирия

Гольц: Дэ-эскалация зоналарын камсыздоо формалдык жактан кайсыл бир тараптын катарында аскерий аракеттерге катышуу дегенди билдирбейт. Бул тынчтык орнотуу операциясы болот го. Бирок башка жаңжалдарда мына ушундай зоналарды түзүүнүн кайгылуу тажрыйбасы бир нерсени көргөзүп турат. Мындай зоналар түзүлөр замат эле ошол куралдуу жаңжалдын катышуучулары өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп кеткен учурлар көп эле болгон. Де-эскалация режими сакталбастан көбүнчө бузулуп калса, аны камсыздагандар да кандайдыр бир деңгээлде сириялык ички жаңжалга тартылган болуп калат.

“Азаттык”: Азырынча чечим кабыл алына элек деңизчи, бирок кандай дейсиз Орусиянын сунушу менен Казакстан жана Кыргызстандын Сирия операциясына катышканы бул өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыгына жооп береби?

Гольц: Чынын айтсам, Сирия операциясына катышуу бул эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы иш деп ойлобойм. Ооба, бир жагынан ал бул өлкөлөрдүн эл аралык баркын көтөрөт. Бирок экинчи жагынан Сирия операциясына кандай катышсаң да “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери ошол өлкөнү өзүнүн душманы катары санай баштайт. Дагы бир жагы Кыргызстан менен Казакстан Ооганстанга жакын турганын эске алганда да, мен бул өлкөлөрдүн Сирия жаңжалына аралашканы алардын кызыкчылыгына жооп берет деп ойлобойм.

Атамбаев: Сирия боюнча суроо көтөрүлгөн эмес

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG