Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Кадырбеков: БШКга ишеним жоголуп жатат


Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.

“Ак шумкар” саясий партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев билдирүү таратып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүп жатканын айтып чыкты. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын эки мүчөсү "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, президенттикке аттанган Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту. Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол койгон катта Текебаевди сынактан өткөрүү маселесин фракция лидерлери менен талкуулап, чечүү өтүнүчү айтылган. Шайлоо өнөктүгү учурундагы талаш-тартыштар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков ой бөлүштү.

"Азаттык": Президенттикке талапкер Темир Сариев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматынан пайдаланып, мыйзамсыз үгүт жүргүзүп жатканын айтты. Ал киши чукул арада кызматын тапшырышы керек деди. Бул талап канчалык жүйөлүү?

Ишенбай Кадырбеков: Мыйзам боюнча үгүт качан болот? Эгер ал мени шайлагыла деп же анын кишилеринин Жээнбековду шайлагыла деген сөздөрү айтылып кетсе, үгүт деп эсептелет. Ал эми премьердин республиканы кыдырып жолугушуп жатканы үгүткө кирбейт. Бул мыйзам чегиндеги иш. Бирок маселенин башка жагы бар. Президенттик шайлоо жарыялангандан тарта паспорту бар кыргызстандыктардын баары шайлоочу болуп эсептелет. Демек ал ким менен гана жолугушпасын шайлоочулар менен кездешүүдө.

Сооронбай Жээнбековдун аймактарды кыдырып жүргөн учуру.
Сооронбай Жээнбековдун аймактарды кыдырып жүргөн учуру.

Ошол эле кезде анын атаандаштарында андай мүмкүнчүлүктөр жок. Бардык талапкер каттоодон өткөндөн кийин шайлоочулар менен жолугалы деп расмий үгүт күнүн күтүп отурушат. А бул киши премьер катары эл менен кенен жолугуп, кээ бир учурларда мен тапшырма бердим, бюджет кызматкерлеринин айлыгын көтөрүш керек деген сыяктуу сөздөр айтылууда. Теңдик болбой жатат. Бул жагынан БШК токтоткула, мындай мүмкүнчүлүктү колдонбогула деп моралдык жактан болсо да сөз айтса болмок.

"Азаттык": Тең мүмкүнчүлүктөр демекчи, БШКнын эки мүчөсү спикерге кайрылып, анда шайлоо комиссиясына ишенимди жогото турган окуялар болуп жатат, кайсы бир талапкерди тесттен өткөрүү маселесинде деп жазышты. Парламенттеги фракция лидерлери менен БШК мүчөлөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрүүнү өтүнүштү. Акыркы окуялар БШК аброюна канчалык шек келтирет?

Ишенбай Кадырбеков: Катуу шек келтирет. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин азыркыга чейин кыргыз тилинен тесттен өткөрбөй турганына БШК бар же жок дебей, эч бир чечим кабыл албай жатканы бир жагынан таң калыштуу. Экинчи жагынан алар бирөөнүн тапшырмасын аткаргандай болуп турат. Алар сотко кайрылгыла деп жатат. Бирок бүгүнкү күндө БШКнын чечимин Кыргызстандагы бардык аткаруу бийлигиндегилер аткарышы керек. Алар чечим кабыл алышы керек – тесттен өткөргүлө деп. А беркилер аны жеткирип, тесттен өткөрүлүшү керек. Мына, элүү миңден ашык шайлоочулардын колун топтоп "Ата Мекен" партиясы БШКга өткөрдү. Ошончо киши биз ушул адамдын шайлоого катышуусуна макулбуз деп жатышат. А БШК билмексен. Убакыт болсо, өтүп жатат. Кийин анан Текебаевди кыргыз тилинен тесттен өткөн эмес деген шылтоо менен талапкер катары каттоодон өткөрбөйт. А тесттен болсо, өздөрү өткөрбөй жатат. Мына ушундайларды, премьер-министрдин шайлоочулар менен жолугушуусунун моралдык жагын көрмөксөн болуп жаткандан кийин БШКга ишеним жок болуп жатат. Кийин шайлоо бүткөн күндө да башында эле, шайлоо башталганга чейин эле ушундай иш кылып жатканына жаман баа берилет.

Өмүрбек Текебаевдин азыркыга чейин кыргыз тилинен тесттен өткөрбөй турганына БШК бар же жок дебей, эч бир чечим кабыл албай жатканы бир жагынан таң калыштуу. Экинчи жагынан алар бирөөнүн тапшырмасын аткаргандай болуп турат.

"Азаттык": Мына ушул жагдайлардан улам кийин шайлоо жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнө, ага чейин үгүт иштеринин калыс, бейтараптуулугуна көлөкө түшөт деп, БШКнын эки мүчөсү спикер Чыныбай Турсунбековго кайрылып жатышат. Өмүрбек Текебаев да спикерден бардык талапкерлердин конституциялык укуктарын камсыздоону өтүнгөн эле. Ушундай күмөндүү, кыйчалыш жагдайларда спикер эмне кылышы керек?

Ишенбай Кадырбеков: Депутаттын, талапкердин, шайлоочулардын укугу тебеленип жаткандан кийин спикер катары регламенттин негизинде депутаттарды кезексиз жыйынга чогултушу керек. Ушундай маселе коюлуп жатат, фракция лидерлери силерге да тиешелүү, баа берели деп кезексиз сессия өткөрүшү керек. Бул анын милдети. Анткени азыркы эң чоң маселе шайлоо, мамлекеттин башчысын шайлап жатабыз.

Бул жерде кеп Текебаевде эле эмес, аныкы пассивдүү укук. Бул жерде анын президенттикке чыгышын каалаган шайлоочулардын укугун бузуп жатканда чогулбаган депутаттар качан чогулушат? Алар БШКга талап коюп, муну аткаргыла деген чечим кабыл алышпаса да, туура эмес болуп жатат деген оюн айтып коюшу керек. А депутаттарга мүмкүнчүлүк, шарт түзө
турган киши бул – спикер.

Борбордук шайлоо комиссиясында эксперттер менен өткөн жыйын. 7-август, 2017-жыл
Текебаевдин «Кыргызтест» көйгөйү күн тартибинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG