Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 13:51

Мамлекет башчысы болууну самагандардын бир даары өлкөгө президенттик башкарууну кайтарууну убада кылышууда. 2010-жылкы элдик ыңкылаптан соң парламенттик башкаруу системасына өтө баштаган Кыргызстанда бул талапкерлер эмнеге президенттик башкарууга кайра ыктап жатышат?

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктады. Өлкө башчысы кызматын көздөгөн саясатчылар шайлоо программасы менен учкай тааныштырып, анын ичинде өлкөнүн башкаруу системасы боюнча көз караштарын билдирип жатышат.

Талдоочулар бул жаатта талапкерлер президенттик жана парламенттик башкаруу системасына ыктагандар болуп экиге бөлүнүп жатканын белгилешет.

“Сереп” изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулунун айтымында, бул жолку шайлоодо бир катар талапкерлер президенттик башкаруу системасына кайтып барууну сунуштап чыгышты:

- Жалпысынан караганда Бабанов сыяктуу талапкерлер референдум аркылуу башкаруу системасын өзгөртөм деген таризде пикирлерин билдирип жатат. Калгандары деле ачык айтпаса да, көпчүлүгүнүкү президенттик башкаруу системасына жакын позицияда болгону билинип турат.

Бул адис белгилегендей, негизги талапкер болот делген саясатчылардын бир даары шайлоодо жеңип келсе, президенттик башкарууга өтөрүн ачык айтып чыгышты. Алар мындай позициясын өлкөдө акыркы жылдары жоопкерсиздик күч алганы, президент муну тартипке салышы керектиги менен түшүндүрүүдө.

Маселен, "Өнүгүү" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү парламенттик демократия куруу аракетинен майнап чыккан жок деп эсептеп, президенттик башкарууга өтүүнү сунуштаган эле:

- Биздин мамлекеттик курулуш системасындагы негизги бир кемчилик бар. Көп убакыт парламенттик демократияны курууга аракет кылдык. Бирок биздин коалициялык эксперимент максатына жетпей калганын моюнга алуу керек. Кыргызстанда бүткүл эл тарабынан добуш берип шайланган мамлекеттик кызматкер бар. Ал - президент.

Ошондой эле Адахан Мадумаров, Турсунбек Акун сыяктуу талапкерлер күчтүү президенттик системаны орнотуу менен өлкөнү тартипке салуу зарылдыгын билдиришүүдө.

Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов да башкаруу системасын өзгөртүүнү колдоп чыккан. Ал өлкө толугу менен парламенттик же толугу менен президенттик башкаруу системасын тандашы керектигин айтууда:

- Түп-тамыры менен башкаруу системасын өзгөртүү керек. 2020-жылы шайланган парламент толук укукка ээ болот. Анда Конституцияны өзгөртүү боюнча маселени эл алдында референдумга алып чыгуу зарыл. Парламенттик системабы же толук кандуу президенттик системабы? Элибиз ошондо тандап туруп өз добушун бериши керек.

Ал эми бийлик партиясы Социал-демократтардан аттанган Сооронбай Жээнбеков башкаруу системасын өзгөртүү боюнча эч кандай турумун билдире элек. Бирок ал азыркы президенттин реформалык багытын улантам дегенине караганда, парламенттик башкаруу системасын чыңдоону көздөп жаткандай.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев болсо Конституция баш болгон мыйзамдарды обу жок өзгөртө бербей, жетекчилер өздөрү өзгөрүшү керектигин билдирген. Бирок Сариев бийлик бутактары ортосундагы тең салмактык жана көзөмөл кылуу функциясы бузулганын белгилеп, аны ордуна алып келүү үчүн кеңири талкуу зарылдыгын белгилеген.

Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, айрым талапкерлер президенттик башкарууга өтүүнү сунуштаганы менен, аны кантип ишке ашыруунун жол-жобосун сунуштай алышкан жок:

Акаев, Бакиевдин мезгилинде күчтүү президенттик башкарууну көрдүк. Бул деген татаал маселе.
Шерадил Бактыгулов

- Биз президенттик башкарууну басып өткөнбүз. Акаев, Бакиевдин мезгилинде күчтүү президенттик башкарууну көрдүк. Бул деген татаал маселе. Башкаруу системасын өзгөртөм дегени менен аны кантип ишке ашырат, мисалы Кыргызстандын кирешеси канчага көбөйөт деген суроолорго жооп бере алган жок.

Ошол эле кезде 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Кыргызстан тандап алган парламенттик демократияны өнүктүрүү зарылдыгын "Ата мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев, профессор Камила Шаршекеева, жарандык активист Рита Карасартова сыяктуу талапкерликке үмүткөрлөр билдирүүдө.

Маселен, Рита Карасартованын айтымында, күчтүү парламенттик башкаруу менен гана бийликти көзөмөлдөп, демократияны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болот:

- Чыныгы парламенттик башкарууга өтүүнү сунуштап жатам. Айрымдар эмнеге Батыштын баалуулугун алып келүү керек деп ойлошот. Чыныгы парламентаризм - бул өкүлчүлүк. Ал болсо кыргыздарда болгон. Эмнеге айрымдар парламентаризмдин кереги жок деп жатышат. Себеби, биз парламентаризмди кура элекпиз. Эсептеп көрсөк, өлкөдөгү парламенттин укуктары 51 пайызды гана түзөт экен. Ал 60 пайыздан ашып, толук көзөмөлдү орноткондо гана өзгөрүүлөрдү көрсөк болот.

Ошол эле кезде Борбор Азияда жалгыз парламенттик башкарууну тандап, жаңы системаны калыптандырууга багыт алган Кыргызстанда жети жыл өтпөй өлкөнүн эң жогорку кызматына талапкерлер арасында президенттик башкарууга өтүүнү каалагандардын көп болушунун себеби эмнеде деген суроо жаралууда.

Саясий адис, профессор Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, бул жагдайды бир нече себеп түшүндүрүүгө болот.

- Биринчиден, чынында эле өлкөдө бир катар иштерге ким жооп берери түшүнүксүз болуп жатат. Экономикадагы абал, башка маселелерге жоопкер адам же орган жок болуп калды. Экинчиден, Жогорку Кеңешти түзгөн партиялардын тизмесиндеги кемчилик. Эл бул тизмеге ынабай жатат окшойт. Үчүнчүдөн, президенттик шайлоодо персоналдык жоопкерчилик мааниге ээ да. Талапкерлер көпчүлүк маселеге жоопкерчиликти алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилегиси келип, мен кыйынмын, элдин мүдөөсүн аткара алам дегенди көрсөтүүнү көздөп жатат.

Ал эми Борбор Азия эл аралык университетинин окутуучусу Аида Алымбаева Кыргызстандагы шайлоочуларды өлкөдөгү башкаруу системасы боюнча маселе анча деле кызыктырбай турганын айтат. Ошондуктан, талапкерлер бул маселени өз кызыкчылыгына жараша колдонууга шарт түзүлүүдө дейт эксперт:

- Өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштуу шайлоочуларды алгач экономикалык, социалдык маселелер кызыктырат. Бул жагынан жарандарыбызды деле түшүнсөк болот. Мындай абалда бийликти денцентрализациялоо же башкаруу системасын реформалоого кызыккандар деле аз. Ошондуктан, талапкерлер ошого жараша сөздөрдү айтып жатышат. Азыркы абал ушундай.

Президенттик шайлоого талапкер болуп катталам дегендердин ичинен 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом күрөө койгондор жана башка мыйзам талаптарына жооп бергендер гана расмий катталат. Азырынча “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жогорудагы талаптарды аткарып, талапкер катары расмий каттоодон өттү.

Учурда мамлекеттик тил боюнча сынагы жүрүп жатат. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG