Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:25

Ошентип Кыргызстанда мамлекет башчысы болууну самагандардан арыздарды алуу мөөнөтү аяктады.

Өлкөнүн лидери болууга умтулган 59 талапкердин сапаттык денгээлин кандай сыпаттасак болот, алардын президент болуу дымагы канчалык жоопкерчиликтүү, шайлоо процессинде оппозициялык жана мекенчил күчтөр биригиши мүмкүнбү, негизги атаандаштык кайсы күчтөрдүн ортосунда жүрөт, административдик ресурстардын, сырткы факторлордун таасири канчалык?

«Арай көз чарай» берүүбүздүн бүгүнкү талкуусуна Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары, саясий серепчилер Равшан Жээнбеков жана Бейшенбек Абдразаков катышты.

«Азаттык»: Равшан мырза, мамлекеттин биринчи адамы болууну көксөгөндөрдүн саны 59га жетип токтоду. Сапаттык жагынан талдап көргөндө Кыргызстандын башчысына бараткандар кимдер, сырткы саясий контуру, ички дарамети кандай адамдар?

Сырткы күчтөр кайсы бир талапкерди башка бир атаандашын убагы келгенде жаманатты кылуу үчүн чыгарып жатышы мүмкүн.
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков: Мен аларды эки топко бөлөт элем. Биринчиси - акчасы, башка ресурстары бар, мурда бийликте жүргөн, саясатка активдүү катышып жүргөн инсандар. Экинчиси - жогорудагылар менен кошо саясатка кирип, өзүмдү көрсөтөйүн, элге таанылайын деп жүргөн эски-жаңы адамдар десек болот. Кээ бирөөлөр айтып жаткандай президенттикке коюп жаткан адамдардын көптүгүнөн коркпошубуз керек. Бул да болсо мамлекетте кандайдыр бир эркиндиктин бардыгын айтып турат. Сот кайсы бир адамды соттолгон деп чечим чыгарганга чейин ар бир адамдын шайлоого катышууга укугу бар.

«Азаттык»: Мурдагы шайлоодо президент болууга умтулгандардын саны 80ден ашса, азыр 60ка жакындап калды. Мамлекет башына барууну каалагандардын басымдуусу саясий күрөштүн тактикалык куралы болуп жатат, башка бирөөлөрдүн айгактоосу, кысымы менен чыгып жатат дегендер жок эмес...

Равшан Жээнбеков: Мындай көрүнүштөр демократиялык көп эле өлкөлөрдө кездешет. Бирок бизге окшоп башка мамлекеттерге көз каранды болгон өлкөлөрдө көбүрөөк болот. Чынында эле азыркы учурда сырткы күчтөр кайсы бир талапкерди башка бир атаандашын убагы келгенде жаманатты кылуу үчүн чыгарып жатышы мүмкүн.

Бейшенбек Абдразаков: Талапкерлердин көп чыгышы Кыргызстан үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот. Бир миллион сом киргизгенден бери бир топ азайганы байкалды. Мен жалпы талапкерлерди үчкө бөлөт элем. Биринчилери - Бабанов, Жээнбеков, Сариев жана Төрөбаев негизги оюнчулар. Экинчилери - 26 жылдан бери коюп жүргөн Турсунбай Бакир уулу, Токтайым эже сыяктуулар. Үчүнчүлөр - бийликке ыктаган талапкерлер, аларды аймактардагы добуштарды бөлүү үчүн пайдаланышат. Мындан сырткары алар оппозициядан койгондорду шыбатуу үчүн керек болушу мүмкүн.

«Азаттык»: Бейшенбек мырза, адатта демократиялуу мамлекеттерде улутчул саясий күчтөр шайлоонун фаворити болот эмеспи, Кыргызстанда өзүлөрүн мекенчил деп эсептеген уюмдар дагы президенттикке өз талапкерин аттандырбадыбы, алардын дараметин кандай бааласак болот?

Мекенчилдердин жарымы бийликте, жарымы оппозицияда жүргөнү да өз таасирин тийгизди. Ошондуктан бул жолу көрсөткөн талапкери алдыга суурулуп чыга албайт.
Бейшенблек Абдразаков

Бейшенбек Абдразаков: Мекенчил уюмдар аракеттерин кеч баштап калышты. Анын үстүнө Кыргызстанда ашынган улутчул күчтөр жок. Алардын ортосундагы ынтымактын жоктугунан күчтүү инсанды даярдап, түртө алышпады. Мекенчилдердин жарымы бийликте, жарымы оппозицияда жүргөнү да өз таасирин тийгизди. Ошондуктан бул жолу көрсөткөн талапкери алдыга суурулуп чыга албайт. Келечекте чыгышы мүмкүн. Башка маселе, мындай шайлоодо дин маселеси алдыга чыгышы мүмкүн. Кыргызстанда 26 жылдан бери 2500дөн ашык мечит салыптырбыз. Дагы бир 20 жылдан кийин мамлекеттин саясий тагдыры Ак үйдө эмес, мечиттерде чечилип калышы мүмкүн. Ирандагыдай болуп диний лидерлерди президент кылып шайлап калышыбыз да ыктымал

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча ислам фактору бул шайлоодо аябагандай чоң роль ойнойт. Биз кырдаалга реалдуу түрдө карашыбыз керек. Бийлик өз талапкерине добуш алуу үчүн аймактардагы дин аалымдарын колго алышы мүмкүн, баарыбыз билебиз аларда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени алар азыркы бийликтен айлык алышат, көз каранды...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG