Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:29

Президент болууну көздөгөн саясатчылардын коопсуздук саясаты боюнча кандай пландары бар?

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн биринчи этабы бүткөнүн жарыялады. Саясий чоң жарышка катышып, мамлекетти башкарам дегендер ички жана сырткы коопсуздукту камсыздоонун кандай жолдорун көрүп жатышат?

Талапкерлердин коопсуздук боюнча ою

Мамлекет башчылык кызматка ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 59 киши арыз тапшырды. Алардын айрымдары өз программаларын учкай тааныштырып жатат.​

Президенттик жарышта өздөрүн негизги атаандаш катары эсептеген талапкерлер өлкө коопсуздугун сактоо эң маанилүү маселе экенине учкай токтолушкан.

Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

БШКга талапкер катары арыз берген коопсуздук жаатындагы адис Таалатбек Масадыков буга чейин "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда азыркы учурда коопсуздук эң негизги маселелерден экенин белгилеген, бирок чечүү жолдорун айткан эмес:

- Коопсуздук эң негизги маселе Кыргызстанда. Ички жана тышкы фактор бар. Тышкы фактор биздин колубуздан келбейт. Бирок аны кошуна мамлекеттер менен, биз менен өнөктөш катары иштеген мамлекеттер менен бирге чечишибиз керек. Ички факторду өкмөт чечиши керек.

Талапкерлигин көрсөткөн айрым саясатчылар курултайлардагы жана жыйындардагы сөздөрүндө коопсуздук маселесин үстүртөн гана баяндашып, жалпы сөздөр менен чектелишүүдө.

Маселен, Кыргызстан социал-демократтар партиясынан талапкер, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков экстремизм, терроризм менен күрөшкөн күч түзүмдөрүнүн функциясы так көрсөтүлөрүн, жоокерлерди социалдык жактан колдоо уланарын белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

- Экономикалык, криминалдык кылмыштар, экстремизм, терроризм менен күрөшкөн күч тутумдарынын функциялары так бөлүнөт. Бири-биринин функцияларын кайталабайт. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү реформаланып, алардын курал-жарак, техника, социалдык жактан камсыз болушу кескин жогорулады. Жоокерлерибизди социалдык колдоо жүрүп жатат. Бул саясат мындан ары дагы уланат.

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эки ыңкылапты башынан кечирди. Анын бири ок атышуу менен аяктап, ондогон кыргызстандыктардын башын жеди. 2010-жылдагы июнь коогасынан кийин улут аралык биримдик, мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөдөгү стабилдүүлүк башкы маселеге айланды. Талдоочулар мына ушул жагдайлар дале талылуу болуп турганын белгилеп жатышат. Коопсуздук маселесине учкай токтолгон Өмүрбек Бабанов бул өз платформасындагы беш маселенин бири экенин айткан:

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

- Ар бир адамдын коопсуздугу - мамлекеттин коопсуздугу. Террор менен экстремизм азыр күч алып жатканына күбө болуп отурасыздар. Биз бул тармакта ишти күчөтүшүбүз керек.

Кыргызстан көп кыйынчылыкты жеңиши керек

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков талапкер болом дегендерден бул тармакта иш билги саясат жүргүзүүгө ынтызарлыгын байкабай жатканын билдирди:

- Биздин мамлекетте тынчтык, стабилдүүлүк, коопсуздук маселелери жогорку деңгээлде каралып, туруктуу болуп, жоопкерчиликти тарта турган команда, башкаруучу адамдар жеткиликтүү иштей албаса, Кыргызстан көп кыйынчылыкка туш болот. Себеби кайсы мамлекет тынч, стабилдүү, коопсуз, мыйзамдуулук сакталса, ал жерге инвестиция да келет, туризм да өнүгөт. Ошондуктан мамлекеттин ичиндеги коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, маңзатты мыйзамсыз ташууга, экстремисттик идеяларга каршы күрөштү жүргүзүү керек.

Диний эксперт, мурдагы чекист Орозбек Молдалиев ички жана тышкы коопсуздукту өнөктөш уюмдар, кошуна өлкөлөр менен бирге чечүү зарылдыгын айтып, оболу экономикалык коопсуздукту колго алууну сунуштап жатат:

- Эл аралык деле, ички деле акыбалды эске алганда азыр кооптуу акыбалда туруп жатабыз. Ички коркунучтарды кантип жойобуз, тышкы коопсуздукка коркунуч келтиргендерден кандай кылып сактанабыз деген маселени айткан программа жок болуп жатат. Орусия менен Американын мамилеси күндөн-күнгө татаалдашып баратат. Биз болсо ЖККУнун мүчөсүбүз, ЕАЭБге кирдик, Орусиянын жанында отурабыз. Бизге окшогон кичине мамлекеттердин коопсуздугу кыйын акыбалга келип калган учурлар болуп атат. Адам биринчи өзүнүн өмүрүн коргогонго жанталашат. Ички армия кандай болот, ал кандай өнүгөт? Ал эми калганын бардык эле мамлекеттер союздаштары менен жасайт. Мисалы, БУУга мүчөбүз, ЕККУ, НАТО менен өнөктөшпүз, ал жагынан кандай жардам ала алабыз деп отуруп жасаш керек. Бирок өзүбүздүн алыбызга, күчүбүзгө биринчи ирет ишенишибиз керек. Мамлекет армиясы менен, танкы менен эмес, элдин биримдиги менен күчтүү. Ошондон башташ керек.

Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

Дүйнө тынч эмес

Коопсуздук жаатындагы экcперттер Орусия-АКШ мамилеси татаалдашып, Сирия-Ирак аймагындагы куралдуу жаңжалдар токтобой, Ооганстандагы абал тынчыбай жаткан шартта Кыргызстан коопсуздук маселесине олуттуу көңүл бурушу зарылдыгын белгилеп келишет. ​

Буга Сирияга азгырган же азгырылган кыргызстандыктардын тыйылбаганын, чек аралардын толук чечилбегенин кошуп, диний радикализмди, улут аралык жаңжалдардын алдын алуу, саясий туруктуулук сыяктуу маселелерди мисал келтирүүдө.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы, мурдагы чекист Токон Мамытов беш учурга көңүл бурду:

- Биринчи максат өлкөдө саясий кырдаалды калыптандырып, анан стабилдүүлүктү камсыздаш керек. Экинчиден, өлкөнүн ичинде жана тышкы саясатта дагы коңшу мамлекеттер менен эл аралык терроризм, экстремизм, диний фундаментализмге каршы иштерди уюштуруу зарыл. Үчүнчүдөн, ички коопсуздук маселесинде калктын билим деңгээлин жана маданият деңгээлин көтөрүш керек. Бул дагы чоң коопсуздук маселелердин бири. Төртүнчү экологиялык коопсуздук. Бешинчи экономикалык коопсуздукка көңүл буруу зарыл. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелери бар. Кандай президент болсо дагы муну чечүү оор, бир күндө чечилбейт. Бирок чек ара, коопсуздук маселелери негизги багыт катары бир топ иштерди уюштуруш керек. Коопсуздук маселелери боюнча беш жылдык программа кабыл алуу зарыл. Мындан сырткары дин аралык, улут аралык маселелерди да кароо кажет. Бул бүгүнкү күндүн эң коркунучтуу чакырыктарынын бири.

Президент болуу үчүн жарышка аттангандар өлкөнү өнүктүрүүнүн, жарандардын жаркын келечеги үчүн жасалчу иштер тууралуу учкай токтолуп, көбүнесе бийликти сындоо, саясий дымагын билдирүү менен чектелүүдө.

Саясатчылардын шайлоо алдындагы жүрүштөрүнө баа берген серепчилер президент болом дегендер азырынча коопсуздукка ынтаа койгон максаттарын, программаларынын долбоорлорун көрсөтө элек деп жатышат.

Талапкер болуп катталган саясатчылар үгүт иштерин 10-сентябрдан башташат. Талдоочулар мына ошол үгүт кампаниясы учурунда жаңы идеялар чыгат деп үмүт артышууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG