Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:15

Люис: Кыргыз шайлоосунда оюн көп


Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү тууралуу Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, пост-советтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люис "Азаттыкка" ой бөлүштү.

"Азаттык": Кыргызстанда президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 40тан ашты. Сиздин көз карашыңызда эмне үчүн мынчалык көп адам президент болгусу келип жатат?

Дэвид Люис: Кыргыз шайлоолорунда түрдүү топтордун арасында ар дайым күчтүү атаандаштык болуп келген. Өлкөдө ар кыл регионго, түрдүү экономикалык топторго көз каранды болгон көп социалдык жана саясий бирикмелер бар. Биз баарыбыз билебиз, шайлоону ким утса, ошол адам бир гана саясий көзөмөлгө эмес, экономикалык таасирге да ээ болот. Мындан улам көптөгөн саясий фигуралардын өз талапкерлигин көрсөтүп жатканы түшүнүктүү.

"Азаттык": Талапкерлерди көрсөтүү маселесинде эмне үчүн оппозициячыл топтордун, керек болсо бийликтеги саясатчылардын арасында биримдик байкалбай жатат?

Дэвид Люис: Өтө таң калычтуу деп ойлобойт элем. Кыргызстандын саясий тарыхын алып карасак, өлкөдөгү саясий партиялар ынтымактуу эмес. Анын үстүнө алар жалпы идеялардын эмес, жеке адамдын айланасында түзүлгөн. Андыктан бир партиядан эки адамдын шайлоого катышуу ыктымалдыгы таң калтырбайт.

Албетте, партия ичиндеги саясий эсептер да себеп болду. Саясатчылар шайлоону утуш үчүн эмес, кандайдыр бир саясий артыкчылыкка ээ болуу үчүн талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Андыктан өтө көп оюн жүрүп жатат. Татаал саясий абал жаралууда. Бирок партиялар ичиндеги биримдиктин жоктугу күтүлбөгөн жагдай эмес.

"Азаттык": Кайсы гана шайлоо болбосун добуш берүүчүлөрдүн тандоосуна таасир берген факторлор болот. Бул жолу кыргыз шайлоочуларынын чечимине кайсы факторлор көбүрөөк таасир этет деп ойлойсуз?

Дэвид Люис: Бардык жерде боло келгендей эле экономика негизги маселе болот деп ойлойм. Кененирээк масштабдан караганда саясий туруктууулукка да көңүл бурулат. Ынанымдуу экономикалык планын көрсөтө алган талапкер артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн.

Мурдагыдай эле шайлоочулардын кайсы бир жергиликтүү талапкерге, өздөрү жакшы тааныган же жакыныраак деп эсептеген адамдарга берилгендиги да таасир этет. Андыктан регионалдык аспект да шайлоо менен байланышта.

Натыйжада талапкерлер үчүн бүтүндөй өлкөнүн көңүл бурдуруу кыйын болот. Кимде ким кайсы бир региондун чегинен тышкаркы аймакта да популярдуу боло алса, анда анын жеңүү шансы жогорулайт.

"Азаттык": Кыргызстандагы шайлоолордо Орусия кимге артыкчылык берет деген суроо ар дайым талкууланып келет. Бул жолку шайлоодо орус фактору байкалабы?

Дэвид Люис: Так айтуу кыйын. Мага мурдагы шайлоолорго караганда алардын ролу азыраактай сезилет. Бир жагынан элде кандай саясатка артыкчылык бериш керек деген суроодо анык позиция бардай. Орусиянын чынында кандай таасири бар экени так белгисиз.

Албетте, Орусия үчүн бул өлкөгө ыктаган адамдын президент болгону жакшы. Менимче, мындай мүнөздөмө бул шайлоодогу талапкерлердин көбүнө тиешелүү. Мындан улам шайлоодон кийин Кыргызстандын тышкы саясатында чоң өзгөрүү болот деп да күтпөйм.

Бул шайлоодо талапкерлердин геосаясий позициясына эмес, туруктуулукка көңүл бурулат деп ойлойм.

КСДП партиясынын Бишкектеги курултайы
КСДП партиясынын Бишкектеги курултайы

"Азаттык": Акырында көз карандысыз Кыргызстандын саясий тарыхынан алып караганда бул жолку шайлоонун маанисин кандай мүнөздөйсүз?

Дэвид Люис: Албетте, абдан маанилүү. Себеби мурдагы шайлоолор туруксуздукка жана режимдердин өзгөрүшүнө себеп болуп келген. Бул шайлоо тынч өтөт деген үмүт чоң. Экинчиден, президент өз эрки менен кызматтан кетерин айтты. Мындан улам бул шайлоодо атаандаштык күчтүү болгондой таасир калтырууда.

Эгер шайлоо жараяны ийгиликтүү жыйынтыкталса, анда бул кыргыз тарыхындагы маанилүү учур болуп калат. Шайлоонун чөлкөм үчүн да мааниси бар. Борбор Азиядагы бир дагы өлкө мынчалык атаандаштык менен коштолгон жана жыйынтыктыгын жоромолдоо кыйын болгон шайлоо өткөрө элек. Эми шайлоо кандай өтөөрүн күтөбүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG