Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:45

Шайлоо-2017: БШКнын эки мүчөсү Текебаевдин тил сынагы боюнча спикерге кайрылды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын эки мүчөсү "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, президенттикке аттанган Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту. Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол койгон катта Текебаевди сынактан өткөрүү маселесин фракция лидерлери менен талкуулап, чечүү өтүнүчү айтылган.

7-августта БШКнын төрт мүчөсү Текебаевдин маселесин БШКнын отурумунун күн тартибине киргизүүнү сунушташкан. Бирок калган жети мүчөсү каршы чыгып, маселе каралган эмес. Алардын баамында, камактагы талапкерди тил сынагына киргизүү жол-жобосу мыйзамда каралган эмес. БШКнын төрайымдан тышкары 11 мүчөсү бар.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иши тергелип жаткан Өмүрбек Текебаев өзүн-өзү президенттикке көрсөткөн. Анын тарапташтары 40 миңге жакын кол тамга топтоп, БШКга тапшырган.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону негизсиз саясий буйрук деп четке кагып, өздөрүнүн актыгын баса белгилөөдө.

(UEz)

XS
SM
MD
LG