Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Шайлоого аттанган төрт саясатчы бирикти


Кыргызстанда төрт саясатчы, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоо алдында биригип, бир талапкерди сүрөмөй болушту. Ал талапкер ким болоору азырынча айтыла элек.

Саясат талдоочулар бул биригүү ириде бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго сокку болгонун белгилешүүдө.

"Бүтүн Кыргызстан", “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү саясий күч катары катышууну чечишти. Муну менен төрт саясатчы шайлоого чейин жаңы партия түзүп, бир талапкерди сүрөмөй болушканы алар түзгөн келишимде айтылат. Төрт саясатчынын бириккени тууралуу маалыматты Төрөбаевдин "Өнүгүү-Прогресс" партиясы таратты. Төрөбаев өзү да жакынкы күндөрү бул тууралуу билдирүү жасаарын партиядан кабарлашты.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да биригүү тууралуу маалыматты “Азаттык” радиосуна ырастап, кимдин талапкерлигин алып чыгышары жакын арада белгилүү болорун айтуу менен гана чектелди. Ал арада социалдык тармактарда саясатчыларды идеядан мурда регионализм бириктиргени талкуулана баштады. Бул суроого Мадумаров төмөнкүдөй жооп берди:

- Ооба, бириктик. Кол коюлду. Кимдин талапкерлигин алып чыгарыбызды жакын арада чечебиз, жарыялайбыз. Бириксең да, бирикпесең да баары бир сөз болосуң. Ошондуктан эмне десе ошо дешсин. Идея дагы, башкасы дагы, бардыгы биригип бизди бириктирди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Саясатчылар кызыкдар болгон бардык тараптар менен кызматташууга даяр экендигин да билдиришкен.

Оппозициялык "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" саясий партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков буга чейин эле президенттик шайлоого карата биригишкенин жар салышкан. Эми буларга Бакыт Төрөбаевдин кошулушу саясатчылардын утушу катары бааланып жатат.

Саясат талдоочулар бул биригүү ириде бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго сокку болгонун белгилешүүдө.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов саясатчылардын бул тобу Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин сүрөйт деп эсептейт:

- Мадумаров, Ташиев, Келдибеков Төрөбаевге капитуляциясына кол коюп бергендей эле көрүнүп турат. Үч эски саясатчы өздөрүнүн саясий упайларын таразалап көрүп, жаш Төрөбаевди колдоо үчүн бириккени болуп жатат. Албетте, бул Адахан Кимсанбаевич үчүн өтө чоң чечим. Ал киши өзүн өйдө койгон кишилердин бири. Булар азыркы учурда кандай гана болбосун өздөрүнүн этектерин жыйып, тазалап, реалдуураак деген мааниде ушул кадамга барып жатышат. Бирок менин оюмча эң негизги сокку Сооронбай Жээнбековго каршы болуп жатат. Анткени Жээнбеков өзүн ошол региондун өкүлү, үмүтү катары көрсөтүп жаткан. Мындай биригүүдөн кийин ал моралдык укугун жоготкону калды. Ал экинчи турга чыкпай калышы мүмкүн.

Серепчилер саясий жарыштын алдында мындай ирилешүү, сүйлөшүү жана соодалашуу аракеттери али алдыда экенин белгилешүүдө. Буга чейин дагы бир катар саясий күчтөр биригип, жеке амбицияларынан улам келише албай чачыраган учурлар Кыргызстандын тажрыйбасында кездешип келген. Ошондуктан саясатчылардын бул биригүүсүн туруктуу жана бекем болорун айтууга али эрте дешет.

Президенттик жарышка катышуу үчүн өзү дагы Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров кызмат бөлүштүрүү үчүн бириккен топтун келечеги жок деп эсептейт:

- Коньютуралык негизде биригип жатышкан болсо, мунун келечеги жок деп айтам. Себеби кээ бирөөлөр эртең шайлоодон кийин көчөдө калбайын, бир кызмат ордуна илешип калайын деп жатышса, бул - чоң жаңылыштык. Эгер идеологиялык негизде биригип жатышса туура. Азыр эл биздин жигит бир кызматка илинип калсын деп күткөн жок. Алар идеологиясы так, анык программасы бар талапкер келип, өлкөнү оңдосо, өнүктүрсө деп күтүп жатат.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

“Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева талапкерлер жеке дымак, ич ара ажырым, орток платформанын жоктугунан бир күчкө бириге албай жатат деген пикирин ортого салган. Буга регионалдык трайбализм да себеп болушу ыктымалдыгын белгилөөдө.

Ал эми саясий серепчи Марс Сариевдин божомолунда, өлкөнүн түндүгүнөн электоратты жоготпоо үчүн булар башка саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, катарына кошууга аракет көрүшү ыктымал:

- Бул түштүк жакта, аймактык биригүү болуп жатпайбы. Алар түндүк жактан ресурсту таптакыр жоготуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан булар соодалашат. Ким менен соодалашат? Соодалашуу түндүк жактан келаткан фигуралар Бабановго же Сариевге ылайыктуу болуп жатат. Биздин түштүк ресурсту сага беребиз деп Бабанов менен Сариевге сунушат. Анда КСДПдан Жээнбеков аябай оор абалда калат. Ошол эле кезде Жээнбеков менен да сүйлөшүп, КСДП менен соодалашканга жакшы технологиялык жүрүш табышты. Болбосо булар өзүнчө жүргөндө таптакыр эле шансы жок болчу. Шахматтык партияда булар жакшы партияда. Ошондуктан КСДП буларга киши жиберип сүйлөшкөнгө аракет кылат.

Жогоруда бириккенин жарыялаган Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев​ ар бири өз партияларынын атынан президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз жолдошкон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Серепчилер шайлоо эки айлампа менен өтөт деп божомолдоп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG