Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Жаштар "каралардын" акталышына кабатыр


Иллюстрация
Иллюстрация

"Жаңы-Муун" жаштар кыймылы президенттик жарышка чыккан саясий күчтөрдү шайлоодо уюшкан кылмыш топторунун кызматын колдонуудан баш тартууга чакырды.

Мындай чакырыкка соңку мезгилде оор кылмышка айыпталган айрым кримтөбөлдөрдүн биринин артынан экинчиси акталып, боштондукка чыгып жатканы себеп болду.

Бийликтин жана анын саясий атаандаштарынын шайлоодо "караларды" пайдаланууга жол берүүсү өлкө келечегин туңгуюкка кептей турганы эскертилди.

Ошол эле кезде ички иштер органдары боштондукка чыккан кримтөбөлдөр шайлоого таасир эте албасын, алардын кыймыл- аракеттери толук көзөмөлдө экени белгиленди.

Соттордун соңку чечимдери

Жакында Ош облустук соту милициянын полковниги Шоноевдин өлүмүнө шектелген Женго деген каймана ат менен белгилүү Кадыр Досоновду актаган Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Ага чейин райондук сот "Кадыр Досоновдун полковникти өлтүрүүгө буйрук бергени соттук териштирүүдө аныкталган жок" деген негизде аны актаган. Бирок маркум полковниктин атасы Курманбек Шоноев буга чейин уулунун өлүмүнө шектелген адам туурасында буларга токтолгон эле:

- Толкунбек өзүнүн кызматтык милдетине байланыштуу уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш алып барган. Кадыр Досонов болсо өзүнүн тандап алган жолу менен жүргөн. Ага менин угушумча, ар кандай иштер боюнча өтө эле көп даттануулар болгон. Аны түрмөдөн чыгарууга эч кандай негиз жок болчу. Бирок ал улам кармалып, кайра улам эле чыгып кетип турган. Бардыгына суроо узатсам эле ооздоруна талкан сугунуп алгансып жооп бере албай отурушат. Кимден жана эмнеден коркушканын айтпайт.

Кадыр Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу 2015-жылы кармалган. Шоноевди 2013-жылы үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Кийин буга байланыштуу алты адам кармалган. Алардын бири Кадырбек Сайдиев кылмыштын уюштуруучусу катары кармалып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал тергөөдө буйрукту Кадыр Досонов бергени тууралуу көрсөтмө берип, бирок кийин анысын өзгөрткөн.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Малик Нурдинов буларды айткан эле:

- Кечээ эле, февраль айынын алтысында ошол кылмышты уюштуруп, "кылмыштуу топтун лидерлеринин биринин атынан көрсөтмө алдык" деген киллер катары ок атууну ишке ашырган адам өзү кармалып отурат. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп, иштин жагдайлары такталып жатат.

"Каралардын" кадыры өстүбү?

Андан соң Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "Алтуха" деген каймана ат менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду "акча талап кылуу" деген кылмыш белгиси боюнча актап, маңзатын сактаганы боюнча айыптуу деп тапты. Ага төрт жыл күчөтүлгөн тартипте жаза чарасы чегерилип, бирок судья Дөөлөтбек Турдукожоев анын жаза мөөнөтү эскиргенине байланыштуу Ибраимовду бошотуу чечимин чыгарган.

Ошол эле кезде Москвада кармалган Карышкыр деген ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаковдун Кыргызстанга которулушу боюнча маалымат пайда болду.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Жаңы муун" жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлянбек Аскарбеков криминалдык төбөлдөрдүн удаа-удаа бошотулуп жатканынан шек санап, шайлоого катышып жаткан күчтөрдү "каралардын" кызматын колдонуудан оолак болууга чакырды:

- "Караларды" азыркы бийлик шайлоодо колдоно турган болсо, анда ал башка саясий күчтөргө дагы "аларды пайдаланса болот" деген белгини билдирет. Бийлик "караларды" колдонсо, анда анын саясий атаандаштары дагы спортчуларды же башка бир уюшкан топторду колдонууга барышы мүмкүн. Бул өтө эле кооптуу. Криминал саясатка аралашып алган соң, алар кийин өздөрүнүн оюнун жүргүзгөнгө жана максатына жетүүнү көздөгөнгө шарт түзүлүп калат. Алар укуктук мыйзамга эмес, өздөрүнүн түшүнүктөрүнө гана баш ийишет. Кримтөбөлдөрдүн биринин артынан экинчиси акталып жатышы коомчулукта кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн.

Досонов менен "достук" жок

Учурда Женгонун акталып чыгышына байланыштуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер орун алууда. Анын абактан чыгышы шайлоо менен байланыштуубу же бул жөн эле дал келүүчүлүкпү деген маселе турат.

Ишти караган сот өкүмдө Досоновдун полковникти аттырууга тиешеси бар экенин ырастай турган далилдер жоктугу белгилеген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Досонов шайлоого таасир эте албастыгына токтолду:

- Ал мурда каттоодо болчу. Кайра эле каттоого коюлуп, милициянын көзөмөлүндө турат. Себеби, ал бир иши боюнча акталып, башка кылмыш иши боюнча үй камагына алынды. Демек, ал кылмыш жоопкерчилигинен толук бошогон жок. Биз ишти тергеп бүтүп анан сотко өткөрүп бергенден кийин тагдырын сот чечиши керек. Башында кылмыш ишин аткаруучулар ага көрсөтмө берип, бирок тергөө абагында кайра мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөн.

Ошол эле кезде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын саясий эркин билдирүү укугун басмырлоого эч кимдин акысы жоктугун билдирди. Талапкерлерди, шайлоочуларды же шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн кимдир бирөөнүн пайдасына коркутуп-үркүтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экени эскертилди.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бул жагдай тууралуу мындай деди:

- Шайлоодо өзүнүн эркин билдирүү укугу ар бир жарандын өзүнө гана таандык. Кимдир бирөөнүн үстүнөн басмырлап, мажбурлап же болбосо анын добуш берүүсүн көзөмөлдөгөнгө акысы жок. Кимде ким бул аракеттерге жол берген болсо, ал мыйзамда каралган тартипте кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кара күч болобу же башка күч болобу эч кимге андай укук берилген эмес. Буга окшогон кандайдыр бир көрүнүштөр шайлоо учурунда боло турган болсо, анда бул тууралуу укук коргоо органдарына жана шайлоо комиссияларына билдирүү жөнөтүү керек.

Саясатчылардын уюшкан кылмыштуу топторду пайдалануу өнөкөтү 2004-2007-2009-2010-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо өзгөчө көрүнүп, катталганын ошол кездеги байкоочулар өз отчетторунда белгилешкен. Мына ошондуктан кримтөбөлдөрдүн удаа акталышына байланыштуу астыдагы шайлоодо дагы ошондой көрүнүштөр кайталанбайбы деген кооптонуулар жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG