Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:27

Акпаралиев Ала-Буканы "тескейби"?


Ала-Букада айылдык кеңештин төрагасы Дилмурат Акпаралиев тууралуу уу-дуу кеп көп.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда бюджеттеги каражаттын сарпталышы, эсеп-кысабы, тендерлер, айылдын негизги маселелери чечилбей жатканы боюнча нааразылык күчөдү.

Мыйзамсыз иштер тууралуу сөз болгондо төрт жылдан бери айылдык кеңеште төрагалык кылган Дилмурат Акпаралиевдин ысымы көп айтылат. Ал кылмыш дүйнөсүндө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү экени жана эки ирет соттолуп чыкканы тууралуу маалыматтар бар. Дилмурат Акпаралиев 2011-жылы уюшма кылмыш топторго каршы күрөш күчөп турганда камакка алынган жана аны жергиликтүү милиция уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири деп билдирген.

Акпаралиев убагында соттолуп чыкканын мойнуна алганы менен, ушул тушта “районду көзөмөлдөйт, бюджеттеги акчаны ар кандай айла-амал менен каалагандай калчайт, өзүмбилемдик кылат” өңдүү дооматтарды калпка чыгарды.

Бир миллион сомдук фонтан

Быйыл жайында Ала-Бука айылынын так ортосунда боз үй тибиндеги фонтан курулган эле. Долбоор боюнча анын жака-бели кооздолуп, гүлдөп, сүрөткө түшө турган, келген-кеткен конокторго көрсөтүп сыймыктана турган жерге айланмак. Бирок 31-август эгемендик күнүндө расмий ачылган, курулушуна 915 миңден ашык сом жумшалган фонтандан бир тамчы дагы суу аккан эмес.

Суу чыкпаган фонтан
Суу чыкпаган фонтан

Азыр жергиликтүү тургундардан “зарыл эмес курулушка эпсиз акча короду, сапатсыз, техникалык жактан ката салынды, тендерди мурда-кийин фонтан курбаган ишкана утту, акчаны жең ичинен кымыруунун бир айла-амалы болду” деген өңдүү дооматтарды угууга болот.

Фонтан тууралуу райондун акими Сонунбек Акпаралиев түшүндүрмө берди жана ачылышында суу чыккан деп ишендиргенге да аракет кылды:

- Эми кыш мезгилинде токтотуп койдук. Анткени азыр суу тоңуп калат. Биз аны өзүбүз барып ачканбыз, суу аккан. Анан долбоордогу жарык бериле турган жерин бузуп коюшуптур. Ал жерин оңдошкондон кийин биз "сууну чыгарбай тургула, тоңуп калып дагы проблема болбосун" дедик. Биз эми сууну жазында чыгарабыз.

Фонтан тууралуу аким менен айыл өкмөт башчысынын сөзү эки ача чыкты. Айыл өкмөт башчы Гүлнара Умарова фонтандын курулушунда кемчиликтер болгонун, мындан улам суу акпай калганын мойнуна алды:

- Фонтан ачылышы болгондо чынында эле суу аккан жок. Акпай калгандан кийин булар Оштон фонтан кургандарды алып келген. Азыр эми баарын жасап даяр кылды. Биз азыр 200 миңдей сомду которо элекпиз. Анан биз ошонун 100 миңин которуп бергенден кийин булар фонтан атат деп жатат. Азыр эми кар жаап, муз болуп жатпайбы. Бирок азырынча ишке кире элек. Кабыл ала элекпиз. Эгер суу акпай калса ошо кургандар өздөрү жооп берет.

Фонтан тендерлер тууралуу айтылып жаткан сындардын бир гана мисалы. Айтсак, быйыл Тарых жана маданият жылы деген шылтоо менен бир топ курулуш, оңдоо иштери жүргөн. Айкелдерди, маданий-коомдук жайларды оңдоо, эстелик орнотууга жүз миңдеген сом жумшалган.

Сыр "сүртүлгөн" айкелдер

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлнара Умарова үстүртөн сырдап-актап коюу менен чектелди, оңдоо иштери сапатсыз жасалды, бир топ акча желип кетти дегенге кошулбай турганын айтты:

- Облустук акимчиликтин алдындагы айкелдердин жөн гана баштарын сырдап эле койгон жокпуз. Айкелдер турган жердин арыктары кыйшайып калган, пайдубалы 20 жылдан бери оңдоло элек болчу. Андан сырткары бул жерде Курманбектин эстелиги, трибуна турат. Ошол трибуна эгемендик алгандан бери такыр оңдолгон эмес. Ошонун түбүн бекемдедик. Бетин жасаттырдык. Андан сырткары Султан Ибраимовдун эстелиги сейил бакка коюлду. Ошол жердеги "өчпөс отту" ремонттодук. Ооганчылардын 30 жылдыгына карата аларга эстелик курдуруп бердик. Нурмолдо музейинин айланасын тостук. Алды, ичи ремонт болду. Союз бузулгандан бери ремонт боло элек болчу. Мисалы, бул музейди оңдогонго 240 миң сом бөлгөнбүз. Айкелдерди оңдогонго 200 миң сомдон ашык акча кетти.

Администрациянын алдында турган айкелдер
Администрациянын алдында турган айкелдер

Ала-Бука айылы дотациядан чыккан саналуу айылдардын бири. Жылдык бюджети 50 миллион сомго жакын. Ал эми дотацияда турган райондун бюджети 170 миллион сомго жакын. Анын 30 миллион сому дотация болуп эсептелет.

Аким Сонунбек Акпаралиев Өнүктүрүү фондуна түшкөн акчанын жумшалышы боюнча маалымат берди:

- Ала-Букада он ай ичинде Өнүктүрүү фондубузга 16 миллион сом түшкөн. Биз ал каражат менен алты айылда "Таза суу" долбоорун ишке ашырдык. Жолго жумшалды. Райондун борборундагы жолдорду ирээтке келтирүү, тосмолорду коюу, фонтандарды куруу, жарыктандыруу иштери жасалды. Эски имараттарды кайра калыбына келтирип, Тарых жана маданият жылына карата айылдык клубдарды ремонттодук. Эми азыр экинчи транш да башталды. 1-декабрдан баштап айыл чарба техникаларын алалы, таза суу долбоорлорун дагы уланталы деп жатабыз. Бала бакчаларды куруу жана сатып алуу маселеси турат. Анан жол маселеси бар. Азыр эми кышында токтоп турат, бирок биз тендер жарыялайбыз. Тендер аркылуу ири объекттерди бүтүрөлү деген оюбуз бар. Азыр бизге Каржы министрлигинен 20 миллион сом бөлүндү, ошону биз декабрь айында жасалчу иштерге жумшайбыз.

Биз Ала-Букада жүргөнүбүздө бир топ аттуу-баштуу айылдык депутаттар менен жолугуп, бюджеттик акчанын эсеп-кысабы, сарпталышы боюнча пикирине кызыктык. Алардан айылдык кеңештин төрагасы Дилмурат Акпаралиевге карата айтылган сындар тууралуу да сурадык. Баары эле кемчиликтер бар экенин бышыктаганы менен микрофонго ачык сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Муну өздөрүнө, же жакындарына залалы тийип калышы ыктымалдыгы менен түшүндүрүштү.

Айылдык кеңештин ишин жакшы билген, бирок атын жашырып маектешүүгө макул болгондор болду. Алардын бири Дилмурат Акпаралиевди өзүмбилемдикке барып жатат деп айыптады:

- “Дикини” элдин баары эле жакшы билет. Ал соттолгон, түрмөгө дагы отуруп чыккан. Азыркы күндө депутат, айылдык кеңеште төрага. Элди, депутаттарды коркутуп эле башкарып жатат. Ала-Бука районунда өзгөрүүлөр жок. Көп эле депутаттар иштер алга жылбай жатат, коркутуп жатат деп эле айтышат. Тендерлерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар бар. Күчтүү, ишти билген компаниялар иштебей жатат. Алар менен акчаны бөлүшүп жеп жатышат. Булар жасаган иштер бир жылга жетпей эле бузулуп-талкаланып калып жатат. Мурда булар элден “доля” жыйнап жүрүшкөн. Бир аз жыл мурун эле элден “доля” жыйнап жүргөн баланы бюджетке, өкмөткө өзүбүз шайлап алдык. Азыр болсо ал баарын коркутуп башкарып алды.

Дагы бир жергиликтүү активисттин айтымында, Дилмурат Акпаралиев кадр маселелерине да ачык эле кийлигишет. Аким баштаган жергиликтүү аткаминерлердин баары анын жеке кийлигишүүсү менен дайындалат:

- Мисалы, “Дики” алып келген кадрлар өз билгенин жасап жатат. Ал акимди, анын орун басарын алып келди. Айыл өкмөт башчысы, анын орун басары, жооптуу катчы дагы ошонун кишилери. Башкы архитектор да, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү баары ушунун айтканын айткандай, дегенин дегендей кылат. Же ошолордун баары ишин түзүк жасай албайт. Мисалы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кылып Чынар деген жаш кызды дайындашты. Ал билим берүү тармагында буга чейин иштеген эмес жана квалификациясы, адистиги дагы туура келбейт.

“Дики”

Дилмурат Акпаралиев былтыр парламенттик шайлоо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 57-орунда турган. “Азаттык” ал тууралуу жазып чыккандан кийин тизмеден чыгарылган.

Күч органдарынын маалыматы боюнча, алгач 1998-жылы “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иш козголгон. Болгондо дагы өзүнүн чоң атасынын коюн уурдаганы айтылып, ал айылда чоң сөз жараткан.

Бир жылдан кийин эле “зордуктоо” боюнча айыпталып соттолгон. 2010-жылы “опузалап акча талап кылуу”, 2011-жылы “мыйзамсыз курал сактоо” боюнча айып тагылып, кылмыш иштер козголгон. 2011-жылы “караларга” каршы күрөш активдүү жүрө баштаганда камакка алынган.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ал кылмыш дүйнөсүндө “Дики” деген каймана ат менен таанымал экенин, Ала-Буканы эле эмес, Чаткал, Аксыны да кошо тескерин, “положенец” деген наамы бар экенин расмий билдирген. Бирок бир жыл өтпөй эле кандайдыр бир себептер менен соттолгону жоюлуп, кылмыш иштер токтогон. Баштапкы Дооронов деген фамилиясын Акпаралиев деп өзгөртүп алып айылдык кеңешке шайлоого катышкан. Анын кандайдыр бир жагдайлар менен соттолгонунун жоюлганы, кылмыш иштеринин токтогонун жогорку бийликтеги таасирлүү адамдар менен байланышы бардыгы менен да түшүндүрүлгөн. Бул сөздөр ал 2015-жылы бийликтеги Социал-демократтар партиясынын тизмесине киргени белгилүү болгондо ого бетер күчөгөн.

"Эл өзү суранып депутат болгом"

Биз бардык дооматтар тууралуу Дилмурат Акпаралиевдин өзүнөн комментарий алдык. Ал эки жолу соттолуп чыкканын мойнуна алды, бирок айылдык кеңештин төрагасы кызматына байланыштуу айтылгандарды негизсиз деп атады:

- Соттолгонум чын, ал болгон. Жаштык кезде адашуу болгон. Соттон акталганым тууралуу кагаздары бар. Ал эми “положенец” деген жөн эле сөздөр. Өзүңүз деле бул кылмыш дүйнөсүн жакшы билсеңиз керек, эгер ошондой болсо анда азыркыдай иштегениме туура келбейт эле. Ал наамды мага уюшулган адамдар гана тагып койгон. Бул – саясий оюндар. Азыр спортчулардын атын булгап, аларды “каралар” менен алмаштырып коюп жатышат. Мен Бишкекте олимпиадалык резерв мектебинде окугам. Азыркы күндө Ала-Букада Грек-рим күрөшү федерациясынын президентимин. Бул жердеги балдар менен тыгыз иштейбиз. Баягы "беш кол тең эмес" экен, бирөө жакшы дейт, дагы бири жаман дейт. Балким бирөөлөргө жакпайттырмын, бирөөгө жагат чыгармын. Депутат болушумду эл өзү суранган. "Жашсың, спорт менен алектенип жүрөсүң, мүмкүн болсо бизге иштеп бер" дешкен. Анан ар кандай сөздөр айтыла берет экен. Адамдын душманы адам да.

Дилмурат Акпаралиев "айылдык кеңештин сессиясын каалаганда өткөрөт, кесиптештерине басым жасайт, көмүскө таасири чоң" деген сөздөрдү дагы четке какты. Жогорку бийликте таасирлүү аткаминерлер арасында колдоочулары бар деген сөздү негизсиз деп билдирди:

- Кайсы бир адамдар такай эле ушундай сөздөрдү чыгарат. Эми бул жерде мыйзам бар, баарыбыз мыйзамга баш ийебиз да. Азыр мурунку заман өтүп кеткен. Азыр бизде демократия. Тийиштүү органдар бар. Коркутат, басынтат деген жок. Бул жөн эле сөз. Кааласаңар сессияга деле келип катышсаңар болот. Мени Исхак Пирматов, Азиз Турсунбаев менен байланышы бар деп да айтышат. Алар биздин агаларыбыз. Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаттары. Биз аларды ага катары сыйлайбыз. Районубуздун кулундары. Кандай иш болбосун көмөктөрүн көрсөтүп, салым кошуп, жардам берип жүргөн агаларыбыз. Аларды тааныбайбыз, билбейбиз деп айтуу туура эмес. Эгер кимдир бирөө менен эле сүйлөшүп калсаң, жолуксаң эле ушулар менен бирге экен, чогуу экен деген сөздөрү чыгарышат. Тендер боюнча айта кетсем, биздин тендерлерге эч кандай тиешебиз жок. Ар квартал сайын бюджетти карап беребиз, акчанын жумшалышын көзөмөлдөйбүз. Тендер өткөрө турган комиссияны түзүп беребиз. Кадр маселелери болсо бул жерде эле чечиле турган маселе эмес. Ар бир тармактын өз министрлиги бар. Баарын эле чече бергидей мен эми кудай эмесмин го.

Акпаралиевдин быйыл салынган үйү
Акпаралиевдин быйыл салынган үйү

Биз Акпаралиевдин Сары-Талаа айылына быйыл салынган талаштуу хан сарайынын таржымалын дагы сурадык. Анын киреше булагына кызыктык:

- Мен үйүм салынган жерди алганыма он жыл болду. Документтерин деле карап көрсөңөр болот. Мен бир тууган агам болуп үй-бүлөбүз менен Орусияга көчүп кеткенбиз. Биздин негизги бизнестерибиз ошол жакта. Биз үй-бүлөбүз менен ошол жакта иштегенбиз. Азыр бир тууган агам, карындашым ошол жакта иштейт. Дүкөн, цехтерибиз бар. Киреше ошол жактан келет. Бул үйдү баштагыныма деле 4-5 жыл болуп калды.

Ала-Бука районунун прокурору Арсланбек Байбосунов Дилмурат Акпаралиев тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

- Ал депутаттыкка койгондо биз дагы маалымат бергенбиз. Ала-Бука райондук соту тарабынан дагы соттолгону жоюлган деп тактама берилген. “Зордуктоо” боюнча мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу соттуулугу жоюлган. Экинчи соттуулугу боюнча сот тарабынан акталган. Мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөнү боюнча дагы акталган. Эми бул 2012-жылы болгон окуя экен. Ошондон бери Ала-Бука райондук күч органдары тарабынан Дилмурат Акпаралиев кылмыш жообуна тартылган эмес.

Прокурор Арсланбек Байбосунов айылдык кеңештин ишинде мыйзам бузуу болбогонун, тендерлер тууралуу кылмыш иштер дээрлик козголбогонун кошумчалады:

- Биз айылдык кеңештин чечимдеринин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алып турабыз. Ала-Бука айылдык кеңештин акыркы сессиясы үч-төрт ай мурун болгон. Быйыл биз алардын чечимдерин мыйзамсыз деп тапкан учур болгон жок. Эми жергиликтүү кеңештин депутаттары каражаттарды мыйзамдын негизинде эле бөлүштүрүп жатат. Кептин баары анын сарпталышында болуп жатат. Эң негизгиси Эсеп палатасынын ак ниет текшерүүсү керек болуп турат. Бирок азыр бизде, биз текшерген маалда көйгөйлүү деле мыйзам бузуу жок. Былтыр тендер боюнча бир гана иш козголгон. Балдардын тамак-ашына деп бөлүнгөн 6 миллион 900 миң сомдун бир миллион сому тендери жок эле түз которулуп кеткен. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске ылайык, айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызмат адамына 10 миң сом айып салынган.

Ал арада айылда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мындан башка деле нааразылык көп. Ала-Бука айылынын беш балалуу тургуну Анарбү Мамасадыкова бир канча жылдан бери үй салганга жер алалбай жүрөт. Анын айтымында, жер муктаждарга эмес, негизинен тааныш-билиштерге берилип жатат:

- Үй маселеси менен өмүр бою кыйналдым. Жер алам дегенден бери эле 15 жыл өтүп кетиптир. Улуу балам үйлөнгөндө өкмөт келип балам үйлөндү, жер бергиле деп арыз жаздым. Кезекке коюп коюшту. Кийин барсам ал кезектин тизмеси жоголуп кетти деди. Анан өкмөттөн жер трансформация болсо кезексиз берели дешкен. Бирок кечээ жер берилгенде мага эч нерсе тийген жок. Мейли эми, баарына тегиз жетпейт деп ага деле макул болсок, биздин маале башчыбыз Анипа Хайдарова жалгыз баласына жер алыптыр. Демек жерди колунда барлар, бийликте отургандар алат экен да. Биздей жарандарга болсо эч нерсе жок. Айыл өкмөт түшүндүрмө берген жок, жоктон башка эч нерсе айткан жок.

Дагы бир жергиликтүү тургун Назира Кудайбердиева бир канча жылдан бери балдар ойной турган аянт маселесин чече алышпай жүргөнүн айтып берди:

- Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына бала бакча курабыз деп эч эле кура албай жатабыз. Себеби ал жерде маале комитети кызы менен дарыкана куруп алган. Артына болсо аксакалдар сотунун төрайымы болгон эже ашкана салып, короо кылып тосуп алган. Биз бул жерди балдар ойной турган аянт кылалы, бул жер бизге ыңгайлуу, балдар таштанды жакка барып ойноп жатат деп өкмөткө бир канча жолу бардык. Үч үйдө 40-50дөй бала жашайт. Алар ойной турган жер жок. Ошол жерге дарыкана коюп алган маале комитети башка мааледегилерге бизге аптека керек деп кол койдуруп, акимге кирип ал жерди бошотпой жатат. Биз ошол жердин тургуну катары укугубуз тебеленип жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бюджеттеги каражат максаттуу жумшалып жатат дегени менен, Ала-Букада андан сырткары борбордук базардагы ирээтсиздик, жол чекесиндеги сызыктардын сакталбашы, сейил бакка чейин кирип кеткен башаламан курулуш өңдүү проблемалар дагы бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG