Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:05

Каракол: КСДП депутаты чоң муштумбу?


Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Тууганбек Чолпонбаевдин жүрүм-турумуна байланыштуу нааразылыктар айтылууда.

Шаардык кеңештин акыркы жыйынына катышкандар анын ачык эле башка кесиптештерин кемсинткенине, орой сөздөр менен тилдегенине күбө болушкан.

Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, Чолпонбаев убагында уюшма кылмыш топко катышы бар деп милициянын оперативдүү тизмесинде да болгон.

Каракол шаардык кеңешинин соңку сессиясы 30-сентябрда болгон. Ачык жыйынга катышкан, өзүн Мурат деп тааныштырган жергиликтүү тургун анда Социал-демократтар фракциясынын депутаты Тууганбек Чолпонбаевдин этикага жатпаган жүрүм-туруму тууралуу буларды айтып берди:

- Ушул сессияга катышканда мен таң калдым. Депутаттардын арасында “каралар” менен аралашып жүргөндөр да бар экен. Эми биздин шаар кичинекей да, кимдин эмне менен алек болгонун, кимдер менен жүргөнүн билебиз. Тууганбек Чолпонбаев сессияда этикага туура келбеген сөздөр менен сөгүп, кыйкырып-өкүрүп жатканына күбө болдум. Бийликтин партиясы ушундай адамды кантип депутат кылганына түшүнбөйсүң. Депутаттарды кол көтөргүлө, бул маселени, тиги маселени киргизгиле деп башкарып, коркутуп алганы байкалып турду.

Бул айтылгандарды шаардык кеңештин айрым депутаттары дагы бышыктады, атүгүл Тууганбек Чолпонбаевдин кол көтөргөн учурлары болгонун да билдиришти. Бирок өмүрлөрүнө коркунуч туулуп калышы ыктымал деп ачык айтып берүүдөн чочулашты.

Тууганбек Чолпонбаев 40 жашта. “Күрмөнтүцемент” ишканасынын башкармалыгынын башчысы. Ички иштер министрлигиндеги “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, ал уюшма кылмыш топторго жакындыгы бар деп милициянын оперативдүү тизмесинде да турган.

- Ушул сессияга катышканда мен таң калдым. Депутаттардын арасында “каралар” менен аралашып жүргөндөр да бар экен. Эми биздин шаар кичинекей да, кимдин эмне менен алек болгонун, кимдер менен жүргөнүн билебиз.

Биз Чолпонбаев менен байланышып айтылган дооматтар боюнча өзүнөн комментарий ала алган жокпуз. Шаардык кеңештин төрагасы, “Табылга” фракциясынын депутаты Эрлан Айсаракунов сессияда кайым айтышууну кадимки көрүнүш деп түшүндүрдү:

- Эми депутаттар арасында ызы-чуу боло берет. Фракция-фракция болуп бөлүнүп сүйлөшүп, ызы-чуу түшөт. Эми анчалык деле ашыкча нерселер болбойт. Эгер болсо этика боюнча комитетте карайбыз. БШКга, аймактык шайлоо участкасына кайрылсак болот.

Шаардык кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Бейшен Сабатаров Чолпонбаевди жакшы тааныйт экен. Анын ынандырышынча, кесиптеши чектен чыкпайт:

- Мен аны кичинекей кезинен бери эле тааныйм. Баарын түз айтып көнгөн бала. 10-сессияда деле жакшы эле сүйлөштүк. Ошол жердеги эжелер деле “ай, сен койсоңчу, балдарды иштетпейсиңби”, деп жакшы эле айтышты. Эми ушундай учурлар кичине-кичине болот да, түз жүргөн эч ким жок да. Ал өзү бетке айткан бала, спортчу. Мен да спортчумун, биз спортчулар кыйшың-мыйшың дегенди билбейбиз да. Түз айткан айрымдарга жакпайт экен. Эми ал андай деле катуу кетпеген жигит, анан калса азыр беш маал намаз да окуп калды. Анын каймана аты “Тоша”. Анан кээде “Ай, Тоша, туура эмес кылып жатасың” деп мен деле айтам.

Социал-демократтар партиясынын депутаты Тууганбек Чолпонбаев бул партияга качан мүчө болгон, шаардык кеңешке шайлоодо тизмеге кантип илингенин териштирип-суроо аракетибизден майнап чыккан жок. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев аны тааныбай турганын айтты:

- Мен аны тааныбайт экем. Мындай маалыматты сизден угуп жатам. Эми мындайларга негизи мыйзам чегинде эле чара көрүү керек. Арыз берилсе көзөмөлгө алынат да. Партиянын саясий кеңешинен караса болот. Азырынча эми андай арыз түшкөн жок да. Мен айылдык, райондук кеңештерде да депутат, төрага болгом. Мындай нерселерди уккан эмесмин. Ар кайсы партиядан болгон күндө деле бир кеңеште иштеп жаткандан кийин бири-бири менен сый мамиледе болгон эле жакшы да. Ошондо иш алдыга жылат.

- Мен аны кичинекей кезинен бери эле тааныйм. Баарын түз айтып көнгөн бала. 10-сессияда деле жакшы эле сүйлөштүк. Ошол жердеги эжелер деле “ай, сен койсоңчу, балдарды иштетпейсиңби”, деп жакшы эле айтышты.
Бейшен Сабатаров

Социал-демократтар партиясынын дагы бир өкүлү Ринат Самудинов арыз түшсө териштирилет деп ишендирди:

- Эгер чынында эле “караларга” тиешеси болсо, туура эмес иштерди кылса анда бул сөзсүз түрдө партиянын ичинде каралчу маселе. Саясий кеңеште көтөрүлөт. Муну эми изилдеш керек. Анткени саясий оппоненттеринин жалган жалаасыбы же чынында эле ошондойбу деп такташ керек. Биз азыр криминалга, туура эмес күчтөргө каршы күрөшүп жатсак, арабызда мындай адамдар болбошу керек да. Бирок эми арабызда ар кандай учурлар болуп жатат. Эми бул адам боюнча тастыктамайынча бир нерсе айтуу кыйын. Эгер айтылгандар далилденсе анда анын маселеси каралат.

Социал-демократтар партиясынын талапкерлери арасында буга чейин уюшма кылмыш топ менен байланышы бар адамдар болгон.

Былтыр парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде 57-орундагы Дилмурат Акпаралиевдин баштапкы фамилиясы Дооронов болчу. Ал 2011-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы катары камакка алынган жана кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү эле. Милиция аны Жалал-Абаддагы Ала-Бука жана Чаткал райондорун тескеген, кримчөйрөнүн тили менен айтканда, “положенец” экенин жарыялаган. Бирок кандайдыр бир себептер менен камактан бошоп, Ала-Бука райондук кеңешке депутат болуп шайланган жана төрагалык кызматка чейин жеткен. Андан мурдараак Дилмурат Акпаралиев “зордуктоо” жана “карактоо” боюнча да айыпталып, эки ирет соттолуп чыккан. “Азаттык” Акпаралиев тууралуу жазып чыккандан кийин ал партиянын тизмесинен чыгарылган эле.

XS
SM
MD
LG