Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Орусия Мурсалим Өмүрзаковду депортациялоо чечимин кабыл алганы айтылууда


Мурсалим Өмүрзаков. Москва, 1-июнь, 2015-жыл.
Мурсалим Өмүрзаков. Москва, 1-июнь, 2015-жыл.

Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Орусиядан депортациялоо чечими кабыл алынганы айтылууда. Ага орусиялык күч кызматкери бул чечимди окуп берип жаткан ыкчам видео бүгүн интернетке тарады. Анда орус Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча Өмүрзаков бул өлкөнүн аймагында калбоосу керектиги, эгер аткарбаса Орусияга кирүү укугунан таптакыр ажырай тургандыгы эскертилет.

2013-жылы Өмүрзаков Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт деген айып менен кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Эки жылдан кийин бошонгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу боштондукка чыкканын билдирген.

Ошол эле 2015-жылы кайрадан Орусиянын аймагында кыргыз жана орус милициясы бирге жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Москванын “Строймастер” базарынын жанынан колго түшкөн. Кармоо учурунда андан маңзат табылган.

Өмүрзаковдун Орусиядан депортацияланышы боюнча кыргыз тарап азырынча комментарий бере элек.

Жакында "Азаттыктын" Орусияда кыргызстандык мигранттарга кысым көрсөткөн кылмыштуу топтор, анын арасында Өмүрзаков тууралуу суроосуна жооп берип жатып КМШ мамлекеттеринин уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун жетекчи орун басары Аскат Алиев "Буга чейин уюшкан кылмыштуулук боюнча абал оор болчу. Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте аткарылган иштин жыйынтыгында кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кармалып, абакта отурушат. Эки чоң уюшкан кылмыштуу топту чачыраттык десек болот, бир тобу издөөгө алынды. Мурда жарандар алардын үстүнөн арыз жазчу эмес, полицияга барчу эмес. 2012-2013-жылы ишкерди токойго алып чыгып, мыкаачылык менен өлтүргөн факты болгон. Азыр андай жок" деп жооп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG